Киргизско-русский словарь Юдахина
чал I
1. седой;
чал сакал имеющий бороду с проседью;
чал куйрук (о лошади) седохвостый;
чал баш аска перен. седоглавая скала;
2. (ср. карыя 1, абышка) старик;
кемпир-чалдар старики и старухи;
чалды-кемпир старик со старухой;
чал-чул см. чул;
чал жыгар сев. этн. свадебный обычай: пожилые родственницы невесты не выпускают её из дома родителей, требуя с отца жениха подарки (ср. айгыржыгар, см. айгыр).
чал- II
1. ударять сильным и резким ударом; дать подножку (в борьбе);
чалып жыкты он поборол, дав подножку;
"чамам келсе, чалсам" деп, "чалкасынан салсам" деп фольк. мол, если бы пришлось, ударил бы я (его), дав подножку, свалил бы навзничь;
чамасы келсе ушулар, чалганы жүрчү өзүмдү фольк. они при случае хотели сразить меня;
арстан алганына кубанбайт, чалганына кубанат погов. лев радуется не добытому, а сражённому (когда радует не трофей, а самый факт победы);
каман чалып өлтүргөн дикий кабан запорол;
2. захлёстывать;
канжыгага чал- приторачивать;
казык бош чалып байла- привязать прямым, растяжным узлом;
тегерете чал- обматывать (напр. кол верёвкой);
3. ист. резать (жертвенное животное);
ай туякка чал- зарезать в жертву лошадь;
ай мүйүзгө чал- зарезать в жертву корову;
айры өркөчкө чал- зарезать жертвенную верблюдицу;
4. осматривать, разведывать;
жол чалып кел- разведать путь;
конуш чалып кел- осмотреть стоянку;выбрать удобное для стоянки место;
кечүү чал- искать брод; выбирать удобное для брода место;
беттел душман келбеген, өндүрүн адам чалбаган фольк. (место, куда) враг не являлся, долину (которого) никто не разведывал;
5. играть (на ударном инструменте);
6. (о животном) щипать траву;
ат чалып алсын пусть лошадь пощиплет травы, пусть немного попасётся;
көк шиберден барт-барт чалып, айгыр оттоп турат жеребец пасётся, с хрустом пощипывая зелёную траву;
7. разбалтывая, подмешивать (напр. муку в жидкость, но не до густоты);
кымызга талкан чалып подмешав в кумыс толокна;
8. слегка касаясь, задевать;
бутанын өзүнө тийбей, чалып тийип жатышты (пули других) не попадая прямо в мишень, слегка задевали её;
мылтыгым оң жагына чалып тиет моё ружьё бьёт вправо;
көзү чалды ему бросилось в глаза; он заметил;
өтүп бара жаткан эки жөө кишини көзү чалды он заметил двух проходящих пешеходов;
суук көз чалбасын чтобы не коснулся недобрый взгляд;
ушундай табышмактуу сөздөрдү менин да ку-лагым чала калып жүрөт такие загадочные разговоры иногда доходят и до моего уха;
кайдагы балааны катындын кулагы чалат! чего только не услышит женское ухо!;
кызыл өңүн сур чалды фольк. его румяное лицо помрачнело (от гнева);
жүрөктү кайгы чалды на (его) сердце давит (горе);
кайгы чалган жүрөк горестное сердце;
ичин өрт чалды у него (от злобы) нутро загорелось;
бетин нур чалган его лицо посветлело;
орусча чалып сүйлөйт он говорит (напр. по-киргизски), сбиваясь на русский язык;
тамашага чал- обратить в шутку;
Адыл кебинин аягын тамашага чалды последние слова свои Адыл обратил в шутку;
сен сөзүңдү тамашага чалба ты не обращай свои слова в шутку; не прикидывайся, что пошутил;
карарган оозун заар чалды он скверно выразился;
күндүн мурду чалганда когда показались первые лучи солнца;
супу садык чалганда когда забрезжил рассвет;
телефон чал- позвонить по телефону.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Абышка, карыя, карып калган адам. Карабек лыпылдаган шайыр чалга карады (Каимов). Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул).
Чал-чабыр — кары-картаң. [Чалкалмак] чал-чабырын жиберип, тандап алып калып Табылды менен кармашайын деди («Эр Табылды»).
ЧАЛ II сын. Буурул. Чал сакал. Чал куйрук.
ЧАЛ III этиш. 1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү. Каарыма келе түштүм намыс кылып, Бир булкуп бастым жерге чалып туруп (Үмөталиев).
2. Жипти, узун тилке нерсени ж. б. имере ороо, оролто байлоо. Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле («Эр Төштүк»). Алты жаак айбалта, Билекке кынай чалды эми («Манас»).
3. Союу; жара тартуу. Арбагына Манастын Ак боз бээни чалды эми («Манас»). Кайран балбан өзүңдү Каман чалып өлтүрдү (Токтогул).
4. Байкоо, көрүү, чалгындоо. [Жолой] күндүзү бийик кырга, чокуларга чыгып, жол чала баштады (Жантөшев). Алдыртан чалып, айылдын сырын билип кайттым (Сыдыкбеков).
5. Оттоо. Аттардын шартылдатып чөп чалганы, бышкырыгы, жүгөндөрүнүн шарактаганы күңүрт угулат (Абдукаримов).
6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу. Сурма сыр аякка кымыз куюп талкандан чалды да, Карымшакка сунду (Байтемиров).
7. Комуз чертүү, чертиле турган инструментте ойноо. Келин-кыздын жанында Келтирип комуз чалган кез (Токтогул). Толгоп, толгоп күү чалам, Толкундатып үн салам (Турусбеков).
8. Кабылуу, туш келүү, басуу; чулгап калуу, каптоо. Булбулум туткун болду деп, Элиңдин жүрөгүн кайгы чалган жер (Аалы). Таң серпилип, Жерди жарык чалды (Сыдыкбеков). Чокуларын туман чалган кырка тоолор (Сасыкбаев).
