Энциклопедия "Манас". ч.1.
«МАНАСТЫ» ЖЫЙНОО — тиешелүү мекемелерде сактоо, иликтөө, жарыялоо максаты менен эпосту эл оозунан жазып алуу. Кыргыз жергесине келген окумуштуулардын көпчүлүгү кыргыз элинин үрп-адаты менен оозеки чыгармачылыгына, өзгөчө «Манас» эпосуна аябагандай кызыгышкан. «Манас» эпосу жөнүндө биринчи жолу «Мажму ат-таварихте» эскерилет.
Казак окумуштуусу Ч. Валиханов кыргыз жерине үч жолу келген (1856, 1857, 1858). Ал саякаттарында кыргыз элинин оозеки адабиятын, тарыхын, этнографиясын изилдеген. «Манас» эпосунан «Көкөтөйдүн ашы» эпизодун жазып алып, жарыялаган.
В. В. Радлов кыргыздарга үч жолу келип кеткен (1862, 1864, 1869). «Манас» эпопеясынын үч бөлүмүн тең жазып алып, 1885-ж. кыргызчасы орус алфавитинин транскрипциясы менен Санкт-Петербургда, немисчеси өзүнүн котормосунда Лейпцигде жарык көргөн. «Манас» эпосунун В. В. Радлов жазып алган текстинин жалпы көлөмү 12454 сап ыр, анын 9449 сабы «Манас» эпосуна, калган 3005 сабы «Семетей» менен «Сейтек» эпосуна таандык. 1925-ж. Москвадагы СССР элдеринин борбордук басмасынан «Семетейден бир бөлүм» (Тыныбек жомокчунуку) деген китеп араб ариби менен жарык көргөн. Китепти басмага Эшеналы Арабай уулу даярдап, ага баш сөз жазган. Чындыгында эле китептин тексти Тыныбектики болсо анда ал жомокчунун көзү тирүүсүндө (ал 1902-ж. өлгөн) жазылган болот. Тексттин качан, ким тарабынан жазылып алынганы да көрсөтүлбөгөн. Тыныбектин өзүнүн эскерүүсүндө 1898-ж. Нарын участковою «Манас», «Семетейди» жазып бер деп буюрганда «Семетейден» айрым үзүндүлөрдү жаздырып берген. Мүмкүн, китеп ошол тексттен алынып басылган болушу да ыктымал.
1903-ж. Орус географиялык коому тарабынан уюштурган илимий комплекстүү экспедиция менен кыргыз жергесине сүрөтчү Б. В. Смирнов, этнограф А. Г. Белинский келген. Б. В. Смирнов Чүй боорунда кыякчы жана жомокчу Кенже Карага жолугат. Кенже Каранын айтуусунда «Семетейден» үзүндү жазып, аны 1914-ж. кара сөз түрүндө орусча которот. да, «Түркстандын талааларында» аттуу китебине чыгарат. Жазылган үзүндүдө «Семетейдин Айчүрөктү издеп чыкканы» окуясы баяндалат. Смирнов Кенже Каранын үнүн фоножазууга да жазып алган.
Будапештте чыгуучу «Keleti Szemle» журналынын 1911-жылдагы 12-номерине мажар окумуштуусу Д. Алмаши «Манастын өлүмү», «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген ат менен эпостон чакан үзүндү жарыялап, текстке түшүндүрмө берген. Жарыяланган үзүндү 73 сап ырдан турат. Окумуштуу үзүндүнү Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарынколдун аймагындагы кыргыздардан жазып алган. «М.» ж. иши совет доорунда гана кеңири колго алынды. «Манастын» текстин көркөм чыгарма катары таанып, жазып алууга киришкен алгачкылардын бири — Каюм Мифтаков. Ал 1922-ж. манасчы Сагымбайдын айтуусунда «Манас» эпосун кагаз бетине түшүрө баштап, бир нече гана барак жазып алган. К. Мифтаковдон кийин Сагымбайдан «Манасты» жазып алууну Ыбырайым Абдыракманов уланткан.
Ы. Абдыракмановдун «Манасты» жазып алууда жана аны тартипке келтирүүдө сиңирген эмгеги зор. Ы. Абдыракманов «Манасты» жазып алуу үчүн манасчынын жанында 1922-ж. жай айларынан баштап 1926-ж. августка чейин төрт жыл жүрүп, эпостун «Манас» бөлүгүн гана кагаз бетине түшүргөн (180378 сап).
30-жылдардын башында республикада атайын илимий мекеменин уюштурулушу, «Манасты» жазуу иши биринчи жолу илимий принципте жүргүзүлө баштаган. Ар кыл кесиптеги жана жаштагы, илимий деңгээли да ар кыл адамдар катышкан бул иштин жүрүшүндө республикадагы илимий деңгээлге байланыштуу көпчүлүк учурларда илимий принциптер сакталбай да калган.
Саякбай Карала уулунун айтуусунда эпосту толук жазып алуу ишин К. Жумабаев, Ы. Абдыракманов. Ж. Рисов жана К. Кыдырбаева 1930-жылдан 1947-ж. апрелге чейин ар кайсы учурларда ишке ашырышкан. Бул мезгилде манасчыдан 500553 сап ыр көлөмүндөгү материал кагаз бетине түшүрүлгөн («Манас» 84513, «Семетей» 316157, «Сейтек» 84697, «Кенен», «Алымсарык», «Кулансарык» 15186 сап ыр). 1935-ж. башталган Шапак Рысменде уулунан эпосту жазуу ишине О. Кыштообаев, К. Кыдырбаева, Т. Байжиев катышып, эпос толук жазылып алынган (46671 сап ыр). 1944—45-ж. С. Байсалов, А. Тайкүрөңов, Ы. Абдыракманов Молдобасан Мусулманкул уулунан эпостун бардык эпизоддорун кыскача жазышкан (57688 сап ыр). 1938—40-ж. Т. Абдыракунов, М. Багышев, И. Мусаев Ба гыш Сазан уулунун вариантын жазып алууну ишке ашырышкан (41140 сап ыр).

Шапак Рысменде уулунан Ыбырайым Абдыракман уулу «Манасты» жазып алууда, 1940</b>.
Шапак Рысменде уулунан Ыбырайым Абдыракман уулу «Манасты» жазып алууда, 1940.
1937 — 39-ж. Тоголок Молдо өз вариантын (48492 сап ыр) жазып, фондуга тапшырган. Ыбырайым Абдыракман уулунун вариантында эпостун бардык негизги окуялары кыска берилген (14380 сап ыр). 1960 — 70-жылдарда «Манас» секторунун кызматкерлери тарабынан Мамбет Чокмор уулунан эпостун үч бөлүмү тең жазылып алынган («Манас» бөлүмү 103090 сап ыр). Эпостун 2—3-бөлүмдөрү жана үч бөлүмдүн айрым эпизоддору көптөгөн айтуучулардан жазылып алынган. «Манасты» жазууда Тил жана адабият институту, анын тутумунда ар жылдары ар кандай наам менен иштеп келген «Манас» сектору (к. «Манас» бөлүмү) көп иш аткарган. «Манас» бөлүмүнүн кызматкерлери фольклордук экспедицияларга чыгышып, эпосту жыйноону улантышууда. «МАНАСТЫ» ИЗИЛДӨӨНҮН ТАРЫХЫ. Эпосту илимий изилдөө өткөн кылымдын экинчи жарымынан башталып, манастаануу илими калыптанып, өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болду.
«Манас» эпосуна биринчи илимий пикир айтып, чыгарманын үзүндүлөрүн кагаз бетине түшүргөн адам Ч. Валиханов болгон. Окумуштуу «Манас» эпосунун салттык туруктуу окуяларынын бири «Көкөтөйдүн ашын» жазып алып, анын зор көркөм эстелик экендигин адилеттүү белгилеген. Чыгарманын биринчи бөлүгү менен таанышкан, «Семетейди» буруттардын «Одиссеясы» деп атап, «Манас» эпосу ногой дооруна таандык деп, эпостун жаралыш мезгили жөнүндө да алгач пикир айткан.
«Манас» эпосу менен кеңири таанышып, чыгарманын бардык окуяларын кагазга түшүрүүгө аракет жасап, кеңири илимий мүнөздө талдоо жүргүзүүгө ниеттенген белгилүү окумуштуу В. В. Радлов болгон. Эгер кыргыз жергесине Ч. Валиханов өткөн кылымдын 50-жылдарында келсе, В. В. Радлов 60-жылдары эки ирет болгон. В. В. Радлов жазып алган тексттер «Манас» эпосунун үч бөлүгүн камтыйт. Бул материалдар 1885-ж. окумуштуунун көп томдон турган «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» аттуу көп томдуу эмгегинин 5-томуна кыргыз, немец тилдеринде жарыяланган. Ырас, текстти жазып алууда кыйынчылыктар болгондугун окумуштуу өзү эскерип кеткен, тексттеги мүчүлүштөр да буга күбө. Радлов жазып алган материалдын илимий баалуулугу бөтөнчө зор. Баш сөзүндө бир катар илимий пикирлерин билдирген. Кыргыздарда сөз өнөрү, анын ичинде баатырдык эпос өзгөчө өнүккөндүгүн, эпостун бир катар олуттуу өзгөчөлүктөрүн туура байкап, адилеттүү баа берген. «Манас» эпосунун өзгөчө касиеттерин кыргыз элинин тарыхый жашоо турмушу менен тыгыз байланышта карап, манасчылардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, угуучу чөйрөнүн ролу өңдүү эпостун маанилүү маселелери боюнча айткан ой-пикирлери өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок.
Октябрь Революциясына чейин «Манас» эпосуна кайрылып, ал жөнүндө илимий пикир айткан дагы бир окумуштуу — Д. Алмаши. Ал 1911-ж. «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» аттуу эпизодду журналга жарыялап, ага комментарий берген. Комментарийде «Манас» эпосунун айрым орчундуу жерлери, ыр түзүлүшү, окуялары жөнүндө сөз болот. Окумуштуунун эпос менен жалпы мүнөздө тааныштыгы байкалат. «Манас» эпосун зор маданий эстелик катары кеңири планда илимий изилдөө иши советтик доорго таандык. Профессор П. Фалев «Кара кыргыздардын былинасы кандай курулат» (1922) деген макаласында «Манас» эпосунун айрым көркөм өзгөчөлүктөрү жөнүндө сөз кылат. Фалевдин байкоолору В. В. Радлов жазып алган материалдардын негизинде жүргүзүлгөн. «Манас» эпосунун тексттин байыркы Күлтегиндин эстелигиндеги жазмалар менен салыштырып, алардан окшоштуктарды көрөт. «Манас» эпосуна арналган биринчи фундаменталдуу илимий эмгекти М. Ошондой Ауэзов жазган. Окумуштуу «Кыргыздын элдик баатырдык позмасы "Манас"» аттуу эмгегинде чыгарманын көптөгөн мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө илимий жагдайда терең талдоо берген. М. Ауэзов 20-жылдардан тартып өмүрүнүн акырына чейин «Манас» эпосуна кызыгып, ой-пикирлерин айтып, манасчылардын чыгармачылыгы, чыгарманын сюжеттик курамы, образдык тутуму, көркөм формасы өңдүү эпостун негизги маселелерин кеңири илимий талдоодон өткөргөн. Ошондой эле «Манас» эпосунун жаралыш доору жөнүндө да окумуштуунун эске ала турган салмактуу көз карашы бар.


«Манас» эпосун изилдөө боюнча чыккан китептер.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө К. Рахматуллиндин эмгектерин («Манасчылар», «Улуу патриот, укмуштуу Манас») эске албай коюуга болбойт. Окумуштуу манасчылар жөнүндө көп материал жыйнап, алардын чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, бөтөнчө улуу манасчылар Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун варианттары боюнча баалуу пикирлер айткан.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө бөтөнчө орун В. М. Жирмунскийге таандык. Ал өзүнүн «"Манас" эпосун изилдөөгө киришүү» («Введение в изучении "Манаса"») аттуу эмгегинде тарыхый салыштырып изилдөө методун колдонуп, «Манас» эпосунун көптөгөн проблемаларын жогорку илимий деңгээлде иликтеп чыккан. Бөтөнчө «Манас» эпосунда кеңири учурап, дүйнөлүк эпосто салтка айланган жомоктук-фантастикалык мотивдерди салыштырып иликтейт да, эпостун сюжеттик курамына, образдар тутумуна, көркөм каражаттарына илимий талдоо жүргүзөт. Ошондой эле «Манас» эпосунун мазмунунан үч негизги катмарды көрүп, эпостун жаралыш доору боюнча да илимий негиздеги пикирин айтат.
