МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Казакстан аймагындагы тоолуу жер, жайлоо. Эртиш дарыясынын баш жагында, ландшафты шалбалуу талаа. Жергиликтүү элдин айтымында топоним Манас доорунан калган эстелик. Эпостогу белгилүү көп окуялар Эртиш дарыясынын чөлкөмүндө өткөн. Жердин атынын Манаска тиешеси бар экенин Ч. Валиханов да ырастайт (1860).