Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абалда калган. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов).