Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнө тартуу, жакындатуу маанисинде көз кырын салып акмалоо, байкоо. Бой тарткан боз уландар астыртан чалма ыргытып, коңшу айылдын кыздарына көз кырларын салышат (Абакиров). Андан аз күн өтүп төмөнкү айылдагы бирөөнө чалма ыргытышса, Ыскактын жашын угуп айнып калыптыр (Исмаилов).