Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Чалкан чагат – ушул касиети бул өсүмдүктү башкалардан айырмалап турат. Бирок чөптүн атында андай чага турганы байкалбайт. Ошондуктан чалкан деген сөздүн келип чыгышы тууралу мындай болжолду айтууга туура келет. Чалкан сөзү алгачкы чак+кан бөлүктөрүнүн биригишинен турган. Катар келген геминаттык к тыбышынын бири диссимиляцияланып, л тыбышына өтүп кеткен: чаккан> чалкан.