Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Уч жагы ичин көздөй бир аз ийилген, темирден жасалган, узун жыгач сабы бар көбүнчө чөп чабуу үчүн колдонулуучу курал. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков). Сарамжалын шайлашып, Орок, чалгы кайрашып (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уч жагы ичин көздөй бир аз ийилген, темирден жасалган, узун жыгач сабы бар көбүнчө чөп чабуу үчүн колдонулуучу курал. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков). Сарамжалын шайлашып, Орок, чалгы кайрашып (Тоголок Молдо).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Адабий тилде чалгы болуп айтылган чөп чаба турган курал Ысык-Көл менен Нарында чапкы болуп да айтылат. Ал чапкы сөзү чап+кы бөлүктөрүнөн турат да, курал чөптү чаба тургандыгынан аталганы ар кимге оңой баамдалат. Бирок чалгы сөзүнүн чал деген уңгусунун мааниси кыргыздарга түшүнүксүз. Ал мындайча чечмеленет. Азыркы кыргыз тилинде чал этиши ак боз бээни чалды, ай туякты чалды деген учурда айтылат. Мындагы чал этиши «сой» маанисиндеги сөз экенин баамдоо кыйын эмес. Чал сөзү «сой» маанисинде татар, башкыр, азербайжан, ногой, кара калпак, казак тилдеринде азыр да айтылат. Азербайжан, кумык, ногой тилдеринде бул сөз «чөп чабуу» маанисинде да колдонулат (Мусаев, 1978, 314). Ал тилдерде чал сөзүнүн көп маанисинин бирин «чөп чабуу» деген мааниси түзүп, баары бир сөздүн уясына кирет. Кыргыз тилинде чал сөзүнүн «чөптү чабуу» деген мааниси унутулган, бирок андан келип чыккан чалгы (<чал+гы) «чөп чаба турган курал» сөзү сакталып кала берген.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чалгын I
1. крыло; пера (птичье);
чалгын канат маховые перья;
чалгыны кайрылган кыргыйдай он совершенно лишился сил или положения, влияния (букв. будто ястреб с вывернутыми перьями);
2. размах крыльев;
чалгыны жетиле элек балапан
1) птенец, у которого крылья ещё не окрепли;
2) перен. (о мальчике, юноше) желторотый юнец;
3. быстроногий (о животных), быстрокрылый (о птицах);
азуулунун алгыры, ар тайгандын чалгыны фольк. (борзая) с лучшей хваткой, чем все хищные звери, самая быстрая из борзых.
чалгын II
косьба, покос (действие);
чалгын чал- косить;
көк чалгын высокая зелёная трава.
чалгын III
разведка;
чалгынга кетти он отправился на разведку;
чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык? стих. на разведку мы вместе выезжали, из-за чего же мы охладели друг к другу?
алгынды бирге алышкан, чалгынды бирге чалышкан фольк. добычу они вместе добывали, разведку они вместе совершали.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап,.. тез-тез чокуйт (Аалы). Ирмебейсиң. баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык).
2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы. аркам Семетей (Аалы).
ЧАЛГЫН II: көк орой чалгын же көк чалгын — чабынды чөп, өсүп жетилип калган көк чөп. Көк орой чалгынды көл кечкендей кечип келе жатабыз (Убукеев). Көк чалгынга чалдырып, Шибердүү жерге откозгон (Тоголок Молдо).
ЧАЛГЫН III зат. Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от чалгында-;
чалгындоо кызматы разведывательная служба;
чалгындоо органдары органы разведки;
чалгындоо иштери разведывательная работа;
2. разведка (как учреждение);
чалгындоонун тапшырмасы задание разведки.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧАЛГЫНДОО (ЧАЛГЫН) – 1) жер катмарындагы геологиялык түзүмдөр менен түпкүрдөгү мунайзат жана газ кенинин бар экендигин аныктоого багытталган баардык, баарыдан мурда бургулоо аткарымдары; 2) (аскердик) учурдагы же мүмкүн болгон душманы, аймак ж. б. жөнүндө маалыматтарды жыйноо максатындагы иш-чаралардын жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап тез-тез чокуйт (Токомбаев). Ирмебейсиң баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык). 2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы аркам Семетей (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что чалыр;
чалгырты турат көзүндө в глазах у него недоброе;
чалгырты турат көзүндө, чамасы келсе алты арам, чалганы жүрөт өзүңдү фольк. в глазах его есть недоброе, если смогут, эти шесть стервецов сразить тебя хотят;
сөзүндө чалгырты бар в его словах есть какая-то задняя мысль, какой-то подвох;
чалгырт тий- задеть, коснуться сбоку; попасть не прямо;
жел айдаган жалын чалгырт тийип, казан бир четинен чымыраган сыңары пламя, гонимое ветром, коснулось сбоку, и котёл как бы чуть кипит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
упрямиться; быть капризно несговорчивым; действовать наперекор;
чалгырттап калыптыр он заупрямился так, что никакого сладу нет;
тамыры чалгырттап калыптыр у него пульс аритмичный;
чалгырттап буту басалбайт у него ноги не двигаются (как бы отказываются двигаться).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чалгыртта-;
тамашага чалгырттатып күлдү он засмеялся, обратив в шутку;
Дарыяхан дайыма уйгур тилинде чалгырттатып сүйлөй турган Дарыяхан по-уйгурски всегда говорила нечисто (не совсем правильно).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. верёвочка для захлёстывания, для связывания;
кереге чалгыч или тяньш. баш чалгыч верёвка, которой скрепляются между собой отдельные полотнища кереге;
2. мешалка, мутовка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Аралаштырууга, суюктукка ун, талкан ж. б. сыяктууларды салып чалууга ылайыкталып жасалган кичинекей ачалуу жыгач. Кудукка унду салыптыр Агаласын кетирип, Чалгыч менен чалыптыр (Тоголок Молдо).
Кереге чалгыч — керегелердин баш жагын тарттырып байлоо үчүн жасалган сызма сыяктуу жип.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аралаштырууга, суюктукка ун, талкан ж. б. сыяктууларды салып чалууга ылайыкталып жасалган кичинекей ачалуу жыгач. Кудукка унду салыптыр, Агаласын кетирип, Чалгыч менен чалыптыр (Тоголок Молдо).