Торой чалуу — буттун ич жагынан сыртын көздөй чалуу. Коюн колтук алуучу, Толорсугун тайдырып, Томуктан торой чалуучу (Тоголок Молдо). Кулагы чалуу — угуу, угуп калуу. [Ашым] алды жакта кобурашкан үндөрдү, аттардын дүбүртүн кулагы чалды (Каимов). Тамашага чалуу — тамашага шоотуу, тамашага бурууСен сөзүңдү тамашага чалба,— деди ал, тигинин көңүлүң өзүнө буруп (Сыдыкбеков). Чалып сүйлөө — акцент менен сүйлөө, буруп сүйлөө. Кээ учурларда кай бир сөздү кашкарлыкча чалып сүйлөгөнүң кандай? (Жантөшев). Башкага чалуу — башкага буруу. Барган сайын энеси сөздү тереңдетип бараткандыктан Татыбек башкага чалды (Байтемиров). Чынга чалуу — чынга айлануу. Шылдыңдар барып чынга чалды (Турусбеков). Талкандай чалуу — чакчелекей түшүрүү, кандайдыр бир ишти баш аламан кылуу. Ак чалган, көк ала чалган — чачына же сакалына ак кирген, көк ала сакал болгон. Ал абышка ак чалган чачтарын жылтылдатып топучан (Сыдыкбеков). Ортончусу булардын көк ала сакал чалыптыр («Эр Төштүк»). Көтөрө чалуу — көтөрүп сүйлөө, мактоо. [Мурат] өзүн көтөрө чалып сүйлөгөнүн.. эки кыз тең байкашты (Байтемиров). Телефон чалуу — телефон уруу, телефон аркылуу сүйлөшүү. Зикир чалуу — 1) зикир айтуу; 2) өт. тынбай үн чыгаруу, бакылдоо. Түн сакчысы болгонсуп кандайдыр бир жактан зикир чалган бабыргандын үнү угулду («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде чал сөзү абышка сөзүнө маанилеш болуп колдонулат. Байыркы түрк тилинде чал сөзү «ак, ак куба» маанисин берген (ДТС, 137). Ушундай мааниде азыркы түрк тилдеринин айрымдарында алиге айтылат. Маселен, татар, чуваш тилдеринде. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги чал куйрук деген учурда айтылганда, жылкынын куйругунда ак кылы бардыгы эске алынат. Ал эми карыган кишини чал деп айтуу анын чачы менен сакал-мурутунун агарып кетишине байланышкан. Азыр чал сакал, чал мурут деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок мурда чал куйрук деп айткан сыяктуу жогоркудай айтылыш мүмкүн болгон. Ошол тизмектин чал деген сөзү калып, сакал, мурут, чач сөздөрү түшүп, өңдү-түстү билдирген сөз адамдын өзүн билдирип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
не совсем, не вполне, кое-как;
бала, баланын иши чала погов. ребёнок, а ребячья работа кое-как (ребёнок, он по-ребячьи и сделает);
чала жан полуживой;
чала өлүк полумертвый;
чала сабаттуу малограмотный;
чала молдо полуграмотный; полуграмотный мулла;
чала молдо дин бузат погов. полуграмотный мулла веру портит (о недоучках);
ишиң чала твоя работа не доделана;
чалагайым или чала-кайым верхогляд; размазня;
чалагайым жинди придурковатый;
чала-була или чала-бучук или чала-моңол или чала-чарпы или чала-чарпыт (или чалачарпыт) кое-как, шаляй-валяй; кое-где;
чала-чарпыт (или чалачарпыт) жеринде кое-где, в некоторых местах;
чала-чарпы бүткөрүп өткөргүчө шашышат они спешат закончить кое-как и сдать;
чала-бучук, тийип качкан пикирлер то оттуда, то отсюда нахватанные мысли; беспорядочно нагромождённые мысли;
кыргызча котормосу чала-моңол киргизский перевод сделан кое-как;
чала-моңол угуп калдым я как-будто что-то слышал (но точно сказать не могу);
ит чала бурдап кетти собака слегка тяпнула (укусила, но не сильно);
ага чала болду! поделом ему!, ещё бы не так ему следовало!
чалагайым см. чала.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес. Кай бирин тургансыймын таанып чала (Үмөталиев). Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул).
2. Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат. Мырзабайдын үйү өрттөнгөндө: «зап гана болду! Аларга бул да чала..!» деп көп кишинин айтканын уктум (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес. Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат (макал). Кай бирин тургансыймын таанып чала (Үмөталиев). Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул). 2. Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат. Мырзабайдын үйү өрттөнгөндө: «ажап гана болду! Аларга бул да чала..!» деп көп кишинин айтканын уктум (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
чала-чарпы, чала-чарпыт, чала-моңол же чала-бучук — толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен.. чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). Түшүндүрөйүн деген оюмду чала-чарпы айттым (Жантөшев). Эргеш гана чала-моңол кат тааныйт (Жантөшев). Чала жан — араң эле жаны бар, өтө алсыз, чала өлүк. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Чала кайымчалагайым менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). В.: Чала-бучук. Жеңеси аркылуу кыз менен чала-бучук сөз илештирген жагдайым бар (Бейшеналиев). Көчөр, Сатарлар чала-бучук тааныш болуп калган жолдоштор менен да коштошушпады («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Араң эле жаны бар, өтө алсыз, өлөсөлүү, чала өлүк, эси ооп, эсинен танып калган абал. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Тепкиден ууккан чала жан Музооке жатат (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Араң эле жаны бар, өтө алсыз, өлөсөлүү, чала өлүк, эси ооп, эсинен танып калган абалда. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Тепкиден ууккан чала жан Музооке жатат (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от чала;
эчтекени ойлобос, - айланайын, балалык - төшөгүңдү булгайсың, - ушул ишиң чалалык стих. ни о чём ты не думаешь, милое детство; ты пачкаешь свою постель, с этим у тебя не совсем ладно;
менден бир чалалык кетти у меня получилось что-то не то (напр я что-л. не доделал, не так сделал, не так поступил и т.п.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кичине-кичине, бир аз, анча-мынча. - Сен айтчы? - деди Эдиге, чала моңол өңү жылуу учураган жаш уланга (Осмоналиев). Аскар түз карай албай тайсалдап, сөздү узартпоо максатында ооз учунан чала-моңол жооп кайтарды (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичине-кичине, бир аз, анча-мынча. – Сен айтчы? – деди Эдиге, чала моңол өңү жылуу учураган жаш уланга (Осмоналиев). Аскар түз карай албай тайсалдап, сөздү узартпоо максатында ооз учунан чала моңол жооп кайтарды (Исмаилов). Эргеш гана чала моңол кат тааныйт (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абал. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов). Иш жуп бүтөрдө чала өлтүргөн жыландай кылып таштап коюшту («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абалда калган. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
диал. Шым. Тери шым. Кырк баатырга кырк чалбар, Кылып койгон ишим бар («Манас»). [Куланбай] багелеги кең саймалуу сары күрөң чалбарын ушалаган болуп, малдаштокулган боюнча үңкүйүп көзүнүн үстү менен караганы болбосо, таарынгандай мурчуюп отуруп (Абакиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. косой клин ткани (вшивается в бока платья, халата и т.п.);
чалгайыңды курадыңбы? ты клинья вшила?
