МАНАС
Энциклопедия "Манас". ч.1.«МАНАС» — «Манас» эпосу боюнча кара сөз түрүндө жазылган А. Жакыпбековдун романэпосу (Ф., 1992). Чыгарма манасчылар Сагымбай, Саякбай жана Жусуп Мамайдын варианттарынын негизинде жазылган. Анда эпостун окуяларынын өзөктүк нугу сакталып, анын мотивдери, эпизоддору автордук вариациялар менен берилген. Роман-эпостун 1-китебинин үзүндүлөрү К. Жусупов менен авторлош болуп республикалык газета-журналдарга жарыяланган.