МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — Индиядагы улуттук парк жана ага чектеш Бутан өлкөсүндөгү корук (заповедник). Индиядагы парк 1928-ж. негизделген, аянты миң га. Бутандагы корук 1966-ж. түзүлүп, аянты 41,9 миң га жерди ээлейт. Гималай тоосунун түштүк бетиндеги Манас өзөнү агып өткөн өрөөн тропикалык токойго бай болуп парк менен корук үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн. Ар түрдүү айбанаттар [жолборс, индия носорогу (керик), жана башкалар] көп өстүрүлгөн.