чалгайыңды түрүп алсаңчы ты подверни бока платья (или халата);
2. не прямо, в объезд, в обход, издалека, стороной;
жолдун чалгайы ошондой болуп, туура баралбай калдык так уж путь лежал, мы не могли ехать прямо (напр. прямая дорога плохая или нужно было куда-то заехать и т.п.);
жердин чалгайы ушундай местность такая (напр. не совсем ровная);
сөзүнүн чалгайы ушундай болуп калды он так уж вот сказал, не прямо, а намекая на что-то издалека;
чалгырты жүрчү көзүндө, чалгайы жүрчү сөзүндө фольк. в глазах у него было недоброе, в словах было уклончивое;
аягай-чалгай что-либо дополнительное, привходящее, не основное; прибавки-добавки;
өзү жетимиш сомдук нерсе эле, алгай-чалгайы болуп, жүз сомго чыгып кетти сама вещь стоит семьдесят рублей, а с тем да другим обошлась в сто рублей (напр. доставка, переделка и т.п.);
алгайынан чалгайы көп болуп кетти с тем да с сем много получилось (напр. израсходовано).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кийимге кыйык кылып кийирип тиге турган тилкеси. Кездеменин шынаа түрүндө бычылган түрү. 2. Кыйыр, түз эмес, чалгырт, тетири, арамдык, арамзалык. Чалгайы болгон сөзүндө, Айласы келсе чалмак бир болгон өзүмдү («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Уч жагы ичин көздөй бир аз ийилген, темирден жасалган, узун жыгач сабы бар көбүнчө чөп чабуу үчүн колдонулуучу курал. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков). Сарамжалын шайлашып, Орок, чалгы кайрашып (Тоголок Молдо).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Адабий тилде чалгы болуп айтылган чөп чаба турган курал Ысык-Көл менен Нарында чапкы болуп да айтылат. Ал чапкы сөзү чап+кы бөлүктөрүнөн турат да, курал чөптү чаба тургандыгынан аталганы ар кимге оңой баамдалат. Бирок чалгы сөзүнүн чал деген уңгусунун мааниси кыргыздарга түшүнүксүз. Ал мындайча чечмеленет. Азыркы кыргыз тилинде чал этиши ак боз бээни чалды, ай туякты чалды деген учурда айтылат. Мындагы чал этиши «сой» маанисиндеги сөз экенин баамдоо кыйын эмес. Чал сөзү «сой» маанисинде татар, башкыр, азербайжан, ногой, кара калпак, казак тилдеринде азыр да айтылат. Азербайжан, кумык, ногой тилдеринде бул сөз «чөп чабуу» маанисинде да колдонулат (Мусаев, 1978, 314). Ал тилдерде чал сөзүнүн көп маанисинин бирин «чөп чабуу» деген мааниси түзүп, баары бир сөздүн уясына кирет. Кыргыз тилинде чал сөзүнүн «чөптү чабуу» деген мааниси унутулган, бирок андан келип чыккан чалгы (<чал+гы) «чөп чаба турган курал» сөзү сакталып кала берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уч жагы ичин көздөй бир аз ийилген, темирден жасалган, узун жыгач сабы бар көбүнчө чөп чабуу үчүн колдонулуучу курал. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков). Сарамжалын шайлашып, Орок, чалгы кайрашып (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалгын I
1. крыло; пера (птичье);
чалгын канат маховые перья;
чалгыны кайрылган кыргыйдай он совершенно лишился сил или положения, влияния (букв. будто ястреб с вывернутыми перьями);
2. размах крыльев;
чалгыны жетиле элек балапан
1) птенец, у которого крылья ещё не окрепли;
2) перен. (о мальчике, юноше) желторотый юнец;
3. быстроногий (о животных), быстрокрылый (о птицах);
азуулунун алгыры, ар тайгандын чалгыны фольк. (борзая) с лучшей хваткой, чем все хищные звери, самая быстрая из борзых.
чалгын II
косьба, покос (действие);
чалгын чал- косить;
көк чалгын высокая зелёная трава.
чалгын III
разведка;
чалгынга кетти он отправился на разведку;
чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык? стих. на разведку мы вместе выезжали, из-за чего же мы охладели друг к другу?
алгынды бирге алышкан, чалгынды бирге чалышкан фольк. добычу они вместе добывали, разведку они вместе совершали.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап,.. тез-тез чокуйт (Аалы). Ирмебейсиң. баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык).
2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы. аркам Семетей (Аалы).
ЧАЛГЫН II: көк орой чалгын же көк чалгын — чабынды чөп, өсүп жетилип калган көк чөп. Көк орой чалгынды көл кечкендей кечип келе жатабыз (Убукеев). Көк чалгынга чалдырып, Шибердүү жерге откозгон (Тоголок Молдо).
ЧАЛГЫН III зат. Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от чалгында-;
чалгындоо кызматы разведывательная служба;
чалгындоо органдары органы разведки;
чалгындоо иштери разведывательная работа;
2. разведка (как учреждение);
чалгындоонун тапшырмасы задание разведки.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧАЛГЫНДОО (ЧАЛГЫН) – 1) жер катмарындагы геологиялык түзүмдөр менен түпкүрдөгү мунайзат жана газ кенинин бар экендигин аныктоого багытталган баардык, баарыдан мурда бургулоо аткарымдары; 2) (аскердик) учурдагы же мүмкүн болгон душманы, аймак ж. б. жөнүндө маалыматтарды жыйноо максатындагы иш-чаралардын жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап тез-тез чокуйт (Токомбаев). Ирмебейсиң баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык). 2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы аркам Семетей (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что чалыр;
чалгырты турат көзүндө в глазах у него недоброе;
чалгырты турат көзүндө, чамасы келсе алты арам, чалганы жүрөт өзүңдү фольк. в глазах его есть недоброе, если смогут, эти шесть стервецов сразить тебя хотят;
сөзүндө чалгырты бар в его словах есть какая-то задняя мысль, какой-то подвох;
чалгырт тий- задеть, коснуться сбоку; попасть не прямо;
жел айдаган жалын чалгырт тийип, казан бир четинен чымыраган сыңары пламя, гонимое ветром, коснулось сбоку, и котёл как бы чуть кипит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
упрямиться; быть капризно несговорчивым; действовать наперекор;
чалгырттап калыптыр он заупрямился так, что никакого сладу нет;
тамыры чалгырттап калыптыр у него пульс аритмичный;
чалгырттап буту басалбайт у него ноги не двигаются (как бы отказываются двигаться).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чалгыртта-;
тамашага чалгырттатып күлдү он засмеялся, обратив в шутку;
Дарыяхан дайыма уйгур тилинде чалгырттатып сүйлөй турган Дарыяхан по-уйгурски всегда говорила нечисто (не совсем правильно).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. верёвочка для захлёстывания, для связывания;
кереге чалгыч или тяньш. баш чалгыч верёвка, которой скрепляются между собой отдельные полотнища кереге;
2. мешалка, мутовка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Аралаштырууга, суюктукка ун, талкан ж. б. сыяктууларды салып чалууга ылайыкталып жасалган кичинекей ачалуу жыгач. Кудукка унду салыптыр Агаласын кетирип, Чалгыч менен чалыптыр (Тоголок Молдо).
