Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. старые развалины, руины (остатки древних поселений);
калаанын чалдыбары развалины города;
үйдүн чалдыбары развалины строения;
2. перен. рвань, рваньё; совершенно износившаяся одежда;
кийимдин чалдыбары чыкты одежда совершенно износилась (так, что и починить её нельзя);
чалдыбары чыгыптыр он совершенно разорился;
3. тлен; то, что может разрушаться;
кокус тилим күрмөлсө, айтып кеткен керээзим: кереги жок чалдыбар, коргон менен күмбөзүң стих. говорю я своё завещание: когда язык мой вдруг перестанет поворачиваться (т.е. когда я умру), не нужны мне тлен, ограда и надгробие.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кандайдыр бир бүтүн нерсенин кыйрап, бүлүнгөндөгүсү, кыйрап бүлүнгөн калдыгы.
Чалдыбары чыгуу — 1) бузулуу, тамтыгы чыгуу, керектен чыгуу. Бул үй чалдыбары чыккан эски үй экен (Бөкөнбаев); 2) айрылуу, тытылуу, эскилиги жетип керекке жарабай калуу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Эски араба турат, чалдыбары чыгып (Айтматов). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отуракалды («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Бул үй чалдыбары чыккан эски үй экен (Бкөнбаев). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отура калды («Ала-Тоо»).