МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Өзбекстандын Самаркан жана Сурхан дарыя обл-тарында жайгашкан канал. Зарафшан дарыясынын чөлкөмүндө, биздин заманга чейин биринчи миң жылдыкта курулган. Зарафшан дарыясынан чыгарылган канал 300 кмге созулуп, анын суусу менен Зарафшан жана Каршы өрөөндөрүнүн кургак талаа, чөлдөрү сугарылган. Ал ошондой кылымдарда, Тимурдун убагында да ирригациялык маанисин жоготкон эмес. Совет бийлигинин тушунда канал кайра курулуп, кеңейтилген. Каналдын нугу менен секундасына 453 м суу агат. Топоним Манас атанын ысмына байланыштуу аталган болуу керек.
МАНАС — топоним. Сокулук районунундагы Ат-Башы айыл советине караштуу кыштак. Ат-Башы дыйканчылык өндүрүш заводунун аймагыңда, Бишкек —«Манас» аэропорту автомобилдик жолунун боюнда. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 40 км түндүк-чыгыш тарапта. 1950-ж. негизделген. Калкы 3473 (1987); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенишет. Орто мектеп, амбулатория, балдар бакчасы, маданият үйү, китепкана бар. Үй канаттуулар заводу, өрдөк фабрикасы иштейт.