Кереге чалгыч — керегелердин баш жагын тарттырып байлоо үчүн жасалган сызма сыяктуу жип.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аралаштырууга, суюктукка ун, талкан ж. б. сыяктууларды салып чалууга ылайыкталып жасалган кичинекей ачалуу жыгач. Кудукка унду салыптыр, Агаласын кетирип, Чалгыч менен чалыптыр (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалды I
чалды-куйду запутанный, хаотичный; трудноразрешимый;
жок издегендин жолу чалды-куйду у того, кто ищет пропажу, путь путаный;
чалды-куйду сүйлө- говорить сумбурно, сбивчиво;
чалды-булакей небрежно, беспорядочно, путанно;
ошентип да чалды-булакей жазабы? разве так путанно пишут? (разве можно писать так путанно?).
чалды II
чалды-кемпир старик со старухой, старик и старуха.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. старые развалины, руины (остатки древних поселений);
калаанын чалдыбары развалины города;
үйдүн чалдыбары развалины строения;
2. перен. рвань, рваньё; совершенно износившаяся одежда;
кийимдин чалдыбары чыкты одежда совершенно износилась (так, что и починить её нельзя);
чалдыбары чыгыптыр он совершенно разорился;
3. тлен; то, что может разрушаться;
кокус тилим күрмөлсө, айтып кеткен керээзим: кереги жок чалдыбар, коргон менен күмбөзүң стих. говорю я своё завещание: когда язык мой вдруг перестанет поворачиваться (т.е. когда я умру), не нужны мне тлен, ограда и надгробие.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир бүтүн нерсенин кыйрап, бүлүнгөндөгүсү, кыйрап бүлүнгөн калдыгы.
Чалдыбары чыгуу — 1) бузулуу, тамтыгы чыгуу, керектен чыгуу. Бул үй чалдыбары чыккан эски үй экен (Бөкөнбаев); 2) айрылуу, тытылуу, эскилиги жетип керекке жарабай калуу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Эски араба турат, чалдыбары чыгып (Айтматов). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отуракалды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Бул үй чалдыбары чыккан эски үй экен (Бкөнбаев). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отура калды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кабылуу, кириптер болуу, туш келүү. Тоозак безгек оорусуна чалдыкты (Абдукаримов).
2. Бир аз чалына түшүү, дуушар болуу. Айтбайдын уулу чала-була өрткө чалдыкканы менен аман-эсен калыптыр (Шүкүрбеков).
3. Көрүнүү, көрүнүп калуу. Бирок алар топурашып бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгышпасын (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. прям. , перен. наскочить на что-л., столкнуться с чем-л.;
ооруга чалдык- подхватить болезнь;
көзгө чалдык- стать заметным; привлечь внимание; попасться на глаза;
2. полуобгореть, немного обгореть;
чалдыккан нан подгорелый хлеб.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ооруга чалдык, көзгө чалдык деген учурда айтылуучу чалдык этиши чал+дык бөлүктөрүнөн турат. Чал этиши «оролто байлоо, имере байлоо, ороо» маанисин берген этиш болсо, ага дагы этиш жасоочу -лык мүчөсү уланган. Мындай мүчө оо – оолук, буу – буулук, кыс – кыстык, соз – создук, жет – жеттик, тут – туттук деген сөздөрдө да катышат (Кудайбергенов, 1973, 94–95).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кабылуу, кириптер болуу, туш келүү. Тоозак безгек оорусуна чалдыкты (Абдукаримов). 2. Бир аз чалына түшүү, дуушар болуу. Айтбайдын уулу чала-була өрткө чалдыкканы менен аман-эсен калыптыр (Шүкүрбеков). 3. Көрүнүү, көрүнүп калуу. Бирок алар топурашып бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгышпасын (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалдыр I
чалдыр-булдур или чалдыр-чулдур невнятное бормотание; бормотание на непонятном языке;
чалдыр-булдур сүйлөшүп, үйүр алышып калды эми фольк. они, что-то бормоча, (кое-как между собой на разных языках) разговаривали и подружились.
чалдыр- II
понуд. от чал- II
1. дать ударить себя подножкой; перен. оказаться побеждённым; дать себя опутать; оказаться ввергнутым в непрнятность;
арстанга чалдыр- допустить, чтобы лев задрал;
каманга чалдыр- допустить, чтобы дикий кабан запорол;
абайлабай, чалдырдың Алмамбет, Чубак шериңди по твоей неосмотрительности убиты твои богатыри (букв. львы) Алмамбет и Чубак;
катуу мүшкүл доо келсе, чалдырбаймын дечү эле фольк. он говаривал, мол, не поддамся, даже если будет самая трудная тяжба;
жашсың, чалдырып аласың, балам ты, дитя моё, молод, тебя обведут (ты попадёшь в беду);
2. заставить захлёстывать, заставить плести;
нокто чалдыр- заставить сплести недоуздок;
3. поручить разведать, объезжая или обходя что-л.;
жол чалдыр- поручить разведать путь;
жин-перини чалдырдым фольк. я послал разыскивать джинов и пери;
4. заставить играть;
дап чалдыр- см. дап II;
5. дать (животному) щипнуть травы; немного попасти;
эшектерди ушул жерден чалдырып алалы попасём-ка здесь ослов;
ооздугун алдырып, атын чөпкө чалдырып фольк. коня своего разнуздав и дав пощипать травы;
кырсыкка чалдыр- ввергнуть в беду, бедствие; явиться причиной беды, бедствия;
кышта аман асырап алган малды апрелде кырсыкка чалдырабызбы? что ж, мы в апреле подвергнем угрозе бедствия скот, который сохранили зимой?
дартка чалдыр- явиться виновником болезни;
суукка чалдыр- допустить, чтобы морозом побило;
жүгөрүнү эккен киши, суукка чалдырбай, жыйнап алуу керек человек, посеявший кукурузу, должен собрать её, не допуская, чтобы побил мороз;
канатымды чалдырдым я лишился надёжной опоры, силы (букв. допустил, чтобы мне свернули крыло).

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалек I
ир. южн.
ямка для ссыпания горящих углей.
чалек II
алек-чалек переполох, сумятица, большое беспокойство;
айылдын баары алек-чалек весь аул переполошился;
качкан малга ээ болбой, алек-чалек болду дейт стих. (народ) говорят, мечется, будучи не в силах совладать с разбежавшимся скотом.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Үйлөнүү үлпөтүндө аткарылуучу жөрөлгө, күйөөгө кеткен кыздын эжелери баланын атасынан белек доолашкан. Кудалар кыздын атасыныкында жатканда «чал жыгарыбызды» бергиле деп абышкалар келишет («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абышка, карыя, карып калган адам. Карабек лыпылдаган шайыр чалга карады (Каимов). Сакалдын көркү чалда бар, Сулуунун көркү калда бар (Токтогул). Сыртка чыгат тийген кезде Күн чубак, Чал жанында биз жүрөбүз чуркурап (Самудинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күрөштө буту менен экинчи кишинин бутун илип жыгуунун аракетин жасоо, илиндирүү. Каарыма келе түштүм намыс кылып, Бир булкуп бастым жерге чалып туруп (Үмөталиев). 2. Жипти, узун тилке нерсени ж. б. имере ороо, оролто байлоо. Минип барган кара бээ, Мамысына чалды эле («Эр Төштүк»). Алты жаак айбалта, Билекке кынай чалды эми («Манас»). 3. Союу, жара тартуу. Арбагына Манастын, Ак боз бээни чалды эми («Манас»). Кайран балбан өзүңдү, Каман чалып өлтүрдү (Токтогул). 4. Байкоо, көрүү, чалгындоо. Жолой күндүзү бийик кырга, чокуларга чыгып, жол чала баштады (Жантөшев). Алдыртан чалып, айылдын сырын билип кайттым (Сыдыкбеков). 5. Оттоо. Аттардын шартылдатып чөп чалганы, бышкырыгы, жүгөндөрүнүн шарактаганы күңүрт угулат (Абдукаримов). 6. Чалгыч же башка бир нерсе менен аралаштыруу, булгалап аралаштыруу. Сурма сыр аякка кымыз куюп талкандан чалды да, Карымшакка сунду (Байтемиров). 7. Комуз чертүү, чертиле турган музыкалык аспапта ойноо. Келин-кыздын жанында, Келтирип комуз чалган кез (Токтогул). Толгоп толгоп күү чалам, Толкундатып үн салам. (Турусбеков). 8. Кабылуу, туш келүү, басуу, чулгап калуу, каптоо. Булбулум туткун болду деп, Элиңдин жүрөгүн кайгы чалган жер (Токомбаев). Таң серпилип, Жерди жарык чалды (Сыдыкбеков). Чокуларын туман чалган кырка тоолор (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
только с личными притяж. аффиксами:
чалкасынан жаткыз- или чалкадан жаткыр- положить кого-л. навзничь, на обе лопатки;
чалкасынан сал- свалить кого-л. навзничь;
чалкасынан кетти
1) он упал навзничь;
2) перен. он шарахнулся (в испуге);
аракты көрсө, чалкасынан кете турган болду он теперь от водки шарахается (боится её);
чалкасынан түшүп жата берет он блаженствует в полном безделье;
чалкаңдан түшүп, жыргап жата бересиңер деген эле он говорил, мол, вы будете наслаждаться, ничего не делая.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: чалкасынан жатуу — аркасын жерге келтирип жатуу, аркасы төмөн караган абалда болуу. Мен чалкамдан жатып алып, чабак ура баштадым (Шимеев).
Чалкасынан кетүү — 1) аркасы менен жыгылып кетүү, арка жагын карай жыгылып кетүү. Супахан бакырып, чалкасынан кетти (Жантөшев); 2) чочуп кетүү, чочуп секирип кетүү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркасына карай бир аз чалкайган, ийилгенсиген, кайкайып турган көрүнүштө болуу. Кетмендин чалкагай ашталган сабы. Дубал чалкагай тартып, түз болбой турат. 2. Бийик, көз кайкыта заңкайган, чалкайган көрүнүш.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көкүрөгүн бир аз көтөрө аркасын көздөй ийиле отуруу, бир аз чалкалай түшүү. Тайдай-Кара да чалкая олтуруп, короодой сыр аякты көтөрүп, кымыз жутуп жаткан (Сыдыкбеков).
2. Кенен, бир аз чалкак тартуу, жогору жагы кериле жыйылыңкы тартуу. Мына чалкайган, Суусамырдын маңдай-тескейи көз алдыга келди (Каимов). [Зарыл] кыздар болуп сейилге чыгышып, чалкайган төрдө жүрүптүр (Сыдыкбеков).
