Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Талкалануу, бузулуу, керектен чыгуу, тамтыгы кетүү. Чалдыбары чыгып, күнгө какжырап эскилиги жеткен дарбазаны ачты (Бердикеев). Эски араба турат, чалдыбары чыгып (Айтматов). 2. Эскилиги жетип айрылуу, тытылуу, дал-далы чыгуу. Тизесин кызаңдатып, чалдыбары чыккан көйнөгү менен кирип келип, иреге жакка отуракалды («Ала-Тоо»).