МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Талас облусунун Манас районунундагы Май айыл советине караштуу кыштак. «Манас» совхозунун аймагында, Кызыл-Адыр тоосунун этегинде жайгашкан. Райондун борбору Покровка кыштагынан 23 км батыш тарапта. 1925-ж. негизделген. Калкы 601 (1986), негизинен тамеки өстүрүүдө эмгектенишет. Башталгыч мектеп, китепкана бар.