Киргизско-русский словарь Юдахина
не совсем, не вполне, кое-как;
бала, баланын иши чала погов. ребёнок, а ребячья работа кое-как (ребёнок, он по-ребячьи и сделает);
чала жан полуживой;
чала өлүк полумертвый;
чала сабаттуу малограмотный;
чала молдо полуграмотный; полуграмотный мулла;
чала молдо дин бузат погов. полуграмотный мулла веру портит (о недоучках);
ишиң чала твоя работа не доделана;
чалагайым или чала-кайым верхогляд; размазня;
чалагайым жинди придурковатый;
чала-була или чала-бучук или чала-моңол или чала-чарпы или чала-чарпыт (или чалачарпыт) кое-как, шаляй-валяй; кое-где;
чала-чарпыт (или чалачарпыт) жеринде кое-где, в некоторых местах;
чала-чарпы бүткөрүп өткөргүчө шашышат они спешат закончить кое-как и сдать;
чала-бучук, тийип качкан пикирлер то оттуда, то отсюда нахватанные мысли; беспорядочно нагромождённые мысли;
кыргызча котормосу чала-моңол киргизский перевод сделан кое-как;
чала-моңол угуп калдым я как-будто что-то слышал (но точно сказать не могу);
ит чала бурдап кетти собака слегка тяпнула (укусила, но не сильно);
ага чала болду! поделом ему!, ещё бы не так ему следовало!
чалагайым см. чала.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес. Кай бирин тургансыймын таанып чала (Үмөталиев). Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул).
2. Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат. Мырзабайдын үйү өрттөнгөндө: «зап гана болду! Аларга бул да чала..!» деп көп кишинин айтканын уктум (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес. Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат (макал). Кай бирин тургансыймын таанып чала (Үмөталиев). Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул). 2. Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат. Мырзабайдын үйү өрттөнгөндө: «ажап гана болду! Аларга бул да чала..!» деп көп кишинин айтканын уктум (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
чала-чарпы, чала-чарпыт, чала-моңол же чала-бучук — толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен.. чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). Түшүндүрөйүн деген оюмду чала-чарпы айттым (Жантөшев). Эргеш гана чала-моңол кат тааныйт (Жантөшев). Чала жан — араң эле жаны бар, өтө алсыз, чала өлүк. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Чала кайымчалагайым менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Толук эмес, анча-мынча, аягына чейин эмес, үстүртөн. Мен чала-була шам-шум этип, мектепке чуркадым («Ала-Тоо»). В.: Чала-бучук. Жеңеси аркылуу кыз менен чала-бучук сөз илештирген жагдайым бар (Бейшеналиев). Көчөр, Сатарлар чала-бучук тааныш болуп калган жолдоштор менен да коштошушпады («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Араң эле жаны бар, өтө алсыз, өлөсөлүү, чала өлүк, эси ооп, эсинен танып калган абалда. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Тепкиден ууккан чала жан Музооке жатат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Араң эле жаны бар, өтө алсыз, өлөсөлүү, чала өлүк, эси ооп, эсинен танып калган абал. Алымкулду аябай сабап, чала жан болгон кезде короосунан сүйрөтүп барып таштады (Абдукаримов). Тепкиден ууккан чала жан Музооке жатат (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от чала;
эчтекени ойлобос, - айланайын, балалык - төшөгүңдү булгайсың, - ушул ишиң чалалык стих. ни о чём ты не думаешь, милое детство; ты пачкаешь свою постель, с этим у тебя не совсем ладно;
менден бир чалалык кетти у меня получилось что-то не то (напр я что-л. не доделал, не так сделал, не так поступил и т.п.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичине-кичине, бир аз, анча-мынча. – Сен айтчы? – деди Эдиге, чала моңол өңү жылуу учураган жаш уланга (Осмоналиев). Аскар түз карай албай тайсалдап, сөздү узартпоо максатында ооз учунан чала моңол жооп кайтарды (Исмаилов). Эргеш гана чала моңол кат тааныйт (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кичине-кичине, бир аз, анча-мынча. - Сен айтчы? - деди Эдиге, чала моңол өңү жылуу учураган жаш уланга (Осмоналиев). Аскар түз карай албай тайсалдап, сөздү узартпоо максатында ооз учунан чала-моңол жооп кайтарды (Исмаилов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абал. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов). Иш жуп бүтөрдө чала өлтүргөн жыландай кылып таштап коюшту («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абалда калган. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов).