кош I ир. кош бол- радоваться, быть в хорошем, весёлом настроении; убакты кош довольный, радостный, весёлый; кош көңүлдүк благодушие; кош келипсиз! (вежливо к одному) или кош келипсиздер! (вежливо ко многим) добро пожаловать!; кош! прощай!; кош, аман бол! прощай, будь здоров!; кош-бош айтышып прощаясь и желая друг другу здоровья; кымыз менен кошуңар кандай? а как вы насчёт кумыса (не желаете ли) ? кош II 1. пара; парный, двойной; кош сөз грам. парное слово; кош бийлик двоевластие; кош буйрук грам. взаимная форма глагола; кош өгүз или кош оопас тяньш. 1) пара волов; 2) Кош Өгүз или Кош Оопас (в народной астрономии предположительно) Кастор и Поллукс; кош колдоп двумя руками, обеими руками (ещё прим.см.кошок I 1); 2. уст. соха или плуг вместе с упряжкой и животными (их обычно было два); жалгыз өгүз кош болбойт погов. из одного вола упряжки не получится; кош чыкты начали пахать; пахота началась; кош чыгар- начинать пахать; кошко жүрмө южн. четырёхлетний вол; ат кош талас. плуг; бир кош южн. 1) ист. количество земли, которое можно обработать одной упряжкой; 2) мера земли около двадцати соток; кош аттабай кылбайсың ты ничего не делаешь без того, чтобы не привлечь ещё кого-нибудь к работе (букв. не спарив коней); кош кирпик густые сросшиеся брови; кош ооз (см.ооз2). кош III 1. временная юрта (маленькая юрта, в которой временно живут рабочие, или юрта, используемая во время дальних перекочёвок или (раньше) во время походов); жалаң от, жайдак кош налегке, без обременительной поклажи, имея при себе только самое необходимое; 2. кош, кочевой лагерь; кочёвка со всем её имуществом; кош башкарган эр Ыбыш фольк. глава коша - богатырь Ыбыш; байтак жолдон кош келет, байтал минген кыз келет фольк. из далёкого пути кочёвка идёт, на кобылице девица едет; кош арт- навьючивать имущество коша; бир күлүк, бир жоргого кош артып алып навьючив имущество на скакуна и иноходца; кош чеч- развьючивать животных коша; 3. ист. воинский отряд, отдельная часть войска; кош башына бир бээден "ай туяк" деп чалышты стих. на каждый отряд зарезали по жертвенной кобылице; 4. группа людей, имеющих общее задание (напр. на общественной стройке); кош-колоң (см.колоң III). кош IV тря! (окрик на овцу); "кош-кош!" десе, куяңкы кой кошокко кошулат погов. если прикрикнуть, то и упрямая овца к привязи подойдёт. кош- V 1. прибавлять, добавлять; присоединять, спаривать; эр Курманбек баатырга Канышайды кошомун фольк. (девицу) Канышай я соединяю с богатырём Курманбеком (т.е. выдам её за Курманбека); кошкон май кушанье из толокна, смешанного с топлёным маслом (иногда добавляется мёд); 2. этн. дарить в помощь жениху при уплате калыма или устроителю пира; алдыбыз карадан, артыбыз койдон кошумчабызды коштук те из нас, кто побогаче, -по корове, а кто победнее, по овце подарили; акча кош- одаривать (оказывать помощь) деньгами; 3. запрягать, впрягать; 4. в отриц. обороте приказать, поручить, позволить; доктор туруп жүрүүгө кошподу доктор не велел (больному) ходить; 5. этн. (о женщинах) оплакивать в стихах (умершего или невесту, когда её отправляют в аул жениха); упоминать в песне; "катынын кошуп ыйлайт" деп, калктан жаман уялам я очень стыжусь людей, которые скажут, что он, мол, оплакивает жену (мужчине не положено); 6. подражать, имитировать; күкүктүн тоошуна өз тоошун жакшы кошот он хорошо имитирует голос кукушки; ар кошкон неодинаковый, разный; разноплемённый, разношёрстный; биздин колхоздо ар кошкон эл бар в нашем колхозе есть разный народ (разных племён, разных национальностей); кошуп жазуу грам. слитное написание; баш кош- см.баш.
I зат. Убактылуу бир жерге иштегенде же жол жүрүп баратканда конгон жерге тигилген кичине үй же өзүнчө бөлүнгөн топ. Биздин коштон Султангазы, Ысак барып, көп сыйлыктар алып кайтышты (Баялинов).
КОШII зат. 1.Эки, түгөй, эки даана, жуп. Кош ооз мылтык. Кош колдоп найза бек сайды, Кокустатам деп сайды («Эр Табылды»). Коркконго кош көрүнөт (макал).
2.Соко жана сокого чегилген өгүз, ат чогуусу менен. Жалгыз өгүз кош болбойт, Жаакташкан дос болбойт (макал). Күжүрмөн күчтүү дыйканга, Жүрүп турган кош жакшы (Жантөшев).
¨ Кошчекитк.чекит. Кошсөз — жупталып айтылган татаал сөз. Кошбойлуужекошкабат — боюнда бар. Кошкөңүлк.көңүл.Кошаяк — арткы аяктары, куйругу узун, кемирүүчүлөр отрядына кирүучү чычкан сыяктуу жаныбар.
КОШIII этиш.1. Бир нерсеге кошумча кылуу, үстүнө көбөйтүү, бириктирүү. аралаштыруу. — О Урумкан эне, тур, уюңду кош! (Бейшеналиев). Кысталганда Мендиштин Акылына акыл кош (Жантөшев). Кара ниет адамды, Катарыңа кошпогун (Токтогул).
2. Арабага, сокого атты, өгүздү чегүү. Араба кошуп ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул).
3. Бирөөнүн иши, кыял-жоругу, турмушу ж. б. жөнүндө жамактап айтып ырдоо, ыйлоо. Ушуларды мен кошуп, Ырдай турган чамам бар (Барпы). Султаным, атам өттү деп, Үйүңдө кошуп ким калат? (Жантөшев).
¨ Башкошуу — 1) бирге болуу, чогулуу, биригүү; бир тилектеш, мамилелеш болуу, достошуу. Баатырлары баш кошуп, Сап-сап болуп жөнөштү («Семетей»). Бардык туугандар баш кошуп, ынтымактуу жашап калды («Жаш ленинчи»);2)үйлөнүү, турмуш куруу. Баш кошуптур жаңыдан, Эки бирдей чырагым (Жантөшев).
КОШIVсырд. Койду айдоодо же бир жакка кайрууда айтылуучу сөз. Адыр, белестерден «кош, кош! »— деп кыйкырган койчулардын үнүн угасың («Ала-Тоо»).
КОШVсырд.1. Бирөө менен коштошордо, бир жакка кайтып баратканда, айрылышарда айтылуучу сөз. — Кош, жакшы калыңыз! — деп, Батый да Осмондун колун бекем кысты (Сасыкбаев).
2. Бирөөгө көңүл бөлүү, сөзүн кубаттоо, макул табуу ж. б. мааниде колдонулат. Кош, [Калыбай] сенин алты балаңдын бирөө да ишке жарабайт экен (Абдукаримов). Кош, эмне дейсиң? —деди[Сарыбай] (Абдукаримов).
кош (жуп) кош айдоо (а. ч.) кош айрык кош аргументтүү функ циялар (мат.) кош ат кош атта- кош аяк (зоол.) кош аяк сымалдар (зоол.) кош аякта- кош бийлик кош бойлуу кош дем алуучулар (зоол.) кош жаак капкан кош жумуш аткаруу (ук.) кош жуп буттуулар (зоол.) кош жылдыз кош кабат кош канаттуулар (зоол.) кош капкалуу моллюс калар (зоол.) кош кат (жүктүү) кош катыш (мат.) кош келиңиздер! кош колдо- кош көңүл кош көңүлдүк кош көңүлдүү кош көрүү кош кулак кош күч (физ.) кош мамиле (лингв.) кош мезгилдүү функ ция (мат.) кош номенклатура (зоол.) кош ооз кош процессор (комп.) кош сөз (лингв.) кош сөздүү кош туздар (хим.) кош уруктануу (биол.) кош ууч, кочуш кош чекит (лингв.) кош электр катмары кош эринчил (лингв.) кош этек
Азыркы кыргыз тилиндеги алты омоним сөздүн бири болгон бул сырдык сөз койду айдоодо, же бир жакка кайрууда айтылат. Ал эми түрк тилинде болсо бул сөз этиш түркүмүнө кирип, «чурка-, жүгүр-» деген маанини туюндурат (ТРС 1994:563). Ушуну эске алганда, айтуучунун эркин туюндурган жогорудагы сырдык сөздүн түпкү мааниси ачыла түшөт, тактап айтканда, кош! деп айтуу менен биз койго «чурка!, жүгүр!» деп буйрук беребиз.
Койду айдоодо колдонулчу кош! сөзү да «кой» деген маани бериши мүмкүн. Анткени кош сөзү байыркы коч «кочкор» деген уңгунун акыркы тыбышы ш тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат. Малды айдоодо, чакырууда колдонулган сөздөрдүн көбү ошол жаныбардын атын билдирген сөздөр менен аталгандыктан кош! сөзү да «кой» деген маанидеги сөз дешке болот.
Иранча кош сөзү сөзмө-сөз «жакшы» маанисин берет. Кош келипсиздер! деген учурда дал ушул маанидеги сөз айтылат. Ал кээде куш келипсиздер! түрүндө да колдонулуп жүрөт. Коштошуп жатканда кайыр кош, жакшы барыңыз! деп айтканда үч жолу «жакшы» сөзү айтылат: кайыр — арабча, кош— иранча, жакшы — кыргызча.
Бирөөнүн сөзүнө көңүл бөлүү же ага бир нерсе айтып кайрылуу, бирөөнүн сөзүн кубаттоо, макул табуу же анын тескерисинче кылуу маанисинде колдонулат. – Кош, жолдош башкарма! Акийма карындашка кандай байге болот? (Жантөшев). – Кош, эмне дейсиң? – деди Сарыбай (Абдукаримов).
1. Бир нерсеге кошумча кылуу, кошумчалап көбөйтүү, бириктирүү, аралаштыруу. Уйларды бадага коштуңбу? («Ала-Тоо»). Май, кант кошуп аралаштыргыла («Ала-Тоо»). Бизди тойго айткан экен. Актык иш эмеспи, бир козу кошолу (Касымбеков). Таң жели алпештенип согулганда Гудок да үнүн кошту болжоп таңга (Бөкөнбаев). 2. Баш коштуруу, турмуш курдуруу, үйлөндүрүү. Эр Курманбек баатырга, Канышайды кошомун («Курманбек»). 3. Арабага, сокого атты, өгүздү чегүү. Араба кошуп ат айдап, Кандайсың буудай тартканга (Осмонкул). Жумагүлдөр кайра келип сокону кошкон кезде, таң сергий берди (Элебаев). 4. Кимдир бирөөнүн, көбүнчө көз жумган адамдын кылган иши, кыял-жоругу, турмушу ж. б. жөнүндө айтып ырдоо же ыйлоо, кошок айтуу. Алима эже өзүнүн каргылданган үнү менен күйөөсүн кошуп ыйлап жатты (Абдукаримов). Султаным атам өттү деп, Үйүңдө кошуп ким калат (Жантөшев). 5. Жамакчылык кылуу.
КОШАБЫШ — кырк чоронун бири Абыштын ылакап аты. Кошту, колду эсептөөгө маш болгондуктан «Кошчу Абыш» — «Кошабыш» аталган К-тын « Кошу болсо, кол болсо Э дегиче аскердин Эсебин алчу неме...» экендигинен улам Манас Алоокеден согушкуң келбесе Бооке менен К-ты бергин деп талап коюп, экөөнү тартууга алат (Сагымбай Орозбаков, 2. 196—197). Ошондон баштап Бооке менен К. Манаска чоро болуп калышат, к. Абыш.
co-authoring (noun)
A process by which multiple authors edit a shared document simultaneously, or collaborate effectively even when they are not online at the same time.
КОШ-АРАЛ — топоним. Көкөтөйдүн ашында байгеге чапкан күлүктөр К.-А-дын бою аркылуу келе жаткандыгы айтылат. Географиялык реалияда Казакстандын түштүк-чыгышындагы жер.
КОШ-АРТЫШ — топоним. Көкөтөйдүн ашында кекенип калган кандар Манаска каршы кутум уюштуруп, убадалашканда айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 13). Географиялык реалияда Кашкар аймагындагы кыргыз жери.
КОШ-АШУУ — топоним. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө: «Кош Кара-Көл, Кош-Ашуу Кошуң менен эсен бол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 24),— деп Каныкей Таластан Букарга качып кетеринде өзү жашап жүргөн жер катары эскерет.
КОШАЯЛДУУЛУК (КӨПАЯЛДУУЛУК) – бирдиктүү чарба жүргүзүү менен, 2 же андан көп аял менен чогуу жашап, үйбүлөгө каршы жасалган кылмыш. Ошол эле учурда, 4 аялга чейин алууга улуксат бере турган мусулман укугундагы өлкөлөр да бар.
КОШБАЖЫ ТАРИФИ – 2 катар бажы алымдарынын чени менен коюлуп (жогорку жана төмөнкү), алардын арбири белгилүү бир мамлекеттин товарына карата саясий-соода мамилелерине жараша колдонула турган татаал тариф.
Боюнда бар. Бирок, кудай жалгап, аялым бат эле кош бойлуу болду (Эшмамбетов). Каным кош бойлуу эле («Ден соолук»). В.: Кош кабат. Келиндин кебетесине караганда кош кабат өңдөнөт. Зарылдын кош кабат болушу Көзөрбекке жаккан жок.
КОШБОЙЛУУЛУК – бойго бүтүү жана түйүлдүктүн өсүшүнө байланышкан физиологиялык жүрүм. Укуктун айрым тармактарында К. белгилүү юридикалык натыйжаларга алып келет. Кылмыш-жаза укугунда К. айыптууну жазалоодо жеңилдетүүчү жагдайлардын бири, ошондой эле анын камалуусун кийинкиге калтырууга негиз боло алат. КР эмгек укугунда К. биркатар кошумча укуктарды, жеңилдиктерди, кепилдиктерди ж. б. берет.
КОШ-ДӨБӨ — топоним. Коңурбай Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганда Манас ачуусу келип чабуул койгондо, Коңурбай коркконунан тартуу тартып кутулган жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 143). Географиялык реалияда Каркыра өрөөнүндөгү жер.
КОШЖАЗЫМ – ар чарба аткарымдарынын бир эле суммасы 2 эсепте тең чагылдырыла турган бухгалтердик каттоо усулу: бир жагынан дебетте, бир жагынан кредитте. К-да, чарбачылык аткарымдардын маани-маңызын талдоого мүмкүндүк бере турган, корреспонденция деп аталуучу эсептердин өзара кош байланышы келип чыгат. К. усулун колдонуу бухгалтердик алдоо болуп саналат. К-дын теңсалмактуулугу бухгалтердик эсептин ынанымдуулугун ырастап турат.
Жеген-ичкенин сиңире албай калуу, көтөрө албай калуу, күптү болуу (көбүнчө алгыр куштарга карата). Алымдын жанында отурганы чыныны колуна алып, кош жем болгон кулаалыча кекейип туруп чайды бир ууртады (Жантөшев).
1. Эки түгөй, эки даана, жуп. Болоттон кылган чоюн баш, Кош колдоп кармап имерди («Манас»). Кош тараптан шаштырып, Колдорун сунуп маш кылып («Эл адабияты»). Жүргүнчүлөр отургандардан кийин, кош моторлуу машина абага көтөрүлдү (Жантөшев). Кош ууч арпа азыгым, Музоо багар жазыгым («Манас»). 2. Кош өгүз чегилген, б.а. эки өгүздүү соко, ал соко менен жер айдоо. Жер айдоо маалы. Кош айдап жаткан кез (Элебаев). Алайда кыш узак болот да, кош кеч чыгат (Жантөшев). Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт (макал).
1. Кичине боз үй, жеңилдетилген боз үй (убактылуу жашоо үчүн ылайыкталган). 2. Жүрүш учурунда колдун – жоокерлердин убактылуу токтогон жайы. Бул сөз кээде оорук деп да аталат. Чоң курулушка келгендердин кошторунан уюлгуп түтүн чыгып турду (Сасыкбаев). Малчылар кошторун артты (Убукеев). Кош колоңдун баарысын, Кош атына жүктөшүп («Манас» С. О.). 3. Көчмөн элдин жүгү. Алты атка кошун жүктөтүп, Алтынды башка арттырып («Манас»). 4. Колдун, же жалпы эле жолдо, өз айылынан башка жерде (конокто, аш-тойдо ж. б.) жүргөн адамдардын өз ынтымагына, туугандык белгисине, же башка байланыштарына карата бөлүнгөн анча чоң эмес тобу. Кош башына бирден бээ, Коштоп келип союшуп («Манас» С. О.).
кошка I ж. (животное) мышык; между ними чёрная кошка пробежала экөөнүн оту күйүшпөй калган (экөө-нүн мамилеси сууп калган); кошки на сердце скребут жүрөктү мышык тырмалагандай (бушайман болуп); знает кошка, чьё мясо съела погов. мышык кимдин этин уурдаганын өзү билет. кошка II ж. кошка (1. муздун үстүнөн жүрүүгө, жылбышкак бийик нерсеге чыгууга арналган таманы учтуу жоон мыктар кагылган бут кийим; 2. тех. жыгач столбого чыгуу үчүн бутка кийилүүчү орок сыяктуу аспап; 3. тех. бир нерсени илип алуу үчүн өндүрүштө колдонулуучу ар түрдүү илмектердин аты). кошка III ж. уст: (ремённая плеть) шапалак (бир нече кайыштын учу бириктирилип жасалган шапалак).
КОШ КАМСЫЗДАНДЫРУУ – камсыздандыруу объектиси бирнече камсыздоочуда камсыздандырылуу менен, жалпы өлчөмү камсыздандыруу наркынан жогору болгон камсыздандыруу. К. к-да камсыздандыруу келишиминин арбириндеги мүлк жалпы камсыздандыруу келишиминдеги өлчөмгө салыштырмалуу кенедей эле өлчөмдү түзүп калат. Камсыздандыруучу камсыздоочу менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн камсыздоо өлчөмүнүн чегиндеги каражатты баардыгынан тең алууга укугу бар. Камсыздандыруу каражаты чыныгы тарткан зыяндын ордун жаппай калса, камсыздандыруучу жетпей калган каражатты башка камсыздоочудан алат. К. к-да, тарткан зыян орду башка камсыздоочу тарабынан төлөнгөндүгүнө байланыштуу, камсыздоо каражатын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулган камсыздоочу үнөмдөлгөн өлчөмдүн тийешелүү бөлүгүн ошол камсыздандыруучуга төлөп берүүгө тийиш.
(Felis) мадылдар; жапайы мышыктардын бир уруусу, буларга кыйла түр кирет: кошка андская (F. jacobita) — Анды мадылы, к. барханная (F. margarita) — кум мадылы, к. бенгальская — к. Кот дальневосточный, к. дикая — к. кошка лесная, к. длиннохвостая — к. к. степная, к. европейская — к. к. лесная, к. лесная (F. sylvestris) — токой мадылы, к. пампасская (F. colocolo) — Пампасс мадылы, к. рыбья (F. viverrinus) — балыкчы мадыл, к. степная (F. lybica) — ала мышык, к. черноногая (F. nigripes) — кара шыйрак мышык, Африканын чолундо кезигет.
~: кошколдоп (кош колдоп) двумя руками, обеими руками; кымызды кошколдоп сунат кумыс подают (предлагая гостю) двумя руками (а не одной, что считалось бы невежливым); кошколдоп тосуп алды он встретил, подав для пожатия обе руки (подавать одну руку киргизы стали после революции, восприняв это от русских).
КОШ КОЛДОНУУДАГЫ ТОВАРЛАР – жарандык максаттарда пайдаланылуучу, бирок курал-жарактарды, аскер техникаларын жана ок-дарыларды, а. и. жапырт кыргын салуучу куралдарды жана аларды жеткирүү каражаттарын өндүрүүдө дагы колдонулуучу жабдуулар, материалдар, чийки заттар, технологиялар жана илимий-техникалык маалыматтар.
~: кошкоштоп 1) попарно; 2) посменно (делая то одно, то другое); кошкоштоп кийип суусар бөрк фольк. меняя куньи шапки (напр. надевая одну дома, другую на людях).
1. Эки анжы, олку-солку, чечкиндүү эмес, көңүлсүз, кайдигер гана. Тосор шашпастан мурутун сылап, жоопту кош көңүл кайтарды (Эшмамбетов). Бул окуяга кош көңүл мамиле жасады (Абдукаимов). Теңсинбегендей чоюлуп жай басканы, камырап да койбогон кош көңүл мамилеси мени таң калтырды («Ленинчил жаш»). 2. Талгак. Гулжан, сен абдан азып кеттиң. Кош көңүл болуп жүрбө? (Байтемиров). Жеңе, кош көңүл деген эмне? Ал талгак деген сөз болот («Ала-Тоо»).
1. Эки анжы, олку-солку, чечкиндүү эмес, көңүлсүз, кайдигер гана. Тосор шашпастан мурутун сылап, жоопту кош көңүл кайтарды (Эшмамбетов). Бул окуяга кош көңүл мамиле жасады (Абдукаимов). Теңсинбегендей чоюлуп жай басканы, камырап да койбогон кош көңүл мамилеси мени таң калтырды («Ленинчил жаш»). 2. Талгак. Гүлжан, сен абдан азып кеттиң. Кош көңүл болуп жүрбө? (Байтемиров). Жеңе, кош көңүл деген эмне? Ал талгак деген сөз болот («Ала-Тоо»).
Кошкурук атуу, кошкурук салуу. Ашырдын аты кошкуруп жалт берди (Сасыкбаев). Токтогул жакындаганда бээ жер чапчып дагы кошкурду (Токомбаев). Жылкылар кошкуруп-бышкырып жер чапчый баштады (Убукеев).
Жылкынын бир нерседен чочуганда, үрккөндө чыгарган дабышы, бышкырыгы. Азоолордун таноолору дердеңдеп, кошкурук атып, жалт кайра бурулушту («Жаш ленинчи»).
~, ая, -ое 1. түш көрүп, жаман уктоо; тынчсыз; кошмарный сон коркунучтуу түш көруп, кыйналып уктоо; 2. перен.разг. эң оор, азаптуу, өтө жаман, эң жаман.
КОШНИКЕ – кээбир өлкөлөрдөгү (м.: Германияда) нике менен үйбүлөгө каршы кылмыш. Кошаялдуулуктан (көпаялдуулуктан) айырмаланып, мында бир эле учурда бирнече юридикалык никеде туруу менен, эркек үчүн да, аял үчүн да бирдей жоопкерчиликти карайт.
1. вместе, совместно; сени менен кошо барам я отправлюсь с тобой; таң менен кошо ойгон- просыпаться с рассветом; алганы менен кошо карысын (свадебное пожелание молодожёнам) пусть состарятся вместе (т.е. пусть доживут вместе до старости); 2. вдобавок, добавочно; суусаганга кымыз бер, сураганга кошо бер погов. жаждущему дай кумыса, просящему дай добавочно.
КОШО АТКАРУУЧУЛУК – кылмыш-жаза укугунун теориясында кошо катышкандыктын бир түрү, мында эки же андан көп адам бир эле кылмыштын аткаруучулары болуп саналышат.
КОШОЙ — эпостогу негизги оң каармандардын бири, элдин башын кошуп туура жолго баштаган терең акылман карыя жана өз элинде да, душмандын ичинде да теңдеши жок балбан, баатыр адам. Ал жигердүү кол башчылыгы менен да, жекече баатырдыгы менен да башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Кытай кандары кыргыздарды чаап, «бирин айдап Эренге, бирин айдап көз көрбөгөн тереңге» туш-тушка таратканда жалгыз гана К. душманга бой бербей, Чеч-Дөбөнү жердеп калып, «Жети өзөндөй кайран жер, Эби менен жер кылып, Жети өзөндө кыргызды, Эптеп жүрүп эл кылып, Кулаалы жыйып куш кылган, Курама жыйып журт кылган» (Саякбай Каралаев, 1. 111) баатыр кол башчы. Алтайга сүрүлгөн кыргыздардын Манастын башчылыгы астында ата конушу Ала-Тоого кайрылып көчүп келишинде мурдатан ошол аймакта жашап, орун-очок алган, белге таңуу бек айбат баатыр катары негизги таяныч болот. Ошондой эле Манаска чейин эле ата журтту баскынчы душмандан бошотууга өз алдынча кыйла ийгиликтүү аракет кылган баатыр. Ал Кашкарга жасаган жортуулунда Манаска кошулганга чейин эле жоонун көптөгөн баатырларын, аярларын, кандарын айла-амал, баатырдык менен жеңип, кыйла жерди душмандан бошотот. Эпосто К. «калк атасы», «эл атасы», «элдин уюткуу», «олуя», «даанышман», «акылман» деген туруктуу эпитеттер менен сыпатталат. Т. Герцен. Кошой.
Кыргыз журтчулугунун ичиндеги ары эң улуусу, ары акылман, калыс, алп турпатына төп келген кайрат-күчү мол адам К-ду Манас баштаган бардык кыргыз баатырлары кадырлап, зор урмат менен «Абам Кошой карыя» деп кайрылышат. Эл ичинде зор кадыр-баркка ээ болгон К. бардык кыргыз уруулары баш кошкон чоң жыйындарды башкарат (мисалы, Көкөтөйдүн ашын башкаруу ага ыйгарылат), орчундуу маселени чечүүдө эл ага кайрылат, анын кеңешин угуп, жардамын алышат (мисалы, кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келээрдин алдында Манас атайы Чеч-Төбөгө келип, К-го жолугуп, анын кеңешин угат, Чоң казаттын астында Манаска каршы кутум уюштурмакчы болгон он эки кан ага кеңеш салышат, бирок К. алардын туура эмес иш баштап жатканын айтып, колдобойт). К-дун эл ичиндеги кадыр-баркы анын Манаска карата мамилесинен да ачык көрүнөт. Эч ким даап келип тике сөз айта албаган Манаска К. гана жүйөлүү сөзүн тартынбай айтат; керектүү кеңеши, акыл-насааты менен бирге, кемчилигин да ачык көрсөтүп, керек болсо жалпы иштин кызыкчылыгы үчүн калк астында да жемелей алат. К-дун намыстуулугу, кайраттуулугу Көкөтөйдүн ашында таасын көрүнөт. Токсонго таяп карып калганына карабастан «Карысам да карпаңдап, Карт буурадай тартаңдап мен түшпөсөм капырга, Канкор да болсоң эр элең, Кайраты ашык неме элең, Сен түшпөсөң капырга, Кандай адам катылат» (Сагымбай Орозбаков, 3, 196),— дейт Манаска кайрылып, эч ким даап күрөшүүгө чыкпай койгон Жолой менен күрөшөт, жеңишке ээ болот. Эпосто ал экөөнүн күрөшү адаттан тышкаркы, кандайдыр өзгөчө адамдардын күрөшү катары сүрөттөлөт. Бирин-бири асманга топтой ыргытышат, көктөн келип буту тийген жерлери оюлуп, андан учкан чаңдан адамдар бири-бирин көрө албаган туман түшөт, күрөш бир нече күнгө созулат. К. ортодо уктоого үлгүрөт. Ушундай оор күрөштө жеңишке ээ болгон К-дун өзүнө теңдеши жок балбандыгы, башкалардан өзгөчө алптыгы баса белгиленет. Бул түрдөгү узакка созулган укмуштуу күрөш — кыргыз эпосторунда сейрек учуроочу көрүнүш. Ал эми Борбор Азиядагы түрк-моңгол элдеринин көөнө эпосторунда салттык мотив катары кеңири учурайт. Мисалы, шор элинин «Картыга Перген» деген эпосунда эки баатырдын кармашы төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:
Аттан түшүштү,
Жакага жабышышты,
Алкымдан алышышты,
Ак деңиз чайпалды,
Ак тоо козголду,
Көз көрбөс кара туман түштү.
Булар ал жерде
Тогуз жыл кармашты (Шорский фольклор. М. — Л., 1940, 10-б.).
Келтирилген мисал менен салыштырганда Кошой менен Жолойдун күрөшү баатырдык жомоктордогу каармандардын күрөшү менен типтеш келип, бул каармандардын образынын байыркылыгын, мифтик-фантастикалык көз караштын негизинде жаралганын кабарлап турат. Алардын образдарынын байыркылыгын сырткы келбеттеринин сүрөттөлүшү, мүнөздөрүнүн көп белгилери айныксыз айгинелеп турат. «Чоңдугу тоонун теңиндей, «эки бетин караса, эки даңгыт тойгондой». «Көзү казган ородой», «колу кырк жылдык чынардай», «кашы комдонуп жаткан кара иттей», «кулак калканы кол чатырдай», «төш жайыгы тоонун керисиндей», «аркасы ат жарышчу талаадай», «бир күндө жеген ашы 9 бука, 9 кочкор, 9 айгыр эти», «90 саба кымыз ичкен» Жолой укмуштай зор сырткы түрү менен эч кимден жеңилгис көрүнөт. Ошондуктан «Жолойго киши жолойбу» деп К-дон башка эч ким аны менен күрөшүүгө даабайт. Эгерде эпосто Жолойдун сырткы келбети гротесктик гиперболалаштыруу менен ары күлкүлүү, ары коркунучтуу сүрөттөлсө, Кошойдун алы-күчү мол алп адам экени айрым деталдар, штрихтер аркылуу таасын берилет (эпостун эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки этаптарында каармандардагы уруулук коомдун мифологиялык түшүнүктөрүнүн негизинде пайда болгон дөөлөргө таандык өтө зор сырткы келбет терс көрүнүш катары кабыл алынып калгандыктан, башка оң каармандарга да мүнөздүү мындай көрүнүштөр акырындап сүрүлө баштайт). Жолой менен күрөшкөндө белин он алты жигитке тебелетип жаткан К. аларды эргежээлдердей эле көрөт:
Окторулуп эр Кошой
Ордунан тура калганы.
Жонундагы жүргөндөр
Томолонуп калганы.
Чоң кишээ чыккан балдардай
Кыйрап жерде калганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 217).
Күрөшкө кийип түшөргө ага чак шым табылбайт, жадесе Каныкей Манаска тиккен кандагай тарлык кылат (бул жерде эпос боюнча кыргыздардын башкы баатыры болгондон кийин Манас бардык жагынан кол жеткис бийик үлгү катары караларын эске алганыбыз жөн). Качан гана Каныкей капшырып койгон жерин жазып жиберишкенден кийин гана, баштагыдан кыйла кеңейген шым К. абаңа чак келет. Кээ бир манасчылар анын теңдешсиз зор адам экенин: «Токсон койдун териси, томугунан тон болгон» — деп сүрөттөшөт. К-дун образын жалаң сырткы турпатынын көрүнүшү жагынан гана эмес таптык коомго чейинки фольклордун, синкреттик мифологиянын каарманы — түпкү баба — маданий каарманга мүнөздүү кээ бир функцияларга ээ экендиги менен байыркылык кылат. Бул жерде Сагымбайдын жана ага жакын турган варианттарда К-дун Кашкарда жана анын айланасындагы жерлерди аярлык өнөргө салып каратканын баяндаган өзүнчө сюжетке ээ көлөмдүү эпизодду эсепке албаганда да, ага туруктуу колдонулган салттык мүнөздөмөлөрдөгү: «Бекип жаткан бейиштин, Эшигин ачкан эр Кошой» — деген ыр саптардын өзү эле анын кандайдыр жөн гана кадыресе адам эмес, адаттан тышкары касиеттерге ээ адам экенин кабарлап турат. Ушуга байланыштуу В. М. Жирмунский: «Мүмкүн бул жерде мусулмандашкан формада «каармандын өлүктөр дүйнөсүнө барып келгендиги жөнүндөгүгө» окшош баян сакталган» — деген ой айтат. Окумуштуу көрсөткөндөй бул мотив Төштүк, Жүгөрүлөрдүн жер астына түшүп чыгышына катарлаш каралууга тийиш. «Төштүк» эпосунун сюжетинин негизин башкы каармандардын жер астына түшүп, нечен укмуштуу тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңип, жер астынын каны Көкдөөнүн кызына үйлөнүп, жер үстүнө алы чыгышы түзөт. Мындай сюжет түпкүлүгүндө адамдардын жашоосуна зарыл дөөлөттөрдүн булагын анын ээси же сактоочусу Улуу Энеден (табияттан) жеңип алууга такалары фольклористикада аныкталган көз караш болуп саналат (кыргыз эпосторунун ичинен «Кожожаштагы» Молдожаш кайберендердин энеси Сурэчкини жеңип, анын кызы Ашайранга үйлөнүшүндө бул мотив ачыгыраак сакталган). Демек «бекип жаткан бейиштин эшигин ачкан» (башкача айтканда тигил дүйнөдөгү жыргалдын эшигин ачкан) эр К-дун поэтикалык образы жана анын айланасындагы баян түпкүлүгүндө таптык коомго чейин пайда болгон маданий каарман жөнүндөгү мифтик-фантастикалык эпикага барып такалат. Ушул көз карашта Кдун Жаангер Кожонун (Айкожонун) кытайлар зордук менен кармап кеткен уулу Билерикти (Сагымбай Орозбаков), башка варианттарда Кожонун кызы Билерикти куткарып чыгышы кыйла кызыктуу факт болуп саналат. А. А. Валитова «Манастагы» Жангаркожо жана анын баласы Билерик жөнүндөгү эпизодду 1822—28-жылдардагы Жангаркожонун кытайларга каршы көтөрүлүшүнө байланыштуу Чыгыш Түркстандагы тарыхый окуя менен байланыштуу караган. В. М. Жирмунский бул пикирди негизинен колдоп келип, төмөндөгүдөй туура жыйынтык чыгарган: «Бирок 19-кылымдын орто ченинде белгилүү болгон Кошойдун Кашкарга жортуулу жөнүндөгү эпикалык салттын байыркылыгы жана С. Орозбаковдун вариантында бул каармандын эрдигинин жомоктук мүнөзү көрсөтүп тургандай жаңы аттар жана аларга байланыштуу сүйүү мотивдери бир кыйла байыркы, мурда эле түзүлгөн баянга кирген деп айтууга негиз берет» (Жирмунский В. И. Тюркский героический эпос. Л., 1974. 65-б.). К. жөнүндөгү мифтик баяндын түрк элдеринде өтө байыркы мезгилде пайда болгондугун түздөнтүз ырастоочу бир Оригиналдуу, өтө кызык факт бар. Орус элинин оозеки чыгармачылыгында Өлбөс Кощей (Кощуй) деген, бери болгондо 10-кылымдан белгилүү жомоктук кейипкер бар. Ушул кейипкердин К. менен генетикалык типологиялык жакындыгы бар экендигин төмөндөгүдөй айрым фактылар ачык далилдейт (орустар Өлбөс Кощейдин образын жана ага байланышкан баянды маданий таасир катары 5-кылымдан тартып байыркы кыргызддар менен тектеш түрк уруулары гунндардан, болгарлардан, хазарлардан, печенегдерден, кыпчактардан кабыл алышкан). 1) Кошой менен Кощейдин (Кощуйдун) ысымдарынын аталыштары окшош жана бул сөздөрдүн келип чыгыш төркүнү тектеш, -маанилеш келип, байыркы түрк тилдериндеги «кошуу», «ыр жаратуу» деген сөздөрдөн тараган. Б. А. Рыбаков бул сөздүн байыркы орус тилинде колдонулушун изилдеп келип, мифологиялык баянды аткаруучу, сыйкырчы деген мааниге ээ экендигин көрсөтөт. К-дун аты ушуга жакын мааниге ээ. Ал кыргыз тилиндеги «кош» («ырга кошуу», «ыр жаратуу») деген жана байыркы кыргыздарда адам аттарын уюштуруучу «-ой» аффиксинен турат. Байыркы кыргыз тилинде магиялык түшүнүк менен байланышы бар антропонимдерди ушул түрдө жасоо салт болгонун ошол кезде көчмөндөр сыйынган тотемдик пирлердин аттарына («Бекбекей», «Саксакайга») салыштыруу ырастайт. Бул аттар да «кош» сыяктуу «бек», «бек», «сак», «сак» деген буйрук этиш сөздөрдөн жана «-ой» аффиксинин фонетикалык варианттарынан («-ей», «-ай») турат. Кыргыздар али магиялык ишенимден чыга элек байыркы уруулук коомдун тушунда пайда болгон, элдик чыгармачылыктын эң алгачкы үлгүлөрүнүн бири «Бекбекейдеги» пирлердин аттары менен «Кошой» аттуу ысымдын жаралуу жолунун типтештиги — анын байыркылыгынын дагы бир белгиси. Жыйынтыгында «Кошой» ырга кошуунун, ыр чыгаруунун пири же байыркы орустардын Кощейиндей мифтик баяндап айтуучу, сыйкырчы деген ойго келүүгө болот. 2) Кошой менен Кощейдин образдарынын да окшоштугу Кощейдин «өлбөс» деген эпитети көрсөтүп тургандай чексиз узак жашаган кары, К. да өз элиндеги өтө узак жашаган адам, ошондой эле экөөнүн тең сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрү алардын ысымдарына шайкеш келет. Байыркы уруулук коомдо адамдын сыйкырчылык, кубулуучулук өнөрүн сөздүн, ырдын магиялык касиетине байланыштырып карашкан. Ошондуктан уруу аксакалдарынын туруктуу атрибуту көзү ачыктык ырчылык болгон. Буга байыркы түрк элдеринин «Огузнамесиндеги» 550 жыл жашаган, өз элинин акылман таалимчиси, кандарынын башкы кеңешчиси, келечекти алдынала көрө билген олуя Коркут ата; карельфиндердин «Калеваласындагы» өз уруусунун аксакалы, жол башчысы жана насаатчысы, даанышман аяр Вейнемейнендердин сыйкырдуу ырчылары болушканы ачык мисал боло алат. 3) Кошой менен Кощейдин айланасында жүргөн окуялардын сюжеттеринин да бири-бирине окшоштугу. Экөөндө тең оң каарман зордук менен колго түшүп, камакта жаткан кызды сыйкырдуу амал-айла менен куткарып, кайра өз элине алып келет. Келтирилген аргументтердин негизинде Кошой менен Кощейдин образдары жана алардын айланасындагы окуялардын сюжетинин генетикалаш экенин белгилеп, К-дун образы 5-кылымдан алда канча мурун пайда болгонун болжоого болот. Анткени, бул образды, сюжетти түпкү мекени Борбордук Азиядан өздөрү менен ала келип орус элинин чыгармачылыгына маданий таасир катары өткөргөн түрк урууларынын кыргыздардан ажырашып батышка оой башташы ошол доорлорго туура келет. Укмуштардын өлкөсү кытайдан өнөр билимге ээ болуп келген Алмамбетти эсепке албаганда К. — кыргыз кол башчыларынын ичинен аярлык укмуш өнөргө ээ бирден бир каарман. Аярлык менен бирге, колдоочулук, жаратуучулук, көзү ачыктык касиеттери да бар. «Батасы журтту байыткан», олуязаада К-дун батасынан Семетей бойго бүтүп, аты да ал тарабынан коюлуп, келечеги алдын ала айтылат. Тоголок Молдонун вариантында Манастын өзү да анын батасынан бойго бүткөн делет. Мамбет Чокмор уулунун вариантында К. Манастын тагдырынын урунттуу учурларында катышат; Саякбай Каралаевдин варианты ндагыдай көп жардамынан кийин Манасты кан шайлоо менен бирге, Каныкейге куда түшүп, калың төлөп үйлөндүрөт. Башка варианттарда бул ролду Манастын өз атасы Жакып (Сагымбай) же Бакай (Саякбай) аткарат. Бир катар варианттарда К. Манастын колдоочусу, пири катары сүрөттөлөт. Саякбай Каралаевдин варианты нда Нескара, Жолой менен болгон экинчи урушунда Манас алгач күткөн кырк чоросунан, минген аты Торучаардан ажырап, калмак-кытайлардын курчоосунда калганда көп кол менен атайы аттанып чыгып Жарманас менен Билерикти туткундан бошотуп келаткан К. Манаска келип, жардам берип куткарып алат. Жолукканда эле аны пирим бол деп жүргөн Манас эми аны нагыз пирим деп тааныйт:
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Туйбаганды туйгузуп,
Туура жолго киргизип,
Тосуп барып кан Кошой
Тоодой болгон төрөңдү
Алтайдан тосуп алыптыр.
Белгилүү Кошой абакең
Өчкөн отун тамызып,
Берен Манас султандын
Өлгөн жанын тиргизип,
Үзүлгөнүн улаптыр,
Чачылганын жыйнаптыр.
Катагандын кан Кошой
Пир туткан жери ал болду.
Ошондо Кошой карыя,
Оён Манас көк жалга
Олуя заада жан болду (Саякбай Каралаев, 1. 161).
К-дун образынын саналып өткөн бир катар белгилерине карап анын негизи тарыхка чейинки уруулук коомдун идеологиялык синкретизминин туундусу түпкү баба — маданий каарманга барып такаларын көрүү кыйын эмес. В. М. Жирмунский ушул типтеги каарман жөнүндө белгилегендей: «Ал акылман патриарх, көзү ачык жана олуя. Бул функциялардын минтип бир адамда төп келишип турушу поэзиянын байыркы синкретизми жана магиялык каада-салт үчүн мүнөздүү болгон». К-дун образы бул жагынан алганда жогоруда белгилегенибиздей Коркут ата, Вейнемейнендер менен типтеш. В. М. Жирмунскийдин Коркут жөнүндөгү: «Коркут барыдан мурда уруу жетекчилеринин жана элдин башында турган даанышман патриарх, ал хандарды шайлайт жана түшүрөт, хандарга жана элге кеңеш берет, анысы олуялык көрөгөчтүк жана осуят катары ишке ашырылат, ал эл ичиндеги эң башкы адам катары кадыр-сыйга курчалган, анын керт башы ыйык, анын алдында анын сөзү менен шайланган огуз хандары жүгүнүп турушат», — деп айтканы (В. М. Жирмунский. Тюркский героический эпос. Л., 194, 541-б.) толук бойдон К-го да туура келет. К. түрк элдериндеги байыркы эпикалык каарман болгондуктан жеке кыргыздардын «Манасында» гана эмес, башка тектеш элдердин оозеки чыгармачылыгында да жолугат. Мисалы, казак, кара калпак элдеринин фольклордук чыгармаларында Эр Кошой деген кеңири белгилүү кейипкер бар. Казак элинде «Эр Косай» аттуу эпостун бир нече варианты бар. Анын мазмуну Чоң Алайдагы кыргыздардан жазылып алынган жөө жомок менен окшош келип, экөөнүн генетикасы бир. Казактардын «Көкчөнүн уулу Эр Косай» деген экинчи бир көп варианттуу эпосу сюжети боюнча «Манас» менен жакындыгы жок болгону менен эки эпостун тең башкы каармандары Аккула минген Манас, Көкчө, Кошой экендиги көңүл бурарлык көрүнүш. Казак элинин эпикалык чыгармаларында К. кыргыздардыкына жакын сүрөттөлүп, ал чексиз балбан, кээ бирлеринде токсон жаштагы акылдуу, нускалуу карыя. «Манас» эпосунун жалпы эле өнүгүү мыйзам ченемине ылайык К-дун образы жана анын айланасындагы окуялардын сюжети коомдук мамилелердин, идеологиянын алмашылышын чагылдырат жана көптөгөн катмарланууга, кайрадан курулууга, өзгөрүүлөргө туш болгон. Ал тарыхка чейинки уруулук коомдун синкреттик мифологиясынын каарманы түпкү баба — маданий каармандан тартып, уруунун патриархы, жомоктук укмуштуу балбан, тарыхый окуялардын катышуучусу—реалдуу адам, элдин көсөм карыя жетекчисине чейинки бир катар өзгөрүлмөлүү тарыхый жолду ырааттуу басып өткөн. Анын образынын реалдуу адам менен жуурулушуп, тарыхый окуяларга катышуучу катары көрүнүшү болжол менен 9—10-кылымдарга туура келет. Эне-Сайлык кыргыздардын ошол доордогу улуу мамлекетин ыдыраткан кара кытайлардын хандарынын династиясы Елуй прототиби болгон Жолой менен өмүр бою салгылашып жүрүшү ушул ойго түртөт (К-дун өзүнүн эскерүүсүндө Көкөтөйдүн ашындагы күрөштөн тышкары мурда да ал Жолойду бир нече жолу жеңет). К-дун айланасында тарыхый окуялардын катмарланышы 16-кылымдан тартып айрыкча күч алганын белгилөөгө болот. Кыязы 16—19-кылымдын аралыгында Орто Азия, Чыгыш Түркстан жана Түндүк Ооганстандын тарыхында катаган уруусу ири саясий күчкө айланып, активдүү роль ойношу жана элдик аңыздарга караганда К. аттуу даңазалуу адамдын чыгышы байыркы эпикалык каарман К. менен контаминацияланып, жаңы катмардын пайда болушуна шарт түзгөн. 16-кылымда Султангазы султандын башчылыгы менен Кашкарияга көчүп кетишкен катагандардын өкүлдөрү өлкөнүн саясий окуяларына активдүү катышып, мамлекеттик чоң мансаптарды ээлеп келишкен. Алардын тукумдары — өздөрүн кыргыздын катаган уруусунан деп эсептеген эл азыр да Хотон, Жаркент аймактарында жашашат. Алар бир кезде өздөрүнүн К. деген баатыры болгонун эскеришет. Мына ушул окуялар 19-кылымда Жангир кожо кыргыздардын, кундуздук (Түн. Ооганстан) отряддын жана Чыгыш Түркстандагы жергиликтүү элдердин жардамы менен Цин династиясына каршы күрөштө Кашкар, Жаркент, Хотон шаарларын бошоткон окуялары менен толукталып, «Манас» эпосуна эпикалык каарман К-дун Жангир кожонун өтүнүчү менен Кашкар, Котон, Жаркент, Дагалак шаарларын бошотушу катары кирген. Аталган окуялар К-дун байыркы жомоктук жортуулу (колго түшүп кеткен кызды аярлык менен куткаруу) менен контаминацияланып, фантастикалык маанайда сүрөттөлгөнүн белгилей кетүү жөндүү. Сагымбай Орозбаковдо:
Кундуз, Талкан жайлаган,
Кундуздай кара ат байлаган.
Кабил ара жердеген
Кесенип жоону жеңбеген,
Аталык уулу эр Кошой
— делип, К-дун жердеген жери Түндүк Ооганстан, атасы Аталык болуп сүрөттөлөт. Муну «Манаста» К. катаган уруусунан болуп баяндалышына байланыштуу эпоско кийин кирген катмар катары кароо керек. 1628-жылдары катагандын кан Турсунун Эшимкан талкалап, Ташкенден сүргөндө, катагандын бир тармагы улам жер которуп отуруп, 17-кылымдын акыры ченде Бекмурат кан, анын уулу Махмуд-бий аталыктын жетекчилиги менен Ооганстанга көчүп барышып, биротоло туруп калышат. Демек, ушул тарыхый окуялардын айрым фактылары К-го байланыштырылып, «Манаста» чагылдырылган. Каратегиндеги кыштактын, Ат-Башыдагы чептин ордунун эпикалык К-дун атына байланыштырылышынын өзү көңүл бурарлык көрүнүш (к. Кошой-Коргон). «Манас» эпосунда К-дун образына байланыштырып кеңири сүрөттөлгөн эпизоддордон тышкары анын «күрсү тийип жонуна, кылыч тийип кыйлача» Акдөө, Көкдөө жана башкалар ар түрдүү жоолор менен «намыс бербей жашынан» кармашканы эскерилет. Буга бир катар түрк элдериндеги анын аты менен байланышкан эпизоддорду, кыргыз элиндеги жөө жомок, уламыштарды кошуп алганда ал качандыр бир кездерде көп катмарлуу, көп окуялуу, өтө көлөмдүү өз алдынча эпостун борбордук баш каарманы болгон деп болжоого негиз бар.
Р. Сарыпбеков
КОШОЙДУН-КАРА-ТООСУ — Ала-Тоо түркүмүндөгү тоо, Нарын жана Ат-Башы өрөөнүнүн ортосунда, Нарын тоо тизмегине кирет. Узундугу 27 км. Орточо бийиктиги 3530 м, эң бийик жери 4066 м (Кошойдун чокусу). «Манас» эпосундагы негизги каармандардын бири Катагандын кан Кошой кароол караган бул тоо эл арасында К.-К.-Т. аталат. Тоодон 50—60 км түштүк-чыгыш тарапта Ат-башы, Кара-Коюн өрөөнүнүн таманында Кошойдун коргону жайгашкан. Уламышта Кошой баатырдын Кара тоонун чокусундагы Манастын ордосунда туруп «балдар атка чөп салып койгула, малды сугаргыла, чыгаргыла» дегени коргондогуларга кадимкидей угулуп турчу экен деп айтылат.
КОШОЙ-КОРГОН — топоним. Ат-Башы кыштагынан 12 км батышта Кара-Коюн суусунун сол жээгиндеги эки бөлүктүү негизги чептен жана узун дубал менен курчалган кыйла чоң аянттан турат. Дубалдын бийиктиги 7 м, бурчтарына жана дубалды бойлой мунаралар курулган. Дубалдын үстү менен ат араба кенен жүргөн экен. Изилдөөлөргө караганда 10—12-кылымдарга таандык, мурдагы курулуш калдыктары учурайт. Кошой-Коргон (Ат-Башы өрөөнү).
Элдик уламышта «Манастагы» негизги каармандардын бири Кошойдун аты менен байланыштырылат.
