Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ылай, тоголоктошкон ылай.
Ак чалма — чополуу ылай же суу аралаш жуурулушкан чопо.
ЧАЛМА II зат. 1. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»).
2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар.