МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.МАНАС — топоним. Индиянын түндүк-чыгышы менен Бутандагы (башаты Кытайда) дарыя. Брахмапутранын оң куймасы. Уз. 400 км чамасында. Гималай тоолорунан башталат. Жаз — жай айларында кар, мөңгүнүн эришинен, муссон жамгырларынан суу кирип, ташкын пайда кылат. Сугатка пайдаланылат.