ЧАЛА ӨЛТҮРГӨН ЖЫЛАНДАЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Же ары, же бери эмес, орто саар, аягына жеткире иштелбей ара бөк, арсар абал. Баягында Байымбетти чала өлтүргөн жыландай алсыратып, бала окутууга тыюу салган (Бейшеналиев). Ошол күнү Чокон таң атканча кыйналып уктай алган жок, уйку-соонун аралыгында чала өлтүргөн жыландай толгонот (Абдыраманов). Иш жуп бүтөрдө чала өлтүргөн жыландай кылып таштап коюшту («Чалкан»).