ЧАЛА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Толук эмес, аягына чейин эмес, жетиле элек, анчалык эмес. Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат (макал). Кай бирин тургансыймын таанып чала (Үмөталиев). Чала ачыган бозодон, Ачымал жакшы ун чалган (Осмонкул). 2. Ырас болуптур, «бу да аздык кылат» деген мааниде табалоо иретинде колдонулат. Мырзабайдын үйү өрттөнгөндө: «ажап гана болду! Аларга бул да чала..!» деп көп кишинин айтканын уктум (Абдукаримов).