КОШОЙ-ТОО — Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш тармагы Каракол жана Үч-Кошой (Таластын башы) сууларынын аралыгында чыгыштан батышка карай 36 кмге дого сымал созулуп жатат. Кошойдун Кара-Тоосу (Ат-Башы өрөөнү).
Элдик уламышта «Манастагы» негизги каармандардын бири Кошойдун аты менен байланыштырылган тоо.
кошок I 1. ряд овец, коз, связанных за шею друг с другом; коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт погов. у страха глаза велики (букв. испугавшемуся (всё) двойным кажется, а с тем, что к нему привязано, пятерным кажется); 2. перен. жена. кошок II этн. заплачка, причет (оплакивание в стихах умершего или невесты, когда её отправляют в аул жениха).
I зат. Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кошок кошуу. Кошок айтуу. КОШОКII зат. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, Кулундар да агытылды («САЖИ»). Короо-короо кой айдап, Кошогу менен саткан көп (Осмонкул).
КОШОК — дүйнөдөн өткөн адамга карата өкүнүү, күйүнүү, жакындык сезимин билдирүү менен муңдуу аткарылган кайгылуу ыр. К-тун элдик оозеки чыгармачылыктагы эң байыркы жанрлардын бири экендигин К., керээз түрүндө айтылган сөздөрдөн турган байыркы энесай-орхон жазуулары да далилдеп турат. Кыргыз элинде К. илгертен кеңири таралган, азыр да учурайт. Ал эми «Манас» жомогунда баатырлар өлгөндө жесирине тул салдырып берип, алтымыш кошокчу аял кошуп берип, аза күткөнү айтылат; Мисалы, Манас өлгөндө «Алтымыш катын кошокчу Тул түбүндө Акылай Баягы кайран жеңең Каныкей, Боздоп турду буркурап. Кошуп эле турат чыркырап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 13); Көкөтөй өлгөндө «Тулун туура тарттырып, Көкөтөйдүн жоктоосун Күлайымга айттырып» (Саякбай Каралаев, 2. 7). Адатта К. көзү өткөн адамга арналгандыктан ошол адамдын сапаттары, турпаты, аткарган жумушу, адамдарга мамилеси айтылган. Мисалы, «Манаста» Алмамбеттин аялы Арууке «тоодоюм», «падышам», «кабылан» деп атап кошот:
Тоодогу жылкы тогуз сан,
Тобурчак буудан аралаш,
Тосуп алар жаман ат,
Томсоруп жанды кууратпай,
Тоодоюм төрөм ала жат!
Падышам бармактайда баш кошкон,
Ошо же биттей кезде бириккен,
Канжыгаңа чала кет,
Караандаша кеткенге
Кабылан, мен чиркинди ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай бейбакты,
Кабылан, тарта кетчи койнуңа!
Отуз дайра бириксе,
Шар жериндей падышам,
Отуз тоо бириксе,
Ошондо тар жериндей падышам! (Саякбай Каралаев, 2. 224).
Адатта К-ту өлгөн адамдын ашы берилгенче айтышат. Ашты таратып бүткөндөн кийин гана жесирдин карасын алып, башка кийим кийгизишкен. Эпосто да Көкөтөйдүн ашы берилгенче аялы кара кийим кийип отурганы айтылат. Аш бергени Ташкенден көчүп чыкканда:
Алган жары Күлайым
Калдайтып кара кийгизип,
Кан Көкөтөй зыйнатын
Калайыкка билгизип,
Атанга жүгүн арттырып,
Алтымыштай катынга,
Тегиз кошок айттырып (Саякбай Каралаев, 2. 11),— жүрүп олтурушат.
Эпостогу К-тор мааниси гана эмес, формасы, түзүлүшү боюнча элдик К-го окшош жана К-тордо элдик поэзияга мүнөздүү эпикалык параллелдүүлүк, аллитерация, аксак уйкаш сыяктуу көркөм сөз каражаттыр кеңири жолугат.
3. Бектенов
Жамакчылар, ырчылар, акындар кимдир бирөөгө арнап ырдаса, ырга кошту деп коёбуз. Ошондон улам адам өлгөндө, кыз бергенде айтылган ырлар жалаң гана ошол кишиге арналат да, айтылган ырлар кошок аталат. Кош этишине зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып жасалган кошок сөзү «киши өлгөндө же кыз бергенде ырдалчу ыр» деген маани берип калган. Алтай тилиндеги буга уңгулаш кожоң сөзү, өзбек тилиндеги кошук, кара калпак тилиндеги косук сөздөрү жөн эле «ыр» деген маани берет.
КОШО КАМСЫЗДАНДЫРУУ – КР жарандык мыйзамдарына ылайык, бир объектини бир келишим боюнча бирнече камсыздандыруучулар менен биргелешип камсыздандыруу. Эгер мындай келишимде камсыздануучунун (пайдалануучунун) алдында ар камсыздандыруучунун милдеттенмелери аныкталбаса, алар анын алдында мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн же жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу кошундусу үчүн ортоктош жооп беришет.
Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кара кошок сөз менен Кайгыңды тартып ыйладым (Тоголок Молдо). Чачты жазып коюп, күнүгө үч маал кошок айтып үн салып ыйлашым керек (Убукеев). Атанга жүгүн арттырып, Алтымыштай катынга, Тегиз кошок айттырып («Манас»).
КОШОК КУРС – улуттук валютанын кундук курсун кошоктото белгилөө аркылуу жүргүзүлө турган мамлекеттик валютаны жөнгө салуу усулу: коммерциялык жана каржы аткарымдары боюнча өз-өзүнчө.
зат. Кошокту кыйын билген, кошокту жакшы айта алган адам (көбүнчө аялдар). Күйгөн катын — кошокчу (макал). Кошокчу Бурма дегенди уктуңар бекен? (Аалы).
ир. 1. комплимент, лесть; подхалимство; лицемерие; кошомат кыл- льстить, подлизываться; кошомат кой сойдурат или кошоматка кой соёт погов. подхалимство заставляет овцу резать (чтобы угодить); 2. уважение, почёт; кээ бирөөн карасаң, кошоматка ат берди фольк. на иных посмотришь - дали (им) коней, чтобы почтить.
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүүнүн аракети, ошондой максатты көздөгөн мамиле. Кошомат кылуу жойпулук, Кор кылар бир күн сени алдап (Бөкөнбаев). Кошоматка бай берчү, Кысыр эмдүү тайлардан (Калык).
Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев). Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың (Токтогул).
Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев). Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың (Токтогул).
Бирөөгө жагынуу, жакшы көрүнүү үчүн кошомат кылганды, кошоматтанганды жакшы көргөн адам. Кошоматчы кууларды Кондурба да түнөтпө (Токтогул). Кошоматчылардын бардыгы бет-бетинен качып жоголгон (Жантөшев).
КОШ-САЛАА — топоним. Кытай манжулардын жери. Алмамбет менен Сыргак Бээжинди бет алып чалгынга бара жатканда:
Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,
Кош-Салаа деген жер ошол.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Бекитип жаткан бел ошол,
Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),
— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.
КОШСАЛЫК – ар кайсы өлкөлөрдүн аргандай салык салуу түзүлүшүн колдонуудан улам келип чыккан жагдай. М., көп улуттуу компаниялардын чет өлкөдөн тапкан кирешесине киреше булагы болгон өлкөдө да, компания юридикалык каттоодон өткөн өлкөдө да салык салынат. К. сооданы өнүктүрүүгө жолтоо болорун эске алуу менен, резидент-компаниялардын кирешесинен салык алуунун өзара тартибин белгилей турган көпчүлүк мамлекеттер – салык салуу келишиминин катышуучулары (экономикалык шериктештик мүчөлөрү) келишимге компаниялардын кирешесинен бир гана өлкөдөн салык алына тургандай шарттарды киргизүүнү көздөп жатышат.
Double data type (noun)
A fundamental data type that holds double-precision floating-point numbers. It's stored as a 64-bit number ranging in value from approximately -1.797E308 to -4.940E-324 (negative), from 4.94E-324 to 1.797E308 (positive), and 0.
Бийлик, толук бийлик. Жетик уулу Дүр көзүнүн тирүүсүндө эле кош тизгинди алууга даяр (Бейшеналиев). Жаңы заманынын ээси экенибизди айкындап, кош тизгинди колго алганда жыламын (Бейшеналиев). Берчи, кош тизгинди. Байлап, матап чөгөлөтөйүн.
КОШТИЛДҮҮЛҮК – КР Конституциясына ылайык эки тилдүүлүк ырасмий (бекитилген) бышыкталган: кыргыз тили мамлекеттик тил болуп эсептелсе, ырасмий тил катарында орус тили колдонулат.
этиш. 1.Колдоо, кубаттоо, көтөрө чалуу, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). —Ал айтканың ырас, кагылайын, — деп Анткор кайта Жапарды коштоп койду (Баялинов).
2.Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кошо ала жүрүү. Максүт бир атты минип, бирөөнү коштой салып, жар, чаптуу тоону карай уюлгутуп көтөрүлө берди (Сасыкбаев). Надежда Сергеевнаны коштоп Дмитрий чоң сакал да келди (Сыдыкбеков).
1. взять (лошадь) в качестве запасной (для смены или на убой при дальнем пути); бир ат коштоп, бир ат минет он садится на одну лошадь, а другую берёт в качестве запасной; 2. вести лошадь в поводу так, чтобы она шла голова в голову с той, на которой сидишь, или взять за повод лошадь другого седока и вести; коштоп 1) парами, попарно; 2) посменно, сменяя; коштоп кий- надевать меняя (напр. шапку - одну дома, другую на людях); 3. перен. поддакивать, поддерживать чужое суждение; ошону айтсаң, - деди абышкасынын сөзүн кемпири коштоп вот ведь как, - сказала старуха, поддакивая своему старику; менин сөзүмдү жакшы коштодуң ты хорошо меня поддержал (букв. поддержал мои слова); 4. перен. вторить, подпевать; аккомпанировать; бири баштап, бири коштоп ырдашат поют так, что один запевает, а другой подпевает.
1. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кош кылуу, кошоктоо. Артыбыздан ат коштогон бала таскактатып жете келди («Ала-Тоо»). Айдай сары талаага, Атыңды коштоп жүргүлө (Калмырза). Сегиз азоону бири-бирине коштоп, Сейтказы менен Алыбай Ак-Күчүктүн талаасына кетишти. Күрөң уйга музоосун коштоп, сай менен ылдый көздөй айдап бараткан элек («Ала-Тоо»). 2. Кошо ээрчите басуу, өзү менен кошо алып жөнөө, ээрчитүү. Кожоюнду тумакчан киши унчукпай келип, колдон алып коштоду да, нары басты (Сасыкбаев). Балдар Абазды ортого коштоп, Сатарды көздөй алып барышты (Таштемиров). 3. өт. Бирөөнүн айткан пикирин, сөзүн колдоого алып кубаттоо, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). Бакен анын сөзүн коштоду (Каимов). Бири баштап, экинчисин коштоп ырдашты («Ала-Тоо»).
1. быть в паре с кем-л., сопутствовать друг другу; 2. перен. сблизиться, сдружиться; коштолушуп калыптыр Алмамбет, Чубак эки шер фольк. сдружились два богатыря: Алмамбет и Чубак.
КОШТОМО ДАЛИЛ – «экинчи колдон» алынган далилдер , м., өзү көрбөгөн, бирок бирөөнүн сөзүнөн улам билген күбөдөн алынган маалымат; документтин көчүрмөсүнүн же фотосүрөттүн, буюм далил калыбынын ж. б. жардамы аркылуу алынган далил.
КОШТОНДУ НУСКА – түпнуска менен юридикалык жактан бирдей күчкө ээ болгон (көчүрмөдөн айырмаланып), кандайдыр бир жазуу документинин экинчи же кийинки нускасы. Өзара бүтүм жасалганда, документ түпнускасы бир тарабына берилип калган учурларда даярдалат. Нотариалдык кеңседе документтин бир нускасы сакталса да, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн К. н берилет. Ал жарандардын, өзү же анын атынан күбөлөндүрүлгөн жеке жактардын арызы боюнча жоголгон документтердин коштондусу тапшырылат.
коштоо I 1. и. д. от кошто-; 2. запасная верховая лошадь (при дальних переездах для смены или на убой); колдун баарын аткарып, коштоосуна ат алып фольк. всё своё войско на коней посадив, запасных коней взяв; коштоодон семиз бээ союп, өргүп жатып алышып фольк. зарезав жирную кобылу из запасных, они остановились на днёвку. коштоо II южн. то же, чтокоштов.
follow (verb)
To track content, people or other entities by adding them to a list of things that you care about and for which you would like to surface updates about changes and activities.
cover letter (noun)
A letter that serves to introduce accompanying documents to the recipient. Often refers to a letter sent with a resume when applying for a job.
понуд. откошто- заставить вести (в поводу) запасную лошадь; аттарын мага коштотту он дал мне вести своих запасных коней; бир күлүктү мингизди, бир күлүктү коштотту фольк. на одного скакуна он посадил (его), а другого дал в качестве запасного; өзүнүн атын бошотуп, жолдошуна коштотуп фольк. своего коня он освободил (слез с него) и поручил вести своему спутнику.
коштош I участвующий с кем-л. в караване, в перекочёвке; ал менин коштошум он находится в одном со мной караване; он кочует вместе со мной. коштош- II 1. прощаться; түбөлүккө коштошуп калдык мы распростились навсегда; коштошордо на прощание; 2. желать добра; жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот погов. если подружишься с хорошим (человеком), то он до самой смерти будет желать тебе добра. коштош- III взаимн. откошто-; ат коштош- помогать вести (в поводу) лошадь.
этиш.1.Бир жакка жөнөөчү жана узатуучу тарабынан кош айтышуу. Колуна болот найза алып, Коштошуп турат жарына («Курманбек»). Коштошуп алып кетелик, Аяш атам Устага («Эр Табылды»).
2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («САЖИ»).
1. Бири-бири менен кош айтышуу, кош айтышып бөлүнүү. Батый Осмондун колун бекем кысып коштошту (Сасыкбаев). 2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу, дагы кайталабоо. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («Ала-Тоо»).
понуд. откош- V заставить присоединить; баш коштур- объединить, собрать вместе кого-л.; карылардын башын коштуруп, акыл сурадым созвал я стариков и попросил у них совета.
кошул I кошул-ташыл перемешанный, перепутанный; являющийся добавкой; кошул-ташыл бол- перемешаться, перепутаться; кошул-ташыл болуп жатат одно на другое набегает, одно другому мешает; и без того трудно, а тут ещё вдобавок; бир окуяга дагы бир окуя кошул-ташыл болуп жатат ещё не успело одно событие закончиться, как возникло другое; коноктордун үстүнө туугандар келип, кошул-ташыл болуп кетти помимо гостей ещё и родственники прибыли (и так было трудно, а тут ещё эти вдобавок); кошул-ташыл үндөр добавочные, дополнительные, примешавшиеся звуки; мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди всё (это) вместе подействовало на моё воображение и взволновало сердце. кошул- II возвр.-страд. откош- V присоединяться, соединяться; прибавляться; эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат погов. две горы не сойдутся, а два народа сойдутся; атадан кошул- сходиться родством в каком-л. поколении; ал экөөбүз же сегизинчи, же тогузунчу атадан кошулабыз наше с ним родство сходится в восьмом или в девятом (восходящем) поколении; жолдон кошул- 1) присоединиться, пристать в пути; 2) перен. временно примкнуть к кому-л. или к какому-л. течению, направлению; өлгөндөргө кошул- отправиться к праотцам.
Үстү-үстүнө кошулган, үстөкө-босток болгон, кошумчаланган. Чоң шар суунун киргенине кошул-ташыл болуп гудок да өзөндү жаңыртты (Бектенов). Кошул-ташыл күү менен комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо).
КОШУЛУУ КЕЛИШИМИ – шарттары формулярларда же башка стандарттуу тариздерде тараптардын бири тарабынан аныкталган жана башка тарап сунушталган келишимге негизинен кошулуу менен гана кабыл алуусу мүмкүн болгон келишим.
1. добавочный, прибавочный, дополнительный; побочный; добавка; добавление; кошумча продукт эк. побочный продукт; кошумча нарк эк. прибавочная стоимость; кошумча эмгек эк. прибавочный труд; кошумча докладчы содокладчик; 2. этн. помощь жениху при уплате им калыма или устроителю пира в его расходах; 3. этн. подарки, как часть калыма (от родителей жениха в первое его посещение родителей невесты; последние в свою очередь отдаривали родителей жениха, получая для этого помощь от своих родственников).
зат.1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, аны көбөйтүү, арбытуу үчүн керектелген бөлүк. Кошумча акы. Кошумча продукт. 2. Бирөөгө жардам катарында берилген ар кандай каражат. Берер кошумчабызды кечиктирбейлик (Сыдыкбеков).
¨ Кошумчанарк — капиталисттик коомдо жалданып иштеген жумушчулардын эмгеги аркылуу жумушчу күчүнүн наркынан ашык түзүлүп, бирок капиталисттердин өз пайдасына жумшалып кетүүчү нарк.
кошумча кошумча билим берүү (пед.) кошумча бурч (мат.) кошумча көбөйтүүчү (мат.) кошумча маани (лингв.) кошумча мүчө (лингв.) кошумча нарк кошумча продукт кошумча салмак (а. ч.) кошумча тармак (а. ч.) кошумча түстөр кошумча эмгек кошумча эмгек акы
1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, кошумчаланган бөлүк, нерсе же кандайдыр бир толуктоо. Карабек кошумча каражат табуу үчүн базарга ыктайт (Каимов). Кээ бир аялдардын нааразылыктары атасынын жемесине кошумча болду (Бейшеналиев). Мамбеткулдун сунушу Смандын кошумчасы менен бир добуштан кабыл алынды (Каимов). 2. Бирөөгө жардам катарында берилген, кошулган каражат, мал ж. б. Тойго кошумча. Ашка кошумча.
Дополнительная банковская платежная карта (Additional card) —Карта, использование которой позволяет владельцу банковского счета уполномочивать доверенное лицо проводить операции по его банковскому счету в пределах сумм и на условиях, установленных в договоре между эмитентом и владельцем банковского счета. При этом учет движения средств по основной и дополнительной картам банк ведет отдельно по каждой карте.
tabbed browsing (noun)
A function of some Web browsers that allows users to surf and view multiple pages by loading Web sites into sections (or tabs) of one page, rather than multiple pages.
КОШУМЧА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БАР КООМ – коомдун бир же бирнече мүчөсү тарабынын уюштурулган, уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтеринде аныкталгандай көлөмдөгү үлүштөргө бөлүнгөн коом. Мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомдун уюштуруучу документтеринде аныкталгандай өздөрүнүн мүлктөрү менен кошкон үлүштөрүнүн баасына карата баардыгы үчүн бирдей өлчөмдө тилектеш субсидиардык жоопкерчилик тартышат. Катышуучуларынын бири кудуретсиз болуп калган шарттарда, коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилдиги, эгер коомдун уюмдаштыруучу документтеринде бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаган болсо, калган катышуучулардын арасында кошкон үлүштөрүнө жараша түз катышта бөлүштүрүлөт. Коомдун фирмалык аталышы кошумча жоопкерчилик менен кошо коомдун аталышын, ошондой эле «кошумча жоопкерчиликтүү» деген сөздү өзүнө камтуусу тийиш. К. ж. б. к-го жарандык мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелери колдонулат. Юридикалык жактын уюмдаштырылган укуктук тариздеринин бири.
этиш. Толуктоо, үстүнө кошуу, кошумча кылуу, кошумча кошуу. Ал укпаганды угат, Укканына өзүнчө кошумчалап чыгат (Шүкүрбеков). Буга кошумчалай турган эч нерсе жок («САЖИ»)
Үстүнө кошуу, кошумча кылуу, толуктоо. Жыйган-терген оокатыбызга дагы кошумчалап, быйыл уулубузду үйлөнтөлү деп турабыз («Ала-Тоо»). Рудольф мурдагысын кайталап, кошумчалап, оозу тынбай айтып жатат (Баялинов).