3. өт. Көтөрүлүү, кекирейүү, бой көтөрүү. Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче, чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о пологой местности) широко, величественно раскинуться;
чалкайган мал жайыттары широко раскинувшиеся пастбища;
чалкайган кең түз обширная равнина;
жылга тартып, кең төрлөр чалкаят вдоль ложбины раскинулись обширные горные пастбища;
2. перен. (о полном, громадном) принимать важный вид;
Опол тоодой чалкайып, чоң муруту калкайып фольк. (богатырь) будто Опол-гора, важно выставился, огромные усы его отвисли;
ээрде чалкая берип продолжая сидеть в седле, важно откинувшись;
желини карыш бээлериң желеде турат чалкайып стих. твои кобылицы с громадными сосками важно стоят у привязи (см. желе I 2);
3. перен. важничать, зазнаваться, задирать голову;
эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче;
чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче погов. пред тем, кто склоняется, склонись до земли; пред тем, кто задирает голову, задирай и ты до неба;
"байбиче" десем, мактанба, "каным" десем, кайкайба! өз алдыңдан чалкайба! фольк. если я тебя назову "байбиче" (см.), не хвались, если назову "ханум", не возгордись, сама перед собой не важничай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көкүрөгүн бир аз көтөрө аркасын көздөй ийиле отуруу, бир аз чалкалай түшүү. Тайдай-Кара да чалкая олтуруп, короодой сыр аякты көтөрүп, кымыз жутуп жатты (Сыдыкбеков). 2. Кенен, бир аз чалкак тартуу, жогору жагы кериле жыйылыңкы тартуу. Мына чалкайган Суусамырдын маңдай-тескейи көз алдыга келди (Каимов). Зарыл кыздар болуп сейилге чыгышып, чалкайган төрдө жүрүптүр (Сыдыкбеков). 3. өт. Көтөрүлүү, кекирейүү, бой көтөрүү. Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче, чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
широко раскинувшийся пологий склон горы;
чалкак төр раскинувшееся высокогорное пастбище;
өндүрлүү чалкак узкая долина между двух гор, перерезанная вдоль речкой;
чалкак тоо
1) величественно раскинувшаяся гора;
2) перен. надёжная опора;
каралды чалкак тоом жок, калдайган айыл элим жок фольк. нет у меня защиты, нет надёжной опоры, нет моего многочисленного народа;
чалкак-чалкак зоо нагромождение выпирающих скал;
кийик чубап өтпөгөн чалкак-чалкак зоо болгон фольк. было (такое) нагромождение скал, через которое (даже) дикие парнокопытные не проходили;
чалкак төш
1) широкая и выдающаяся вперёд грудь, грудь колесом;
2) человек с грудью колесом.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кеңири, кериле созулуп жаткан айдөөш жер. Береги чалкакта жаткан чабдар айгырдын үйрү машинаны көрөр замат дыр берип, үрккөн бойдон бетке чыга качты («Жаш ленинчи»). Чалкактан жылкы куубасак («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кеңири, кериле созулуп жаткан айдөөш жер. Береги чалкакта жаткан чабдар айгырдын үйрү машинаны көрөр замат дыр берип, үрккөн бойдон бетке чыга качты. Чалкактан жылкы куубасак («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что чалкала-;
кан Манастын Ак-шумкар, тегеренип калкактап, тескери учуп чалкактап фольк. Белый кречет хана Манаса, широко расправил крылья и, величаво взмахивая ими, полетел в обратную (от охотника) сторону (на дичь);
курсактары чалкактап, мүйүздөрү калкактап, көп бугу чыгып калыптыр фольк. вышло много оленей с большими животами, с рогами, раскинувшимися (далеко в стороны);
2. перен. быть в приподнятом настроении, чувствовать себя привольно.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көкүрөгүн кере артын көздөй ийилүү, чалка жагына кериле кайкалоо. Жумшак ордунда чалкалай отурган академик Аскарга кадимкидей көрүнөт (Сыдыкбеков). Лом көтөрүп чалкалап, Ташты кумдай талкалап (Осмонкул).
2. Кайкалай тартып көрүнүү, заңкайып бийик, керилген көрүнүштө болуу. Чалкалап зор Тянь-Шань асман мелжип, Мал жайнап жайлоодогу төр керилди (Үмөталиев). Чалкалаган кара тоо, Чатыраган көркүңөн (Тоголок Молдо).
3. өт. Чиренүү, бой көтөрүү, менменсинүү, көтөрүлүү. Чалкалап бекер жатпа, Жайсыз жерден конбогун Шашма деген атка (Шүкүрбеков). Кедей барсаарыз айтып, Көргүсү келбей чалкалайт (Барпы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. откинувшись корпусом назад, выпячивать грудь и живот;
чалкалап отур- сидеть с важным видом, выпятив грудь и слегка откинув голову назад;
атка минип чалкалап фольк. сидя важно на коне;
2. перен. важничать; быть надменно требовательным;
милдет кылып келген жан, тойдургун деп, чалкалар фольк. прибывший "обязательный" гость (см. конок I 1) будет бесцеремонно требовать, чтобы его насытили;
чалкалап эле калыптыр очень уж он стал требовательным (для себя);
3. величественно раскинуться;
Арсланбап тоолору, асман тиреп, чалкалайт величественно раскинулись горы Арсланбапа, (вершинами) упираясь в небо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көкүрөгүн кере артын көздөй ийилүү, чалка жагына кериле кайкалоо. Жумшак ордунда чалкалай отурган академик Аскарга кадимкидей көрүнөт (Сыдыкбеков). Лом көтөрүп чалкалап, Ташты кумдай талкалап (Осмонкул). 2. Кайкалай тартып көрүнүү, заңкайып бийик, керилген көрүнүштө болуу. Чалкалап зор Тянь-Шань асман мелжип, Мал жайнап жайлоодогу төр керилди (Үмөталиев). Чалкалаган кара тоо, Чатыраган көркүңөн (Тоголок Молдо). 3. өт. Чиренүү, бой көтөрүү, менменсинүү, көтөрүлүү. Чалкалап бекер жатпа, Жайсыз жерден конбогун, Шашма деген атка (Шүкүрбеков). Кедей барса – арыз айтып, Көргүсү келбей чалкалайт (Барпы). Сабырдуулук өтө керек өскөнгө, Чалкаласаң окшоп кетет көпкөнгө (Акматалиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
слегка откинувшийся корпусом назад (тем придав своей позе важность);
мандаш урунуп отурган оң бутун саал сунуп, чалкалаңкы тартып калды сидевший (на полу) с поджатыми под себя ногами (см. мандаш) слегка откинулся корпусом назад.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. крапива;
муруттарың бир бөлөк, өтөккө чыккан чалкандай фольк. усы у тебя особые, подобны крапиве во впадине на склоне горы (где она буйно растёт);
кирпигине караса, өтөккө чыккан чалкандай фольк. посмотришь на ресницы его - подобны они крапиве во впадине на склоне горы;
2. "Чалкан" название киргизского юмористического журнала.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жалбырактарында, сабагында денеге тийгенде тызылдатып чага турган түгү бар, отоо чөпкө кирүүчү өсүмдүк.
