ЧАЛМА ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ыргытып илиндирип алуу жолу менен көбүнчө азоо малды кармоо үчүн колдонулуучу илмек аркан. Жумаш жүрөт тал укурук сүйрөтүп, Азоолорду чалма салып үйрөтүп (Осмонкул). Чалма уруучу шыктуусу, Айбалта чапчу ыктуусу («Манас»). 2. Күрөштө чалуу ыгы, ыкмасы. Чалмасы бар. 3. Душманды, каршылашты жыгуу, колго түшүрүү үчүн жасалган аркан. Чалма уруучу мыктуусу («Манас» С. К.).