Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көкүрөгүн бир аз көтөрө аркасын көздөй ийиле отуруу, бир аз чалкалай түшүү. Тайдай-Кара да чалкая олтуруп, короодой сыр аякты көтөрүп, кымыз жутуп жаткан (Сыдыкбеков).
2. Кенен, бир аз чалкак тартуу, жогору жагы кериле жыйылыңкы тартуу. Мына чалкайган, Суусамырдын маңдай-тескейи көз алдыга келди (Каимов). [Зарыл] кыздар болуп сейилге чыгышып, чалкайган төрдө жүрүптүр (Сыдыкбеков).
3. өт. Көтөрүлүү, кекирейүү, бой көтөрүү. Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче, чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче (макал).