МАНАСТЫН КАЙРАГЫ
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАСТЫН КАЙРАГЫ — бир четинде «боо өткөргөн жери» деген тешиги бар чоң кайрак таш. Аксы районунундагы Жазы-Кечүү кыштагынан Бел-Мончок дабанынын наркы бетинде. Бул ташты эл ыйык тутуп, атам замандан бери бычактарын кайрап курчутуп жүрүшкөндүктөн анын эки капталы жешиле баштаган.