2. өт. Чагып ала тургандай, уулуу, ийне менен сайып алгандай өткүр. Бирөө бар сырты жылма, ичи чалкан, Тил менен балкыткандын көбү жалган (Аалы).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Чалкан чагат – ушул касиети бул өсүмдүктү башкалардан айырмалап турат. Бирок чөптүн атында андай чага турганы байкалбайт. Ошондуктан чалкан деген сөздүн келип чыгышы тууралу мындай болжолду айтууга туура келет. Чалкан сөзү алгачкы чак+кан бөлүктөрүнүн биригишинен турган. Катар келген геминаттык к тыбышынын бири диссимиляцияланып, л тыбышына өтүп кеткен: чаккан> чалкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалбырактарында, сабагында денеге тийгенде тызылдатып чага турган түгү бар, отоо чөпкө кирүүчү өсүмдүк. 2. өт. Чагып ала тургандай, уулуу, ийне менен сайып алгандай өткүр. Бирөө бар сырты жылма, ичи чалкан, Тил менен балкыткандын көбү жалган (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: чалкар көл
1) огромное озеро;
2) перен. великодушный, щедрый;
чалкар көл сыяктуу кең киши добрый и шедрый, будто огромное озеро, человек;
чалкар бел огромный горный перевал;
адам ашып чыга албас бийик чалкар белге окшоп фольк. он подобен огромному горному перевалу, который не может преодолеть человек.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсеге макул болбоо, баш тартуу, айнуу. Таш түшкөн жеринде оор деген салтка баш ийип, кетүүгө бел байлап отурган Батийна Абдыракмандын кейпин көргөндө чалкасынан кетти (Сыдыкбеков). 2. Аркасы менен жыгылып кетүү, арка жагын карай жыгылып кетүү. Супахан бакырып, чалкасынан кетти (Жантөшев). 3. Чочуп кетүү, чочуп секирип кетүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалкы I
чалкы серке южн. чёрный белоухий козёл по второму году.
чалкы- II
1. широко раскинуться, распростереться;
алды жагын караса, бүлбүлдөп чалкын, чөл жатат фольк. посмотреть вперёд - (там) в лёгкой дымке раскинулась обширная пустыня;
тунук көлдө чалкыган кууну кушка жегизбе фольк. не допускай, чтобы хищная птица поедала лебедя, спокойно живущего на светлом озере;
2. двигаться медленно, плавно, свободно;
балыгы сууда чалкыган, куулары көктө калкыган фольк. рыба (там) в воде безмятежно плавает, лебеди (там) в небе спокойно летают;
3. чувствовать себя вольно, свободно;
каарлуудан кутулса, калың журт чалкып оңбойбу? фольк. разве не заживут свободно массы народные, когда избавятся от тирана?
элиң чалкып өсүүгө, жоодон бейкут жер жакшы стих. чтобы народ твой безмятежно жил и множился, нужно безопасное от врагов место;
чардагыла, күлгүлө, чалкысын жалын оюңар стих. веселитесь, смейтесь - пусть будет свободна ваша пламенная мысль;
этеги чалкыган живущий привольно, без нужды и стеснений;
этеги чалкын, кең өскөн фольк. жил он привольно, рос свободно.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Толкугансып көйкөлүү, ойкуп-кайкып көрүнүү; кең болуп жайылып жатуу (көл, жер ж. б.) Чалкыган көлдөн жай алган, Куулардан козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Чалкыган тегиз жер менен, Чартылдап туман жел менен («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Эргүү, толкундоо; ташкындоо, ашып ташуу. Көңүлү чалкып карт ырчы, Көзүнөн жашын ирмеди (Бөкөнбаев). Казнабыз, байлыгыбыз чалкыса, Элибиздин телегейи тең болор (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толкугансып көйкөлүү, ойкуп-кайкып көрүнүү, кең болуп жайылып жатуу (көл, жер ж.б.) Чалкыган көлдөн жай алган, Куулардан козгоп сайрады (Тоголок Молдо). Чалкыган тегиз жер менен, Чартылдап туман жел менен («Олжобай менен Кишимжан»). 2. Эргүү, толкундоо, ташкындоо, ашып-ташуу. Көңүлү чалкып карт ырчы, Көзүнөн жашын ирмеди (Бөкөнбаев). Казнабыз, байлыгыбыз чалкыса, Элибиздин телегейи тең болор (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чалкы- II
купенин ичи, буруксун, жемиштин жытына аңкьн, Карабектин көңүлүн чалкытты купе наполнилось благоуханием, ароматом фруктов, и (это) подняло настроение Карабека.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалма I
сухой комок глины;
чалма менен урду он ударил комком глины;
ак чалма или боз чалма глинистая вода (в половодье).
чалма II
1. аркан (для ловли лошадей или (ист.) для захвата неприятеля);
чалма чал- или чалма ур- накинуть аркан, заарканить;
азоого чалма ургандай (о безвыходном положении) будто на строгую (лошадь) аркан накинули;
чалма уруучу мастер накидывать аркан;
чалма салдыр-
1) заставить накинуть аркан;
2) оказаться с накинутым на шею арканом;
башка чалма салдырып, байлоого түшүн калбайлы фольк. как бы нам не накинули аркан, да как бы нам не попасть в плен;
2. (в борьбе) удар подножкой;
кол чалма один из приёмов борьбы;
илме-чалма
1) выкрутасы;
2) махинации;
чалма этек см. этек.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ылай, тоголоктошкон ылай.
Ак чалма — чополуу ылай же суу аралаш жуурулушкан чопо.
ЧАЛМА II зат. 1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»).
2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»). 2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар. 3. Душманды, каршылашты жыгуу, колго түшүрүү үчүн жасалган аркан. Чалма уруучу мыктуусу («Манас» С. К.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Сүткө ж. б. суюктукка талкан ж. б. кошуп аралаштырып чалынган түрү. Кымызга талкандан чалмакей кылып ичти.
2. Чалуунун, чалып жыгуунун ыгы, ыкмасы, чалма. Чалмакейи бар киши.
