Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Ооруга чалдык, көзгө чалдык деген учурда айтылуучу чалдык этиши чал+дык бөлүктөрүнөн турат. Чал этиши «оролто байлоо, имере байлоо, ороо» маанисин берген этиш болсо, ага дагы этиш жасоочу -лык мүчөсү уланган. Мындай мүчө оо – оолук, буу – буулук, кыс – кыстык, соз – создук, жет – жеттик, тут – туттук деген сөздөрдө да катышат (Кудайбергенов, 1973, 94–95).