Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көкүрөгүн бир аз көтөрө аркасын көздөй ийиле отуруу, бир аз чалкалай түшүү. Тайдай-Кара да чалкая олтуруп, короодой сыр аякты көтөрүп, кымыз жутуп жатты (Сыдыкбеков). 2. Кенен, бир аз чалкак тартуу, жогору жагы кериле жыйылыңкы тартуу. Мына чалкайган Суусамырдын маңдай-тескейи көз алдыга келди (Каимов). Зарыл кыздар болуп сейилге чыгышып, чалкайган төрдө жүрүптүр (Сыдыкбеков). 3. өт. Көтөрүлүү, кекирейүү, бой көтөрүү. Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче, чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче (макал).