МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Кытайдын батышындагы дарыя. Чыгыш Тянь-Шандын түндүк капталындагы дарыялардын эң ириси. Ирен-Хабырга массивиндеги мөңгүлөрдөн башталат. Башталышында терең жана кууш капчыгайлар, ортоңку жана төмөнкү агымында Жунгар түздүгү аркылуу өтүп, Манас (Ихэ-Хак) көлүнө куят. Уз. 402 км, 20-кылымдын 40-жылдарына чейин Айран-Көлгө куйган. Сугатка пайдаланылат. МАНАС, Манса, Маниса, Манас — топоним. Орто Азияда ошондой кылымдарда жайгашкан бийик тоолу өлкөнүн ысмы. . Фарс тилинде жазылган «Худад ал Аламда» жолугат (10-к.). Анонимдик автордун бул эмгеги боюнча Манса эбегейсиз зор, көп тармактуу залкар тоо системасы. Манса түштүктө Тибеттен башталып, түндүктө «Тараз менен Шелжинин» (азыркы Талас өрөөнүнүн орто бөлүгү) чегине, батышта Туран ойдуңунан, чыгышта Кытайга чейин созулат. Тоо системасынын чыгыш жагы Тафкан, борбордук бөлүгү Игражарт, түштүк тарабы Буттем деп аталган. Мансанын айрым тармактары кыргыздардын өлкөсүн көздөй да бет алган.
Маниса тоо системасынын негизги бөлүгүн азыркы кыргыз жергесинин Ала-Тоосу алып турган. Талас Ала-Тоосунун бийик чокусу — Манас (Манас-Ата) илгерки Маниса топониминин өзгөргөн формасы (А. Н. Бернштам, 1947) же тескерисинче, Мансанын (Маниса) өзү андан мурунку Манас ысмынын араб жазуусунун тыбыштык системасынын бир мүчүлүштүк көрүнүшү деп каралышы мүмкүн.
С. Өмүрзаков