3. өт. Баш аламан, иретсиз, аралаш.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сүткө ж. б. суюктукка талкан ж. б. кошуп аралаштырып чалынган даам түрү. Кымызга талкандан чалмакей кылып ичти. 2. Чалуунун, чалып жыгуунун ыгы, ыкмасы, чалма. Чалмакейи бар киши. 3. өт. Баш аламан, иретсиз, аралаш.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнө тартуу, жакындатуу маанисинде көз кырын салып акмалоо, байкоо. Бой тарткан боз уландар астыртан чалма ыргытып, коңшу айылдын кыздарына көз кырларын салышат (Абакиров). Андан аз күн өтүп төмөнкү айылдагы бирөөнө чалма ыргытышса, Ыскактын жашын угуп айнып калыптыр (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнө тартуу, жакындатуу маанисинде көз кырын салып акмалоо, байкоо. Бой тарткан боз уландар астыртан чалма ыргытып, коңшу айылдын кыздарына көз кырларын салышат (Абакиров). Андан аз күн өтүп төмөнкү айылдагы бирөөнө чалма ыргытышса, Ыскактын жашын угуп айнып калыптыр (Исмаилов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
звукоподражание шлёпанью (напр. плоским предметом по воде);
сугатчы, чалп ыргытып чымдарды, кетмен чабат, чырт түкүрүп колуна стих. поливщик, со шлёпаньем бросая дёрн, работает кетменём, поплёвывая на руки;
чалп-чулп звук повторяющегося шлёпанья;
таманыбыздын алдынан чалп-чулп, чалп-чулп эткен доош угулду у нас под ногами послышалось шлёпанье (жидкой грязи).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(или чайпоо, чайкоо)
1. пугливый, строгий, мало объезженный (конь);
атым чалпоо, үркүп жыгып кетет моя лошадь пуглива, шарахнется и свалит (седока);
чалпоо ат селт эткенде ээрден ыргып кетти строгая лошадь дрогнула, он из седла вылетел;
2. перен. неслух; заносчивый;
иш тапшырба жалкоого, акыл айтпа чалноого фольк. не поручай дела лодырю, не давай советов неслуху;
чалпоо аттай болгон кыялы терс нрав у него дикий, будто у необъезженной лошади;
чалпоо жигит өз боюн эч адамга теңебейт фольк. заносчивый парень никого не считает себе равным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Үркүнчөөк, азоо чалыш. Чалпоо жылкы. 2. өт. Кежир, эч кимдин тилин албаган. 3. Ооз көптүрүп сүйлөгөн, боюн көтөргөн адам. Чалпоо жигит өз боюн, Эч адамга теңебейт (Осмонкул). Иш тапшырба жалкоого, Акыл айтпа чалпоого (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чалпылда-;
малдын шыйрагы сууну чалпылдатып чачыратат скот шлёпает ногами по воде и брызгает;
көлчүк сууларды чалпылдата кечип, Керимахун үйгө жөнөдү Керимахун, шлёпая по лужам, отправился домой;
жазгы шалбыраңды чалпылдата чапкан бойдон үйүнө келип түштү он, как поскакал, шлёпая по весенней грязи, так и, не сбавляя хода, доскакал до дому;
чалпылдатын же- есть чавкая.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от чал- II;
курбандык чалуу ист. заклание жертвенного животного;
энтеп кармап чалууга сен кандайсың барууга? фольк. как ты насчёт того, чтобы выступить (в единоборстве), чтобы, изловчившись, схватить (противника) и свалить?

Киргизско-русский словарь Юдахина
жижа, грязь; болото;
сууну көп кечсе, чалчык болот;
сөздү көп сүйлөсө, тантык болот погов. если много раз переходить воду, то (в месте брода) образуется грязь; если много говорить, то получается болтовня;
бактарына суу буруп, чалчык кылып салбасам фольк. не я буду, если, направив воду в их сады, не превращу их в болото.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. примесь;
чалымы жок аргымак чистокровный аргамак;
жалпы түспөлүнө караганда кавказдыктардан кандайчадыр чалымы бар судя по его облику, в нём есть что-то кавказское;
2. какое-то отклонение от обычного, какая-то особенность (отрицательная);
ала карганы алты жылы борго байласа, бир чалымы - жин (или бок) татыйт погов. поставь ворону на шесть лет на откорм, её особенность - дерьмом отдавать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от чал- II;
чөпкө чалынып, басалбай жүрөт путаясь в траве, он не может идти;
кемер чалын- опоясаться;
арканга чалын- запутаться в верёвке;
селде чалын- намотать себе чалму;
тузакка чалын- прям. , перен. попасть в силок, в петлю;
алтын жаак ай балта, билекке кынай чалынып фольк. секиру с золотыми щёчками плотно прихлестнув себе к руке;
чилмерден чалынып, чырак оту жагылып фольк. гремели бубны, зажигались светильники;
жаман ишке чалын- влипнуть в неприятное дело;
карызга чалын- впасть в долги;
бутка чалынба не путайся под ногами;
кинегеге чалын- (о частном скоте) попасть в опись.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалыш I
1. имеющий вид кого-чего-л., подобный кому-чему-л.; смахивающий на кого-что-л.;
буудан чалыш (конь) имеющий вид и признаки скакуна;
2. кровный, породистый;
чалыш ат породистый конь;
чалыш ит породистая собака;
жыгып алдың, Атакан, Тоялынын чалышын, токтотту далай бечара той менен ашка барышын фольк. отобрал ты, Атакан, породистого коня у Тоялы, прекратили бедняги ездить на пиры и поминки (не на чем стало участвовать в конских ристалищах);
3. полу, не совсем;
жинди чалыш придурковатый;
аңкоо чалыш простак, недалёкий;
уяң чалыш жүн полутонкая шерсть;
4. южн. дети от смешанного брака (отец - киргиз, мать - таджичка или наоборот).
чалыш- II
взаимн. от чал- II;
чалгынды бирге чалыштык фольк. мы вместе производили разведку;
бир-бирине чалышып калган одно за другое зацепилось;
белге саадак чалышкан фольк. они на чресла прихлестнули колчаны;
багалектен алышкын, Төштүк, балбандарча чалышкын, Төштүк фольк. за штанину ты схватись, Тоштюк, по-борецки ты борись, Тоштюк;
кабылан менен чалышпайм, канкоруң менен алышпайм фольк. с леопардом (Манасом) я не сражусь, с молодцем (Манасом) я не схвачусь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Таза кандуу тукум менен жөнөкөй тукумдун ортосунан чыккан аргын (көбүнчө жылкы жөнүндө). Жыгып алдың, Атакан, Тоялынын чалышын (Токтогул). Чалыш жылкы.
ЧАЛЫШ II жанд. Окшош, сыяктуу, сымак, кебетелеш; окшоштугу бар, ошондой белгилери, өзгөчөлүгү бар. Аргымак чалыш болсо дейм, Астыңдагы мингениң (Токтогул). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»).
ЧАЛЫШ III чал этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Окшош, сыяктуу, сымак, кебетелеш, окшоштугу бар, ошондой белгилери, өзгөчөлүгү бар. Аргымак чалыш болсо дейм, Астыңдагы мингениң (Токтогул). Көйрөң чалыш кул экен, Көөсөр сымак уул экен («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
заплетаться;
буттары чалыштады у него ноги заплетались;
чалыштап басат он ходит заплетаясь, нетвёрдо ступая;
басса, узун буттары кез-кезде чалыштай түшөт когда он идёт, его длинные ноги иногда заплетаются;
ары-бери теңселип, оор жүк көтөргөн немедей буттары чалыштап, көчөгө чыгышты (подвыпившие) из стороны в сторону покачиваясь, они вышли на улицу, заплетаясь ногами, будто неся тяжёлый груз;
чалыштап чубалжыган узун чачтуу фольк. длинноволосая, её косы растянулись, переплетаясь одна с другой.