МАНАСТЫН ЖЕЛЕСИ
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАСТЫН ЖЕЛЕСИ — Манас жана анын кырк чоросу ат байлаган жер. Токтогул районунундагы Желе-Терек кыштагында (Фрунзе атындагы к-з). Элдик уламыш боюнча бул жерде Манас кырк чоросу менен Анжыян тарапка өтүп баратып эс алчу экен.