ЧАЛ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилинде чал сөзү абышка сөзүнө маанилеш болуп колдонулат. Байыркы түрк тилинде чал сөзү «ак, ак куба» маанисин берген (ДТС, 137). Ушундай мааниде азыркы түрк тилдеринин айрымдарында алиге айтылат. Маселен, татар, чуваш тилдеринде. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги чал куйрук деген учурда айтылганда, жылкынын куйругунда ак кылы бардыгы эске алынат.
Ал эми карыган кишини чал деп айтуу анын чачы менен сакал-мурутунун агарып кетишине байланышкан. Азыр чал сакал, чал мурут деп айтуу мүмкүн эмес. Бирок мурда чал куйрук деп айткан сыяктуу жогоркудай айтылыш мүмкүн болгон. Ошол тизмектин чал деген сөзү калып, сакал, мурут, чач сөздөрү түшүп, өңдү-түстү билдирген сөз адамдын өзүн билдирип калган.