ЧАЛДЫБАРЫ ЧЫГУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Бул үй чалдыбары чыккан эски үй экен (Бкөнбаев). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отура калды («Ала-Тоо»).