этиш. 1. Кабылуу, кириптер болуу, туш келүү. Тоозак безгек оорусуна чалдыкты (Абдукаримов).
2. Бир аз чалына түшүү, дуушар болуу. Айтбайдын уулу чала-була өрткө чалдыкканы менен аман-эсен калыптыр (Шүкүрбеков).
3. Көрүнүү, көрүнүп калуу. Бирок алар топурашып бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгышпасын (Жантөшев).
1. прям. , перен. наскочить на что-л., столкнуться с чем-л.;
ооруга чалдык- подхватить болезнь;
көзгө чалдык- стать заметным; привлечь внимание; попасться на глаза;
2. полуобгореть, немного обгореть;
чалдыккан нан подгорелый хлеб.
чалдык-, чалдыгып, чалдыккан
Ооруга чалдык, көзгө чалдык деген учурда айтылуучу чалдык этиши чал+дык бөлүктөрүнөн турат. Чал этиши «оролто байлоо, имере байлоо, ороо» маанисин берген этиш болсо, ага дагы этиш жасоочу -лык мүчөсү уланган. Мындай мүчө оо – оолук, буу – буулук, кыс – кыстык, соз – создук, жет – жеттик, тут – туттук деген сөздөрдө да катышат (Кудайбергенов, 1973, 94–95).
1. Кабылуу, кириптер болуу, туш келүү. Тоозак безгек оорусуна чалдыкты (Абдукаримов). 2. Бир аз чалына түшүү, дуушар болуу. Айтбайдын уулу чала-була өрткө чалдыкканы менен аман-эсен калыптыр (Шүкүрбеков). 3. Көрүнүү, көрүнүп калуу. Бирок алар топурашып бирөөлөрдүн көзүнө чалдыгышпасын (Жантөшев).
чалдык этишинин аркылуу мамилеси.
чалдык этишинин аркылуу мамилеси.