Киргизско-русский словарь Юдахина
чалгын I
1. крыло; пера (птичье);
чалгын канат маховые перья;
чалгыны кайрылган кыргыйдай он совершенно лишился сил или положения, влияния (букв. будто ястреб с вывернутыми перьями);
2. размах крыльев;
чалгыны жетиле элек балапан
1) птенец, у которого крылья ещё не окрепли;
2) перен. (о мальчике, юноше) желторотый юнец;
3. быстроногий (о животных), быстрокрылый (о птицах);
азуулунун алгыры, ар тайгандын чалгыны фольк. (борзая) с лучшей хваткой, чем все хищные звери, самая быстрая из борзых.
чалгын II
косьба, покос (действие);
чалгын чал- косить;
көк чалгын высокая зелёная трава.
чалгын III
разведка;
чалгынга кетти он отправился на разведку;
чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык? стих. на разведку мы вместе выезжали, из-за чего же мы охладели друг к другу?
алгынды бирге алышкан, чалгынды бирге чалышкан фольк. добычу они вместе добывали, разведку они вместе совершали.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап,.. тез-тез чокуйт (Аалы). Ирмебейсиң. баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык).
2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы. аркам Семетей (Аалы).
ЧАЛГЫН II: көк орой чалгын же көк чалгын — чабынды чөп, өсүп жетилип калган көк чөп. Көк орой чалгынды көл кечкендей кечип келе жатабыз (Убукеев). Көк чалгынга чалдырып, Шибердүү жерге откозгон (Тоголок Молдо).
ЧАЛГЫН III зат. Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чалгын жүргүзүү, атайын бир максат менен байкоо, изилдөө жүргүзүү. Чалкалмакка барбаймын, Чалгындап жылкы албаймын («Эр Табылды»). Чабарман келип чалгындап, Таба албай кеткен чапкылап (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от чалгында-;
чалгындоо кызматы разведывательная служба;
чалгындоо органдары органы разведки;
чалгындоо иштери разведывательная работа;
2. разведка (как учреждение);
чалгындоонун тапшырмасы задание разведки.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЧАЛГЫНДОО (ЧАЛГЫН) – 1) жер катмарындагы геологиялык түзүмдөр менен түпкүрдөгү мунайзат жана газ кенинин бар экендигин аныктоого багытталган баардык, баарыдан мурда бургулоо аткарымдары; 2) (аскердик) учурдагы же мүмкүн болгон душманы, аймак ж. б. жөнүндө маалыматтарды жыйноо максатындагы иш-чаралардын жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттын чет жаккы узун бөлүгү, канат. Жагалмай чымчыкты чалгындарына калкалап тез-тез чокуйт (Токомбаев). Ирмебейсиң баатыр куш, Канатыңдын чалгынын (Калык). 2. өт. Тирек, жөлөк. Акылман, алтын чалгыным, Азыркы аркам Семетей (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Душман жөнүндө же кандайдыр атайын бир башка маалыматтарды билүү максатында жүргүзүлгөн изилдөө, байкоо аракети. Чалгынга минсе чарчабас, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»). Каныбек жанына эки жигит алып чалгынга өзү чыкты (Жантөшев).