Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көкүрөгүн кере артын көздөй ийилүү, чалка жагына кериле кайкалоо. Жумшак ордунда чалкалай отурган академик Аскарга кадимкидей көрүнөт (Сыдыкбеков). Лом көтөрүп чалкалап, Ташты кумдай талкалап (Осмонкул). 2. Кайкалай тартып көрүнүү, заңкайып бийик, керилген көрүнүштө болуу. Чалкалап зор Тянь-Шань асман мелжип, Мал жайнап жайлоодогу төр керилди (Үмөталиев). Чалкалаган кара тоо, Чатыраган көркүңөн (Тоголок Молдо). 3. өт. Чиренүү, бой көтөрүү, менменсинүү, көтөрүлүү. Чалкалап бекер жатпа, Жайсыз жерден конбогун, Шашма деген атка (Шүкүрбеков). Кедей барса – арыз айтып, Көргүсү келбей чалкалайт (Барпы). Сабырдуулук өтө керек өскөнгө, Чалкаласаң окшоп кетет көпкөнгө (Акматалиев).