Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Адабий тилде чалгы болуп айтылган чөп чаба турган курал Ысык-Көл менен Нарында чапкы болуп да айтылат. Ал чапкы сөзү чап+кы бөлүктөрүнөн турат да, курал чөптү чаба тургандыгынан аталганы ар кимге оңой баамдалат. Бирок чалгы сөзүнүн чал деген уңгусунун мааниси кыргыздарга түшүнүксүз. Ал мындайча чечмеленет. Азыркы кыргыз тилинде чал этиши ак боз бээни чалды, ай туякты чалды деген учурда айтылат. Мындагы чал этиши «сой» маанисиндеги сөз экенин баамдоо кыйын эмес. Чал сөзү «сой» маанисинде татар, башкыр, азербайжан, ногой, кара калпак, казак тилдеринде азыр да айтылат. Азербайжан, кумык, ногой тилдеринде бул сөз «чөп чабуу» маанисинде да колдонулат (Мусаев, 1978, 314). Ал тилдерде чал сөзүнүн көп маанисинин бирин «чөп чабуу» деген мааниси түзүп, баары бир сөздүн уясына кирет. Кыргыз тилинде чал сөзүнүн «чөптү чабуу» деген мааниси унутулган, бирок андан келип чыккан чалгы (<чал+гы) «чөп чаба турган курал» сөзү сакталып кала берген.