«Манас» эпосун изилдөөгө арналган ар түрдүү мүнөздөгү, мазмундагы миңден ашуун эмгек бар. Анын ичинде Б. М. Юнусалиев, Р. 3. Кыдырбаева, С. Мусаев, Э. Абдылдаев, Р. Сарыпбековдордун эмгектерин бөтөнчө бөлүп көрсөтүүгө болот. Көркөмдүк жактан иштелип чыгып, эпостун курамынан орун алган сюжеттер, образдар, тарыхый окуялар, фактылар, аларды көркөм сүрөттөөнүн принциптери, эпостун жаралыш доору өңдүү масштабдуу проблемалар бул окумуштуулардын эмгектеринде бир кыйла кеңири жана ар тараптан изилденген. Эпосту илимий изилдөөдө «Манас» изилдөөчүлөр жалпы мүнөздөгү маселелерден конкреттүү, эпостун идеалык-мазмунун аныктай турган башкы проблемаларга өтө башташты. К. Кырбашев, М. Мамыров, А. Жайнакова, С. Бегалиев өңдүү окумуштуулар эпосту илимий изилдөөгө өз салымдарын кошууда.
«Манас» эпосун башка тилдерге которуу маселесине байланыштуу илимий ой-пикирлер өз кезегинде белгилүү советтик окумуштуу, котормочу Е. Д. Поливанов тарабынан ийгиликтүү башталган. Бирок, бул маселе кийинки жылдары окумуштуулардын көз жаздымында калып келе жатат.
Эпостун кыргыз элинин тарыхы, этнографиясы менен болгон байланышын А. Н. Бернштам, С. М. Абрамзон өңдүү советтик белгилүү окумуштуулар изилдешкен. Белгилүү кыргыз тарыхчысы Ө. Караев бул маселеге белсенип киришип жатат. «Манас» эпосун илимий изилдөөдө чыгарманын тексттерин басмадан чыгаруу зор мааниге ээ. Ушул күндө «Манас» эпосунун негизги варианттары боюнча китептердин (Сагымбай Орозбаковдун варианты — «Манас», 4 том; Саякбай Каралаевдин варианты — «Манас», 2 том; «Семетей», 2 том; «Сейтек») чыгып бүтүшү чоң маанилүү иш болду. Бул иште башкы редактор катары Ч. Айтматовдун да эмгеги зор. «Манас» эпосун орус тилине которуу иши негизинен ийгиликтүү жүрүп, СССР Илимдер акдемиясынын демилгеси менен Москвадан «СССР элдеринин эпосу» сериясынан «Манас» эпосунун төрт томдугу (Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча) чыга баштады.
Ошентип, «Манас» эпосун илимий изилдөө тарыхы негизинен бир кылымдан ашуун мезгилди камтыйт. Бул мезгилде эпостун көптөгөн олуттуу маселелери илимий изилденди. Бир катар чет өлкөлөрдө (КЭР, АКШ, Англия, Түркия, Франция, Германия, Венгрия жана башкалар)
«Манас» эпосун изилдеп жүргөн илимпоздор бар. Тилекке каршы алардын эмгектеринин көпчүлүгү менен кыргыз окурмандары тааныш эмес.
«Манас» эпосун илимий изилдөөдө зор ийгиликтер бар болгону менен эпоско байланыштуу көптөгөн маселелер, проблемалар кеңири илимий изилдөөгө муктаж. «Манас» бөлүмүнүн түзүлүшү менен «Манас» эпосун ар тараптан комплекстүү изилдөө иши колго алынууда.
С. Бегалиев