КОШУМЧА НАРК – уюм тарабынан сатылган товар (көрсөтүлгөн кызмат) жана материалдардын баасы менен аны өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырмасы; түшкөн кайтарымга барабар. Өз ичине айлык акыга, капиталга, рентага жана кирешеге барабар үстөк пайызды камтыйт. Бул көрсөткүч кошумча нарк салыгын алуу үчүн колдонулат.
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.
КОШУМЧА ӨРГҮҮ – эмгек акысы сакталуу менен, жылдык өргүүсүнө кошумча бериле турган эсалуу күндөрү. Эмгек акысы сакталып, жыл сайын бериле турган кошумча өргүү зыяндуу жана кооптуу шартта иштеген жумушчуларга, өзгөчө мүнөздөгү иште иштегендерге, ченелбеген жумушчу күн менен иштегендерге, тоолуу шартта жана ага теңдештирилген жерлерде иштегендерге, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда берилет.
passphrase (noun)
A sequence of words or other text used to gain access to a network, program, or data. A passphrase is generally longer for added security.
add-on device (noun)
A device that is added to the base computer system to increase functionality, such as audio, networking, graphics, or SCSI controller.
КОШУМЧА ЧЫГЫМ – өндүрүштү уюштурууга, башкарууга жана тейлөөгө жумшалган чыгымдар. Албирдиктүү мүнөз күтөт, тактап айтканда, сарыптоонун аргандай экономикалык белгилерин камтып турат; өнөржайынан өнүмдөрдүн бирнече түрүн чыгарууда алардын арасында кыйыр ыкма боюнча бөлүштүрүлөт (м.: өндүрүш жумушчуларынын эмгек акысына кошумча төлөнбөгөн теңдештик; жумушчулар иштеген киши-саат ж. б.).
КОШУН — эпосто куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмесинен турган согуштук күчтү туюндурат. К-га синоним мааниде аскер, кол, черүү деген терминдер кеңири колдонулат. «Манас» эпосунун уюкту өзөк окуяларына караганда эл сүрөттөгөн тарыхый шарт тапсыз уруу түзүлүшүнүн эң жогорку баскычы — аскердик демократия учурун чагылдырат. Анткени, эпосто баяндалган кыргыздар уруу-уруу болуп жашашат. Ал уруулар согуштук уруу союзу аркылуу бир эл мүнөзүнө бириктирилген. Уруу мүчөлөрү тен укукташ, тең ата, алар тууган катары бири-бирине жардамдаш болууга милдеттүү. Мамлекет жана атайын башкаруу аппараты жок, туруктуу армия да жок. Элди, жерди ыйык деп түшүнүү, эл менен бирге болуу, өз жерин сырткы душмандардан коргоо эпостогу жеке каармандарга гана таандык эмес, жалпы мүнөздүү көрүнүш. Элдик ошол салтка ылайык Манас баатыр жалпы кыргыз урууларынын башчысы эсептелип, атайын кан шайланат. Анын карамагына түздөн-түз кырк чоро гана таандык. Ал эми колуна курал алууга жарактуу жоокерлер Манаска аскердик демократиянын негизинде гана мамилелеш болот. Алар адегенде өз уруу-башчы-кандарына баш ийип, ошолор аркылуу Манасты колдойт. Анткени, жоокерчилик доордун аскер тартиби зордукка же опузага таянбайт, ал ар бир аскер өзүнүн Ата мекенин коргоону, жоокердик ыйык милдетим деп эсептегенине таянат. Жоокерлик зарылдык болуп калган учурда Манас, анын кырк чоросу, тең ата уруу кандары жана тилектеш, талапташ казак, өзбек жана башкалар элдин өкүлдөрү өз К-дарын дароо чогултуп даяр болушат. «Манастын» мазмунун адилеттүү күрөш жана жеңиш идеясы түзгөндүктөн, анда кичине жана чоң масштабдагы согуш эпизоддору негизги орунду ээлейт. Айрыкча эпостун биринчи бөлүгүндө эң көп К. катышкан согуш аракеттери арбын. Мына ушул согуштарда эки тараптын тең жоокерлери өзүлөрүнүн чеберчилигине жараша онго, жүзгө, миңге бөлүнгөн согуштук стратегия менен тактиканын поэтикалык чагылышын көрөбүз. Чоң казатка аттанган кыргыз К-нун «Найзасы албарс учтуусу, Кылычы кыйла курчтуусу, Калканы болот дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү» (Сагымбай Орозбаков, 4. 294) болуп өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөндөй эле сырткы душмандар да согуш өнөрүн мыкты билген жоо куралдарын атууга, саюуга, чабууга өтө чебер келишет. Эпосто душман К-унун жалпы көрүнүшү:
Кылычы кыйла учтуусу,
Найзага артык курчтуусу,
Чалма уруучу балбаны,
Эчен түрлүү жаалары,
Кумурскадай калктары,
Түрдүү-түрдүү алптары.
Темир аркан торчону
Каптап уруш салды эми (Саякбай Каралаев, 1. 89),— деп баяндалат.
Поэтикалык бул саптардан көрүнүп тургандай кылыччандардын, найзакерлердин, чалма чалуучулардын, темир торчондор өз-өзүнчө өнөрүнө, аткаруучу милдетине карай оңго, жүзгө, миңге бөлүштүрүп, бир кишини он кишиге, башка бирөөнү миң кишиге башчы кылып дайындалышы тарыхый фактылар менен бирдей дал келет. Адатта согушту баштоочулар катарында манасчылар адегенде элдик баатырлардын каршысында турган жоо колун сүрөттөөдөн баштайт. Биринчи иретте душмандардын жер жайнаган К-ун баян кылат. Бул учурда көбүнчө сан жагынан душмандардын артыкчылыгы эскерилет. Бирок туура иш үчүн күрөшкөн кыргыздардын ар бир жоокер азаматы — баатыр, бири көпкө татыйт. Жалпы мүнөздөгү уруштун бир көрүнүшү сүрөттөлгөн учурда да:
Асаба желек жалпылдап,
Карап турсаң ушуну,
Кара кыргыз кошууну
Каптап кирип калганы
Жашы менен карганы
Жалпысы бура тартпастан
Жалпы кирип калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 338) көз алдыга тартылат.
«Тууну тууга урдуруп, айгай кулак тундуруп», салгылашуу жүрөт. Мындай көрүнүш Сагымбай Орозбаковдо басымдуу ошондой эле баяндалып жаткан ар бир кичине же чоң согуш окуялары жалпы салтка ылайык чыныгы эпикалык масштабда чечилет. Эпосто сырткы душмандарга каршы күрөшүүдө жеке гана кыргыз урууларынын биримдиги эмес, адилеттик, эркиндик үчүн баш кошкон тектеш түрк элдеринин жардам берүүчү күчүнүн таасири зор. Ошентип, «Манаста» чагылдырылган кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга казактар баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер (каракалпак, өзбек жана башкалар) жардамга келип, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Мындай согуштарда К-дардын урааны, жалпы максаты бир болуп күрөшүүнүн натыйжасында гана душмандын үстүнөн жеңишти камсыз кылып турушкан.
С. Алиев
Бири-бирине жакын, улагалаш жашаган адамдар, коңшу. Жаңы кошуналар менен тааныштык бекемделе берди (Бейшеналиев). Үч миң айры төө калды, Кошунам Кошой дөө калды («Манас»).
куюшканга чабылуучу кооздук. Ал — узуну 6—7 см, туурасы эки см «Н» тамгасы формасындагы кош шөкөт. Анын ортосунун узундугу эки смге, туурасы бир смге барабар. Чынында, «кошунду» деген термин мына ушундан калат. Муну кайышка алты мис мык аркылуу чаап бекитет. Ал эми «сүзмө», «солондор» эки «купа» бир эле жеринен чабылат. Куюшкандын аттын эки соорусуна түшүп, тогоого кирип-чыгып турган кайышка эки жерине чабыла турган сүйрүлөнгөн шөкөттү «солондор» дейбиз. Мунун, узуну болжолдо 5 смдей, туурасы 2,5 см дей болот.
Учет процентов по методу начисления (Accrual of Interest Costs) —Постоянное отражение в учете процентных расходов/доходов позволяет соотносить стоимость капитала с предоставлением капитала.
и. д. откош- V 1. прибавление, добавление; присоединение; 2. мат. сложение; топтоп кошуу сложение группами; 3. приказание, поручение; кошуусу менен муз. в сопровождении, под аккомпанемент; оркестрдин кошуусу менен в сопровождении оркестра.
I зат. Бири-бирине кошулуучу эки же бир канча сандын жалпы бирдиги канча болсо, ошончо сумма чыгаруучу математикалык амал жана ошол амалдын белгиси (+).
КОШУУIIкош этишинин кыймыл атоочу.
войско (обычно большое); жүзгө чейинкини "жасоо" дейт, миңге чейинкини "кол" дейт, миңден ашыгын "кошуун" дейт до ста (человек) называется "жасоо", до тысячи называется "кол", а свыше тысячи называется "кошуун"; басыз, чоролордун колу өтө көп, кол эмес кошуун болуптур войско (родов) басыз и чоро многочисленно, уже стало не кол, а кошуун.
Эки колдун алакандарын бириктирип, бири-бирине тийиштирип туруп манжаларын ичин көздөй ийгендеги абал, кочуш. Ашым бөдөнөгө карап «Байгеңе бир чоң кош уук тартуу беремин» дейт (Сыдыкбеков).
dock (noun)
A physical hardware unit that can connect portable computers to a power source and to peripherals, such as a monitor, printer, full-sized keyboard, or mouse. The connection can be wireless or physical.
Бир өңчөй мүчөлөрдөн мурда айтылган жалпылагыч сөздөн, чечме сүйлөмдөгү негизги сүйлөмдөн кийин жана тике сөздөн мурда айтылган төл сөздөн кийин колдонулуучу тыныш белги.
1. сопровождающий в пути; 2. (точнее ат кошчу) стремянный (на обязанности которого лежит уход за лошадьми в пути); атайлап кошчуң болбосо, жүгөнүң алып, атка бар погов. если у тебя нет стремянного, бери своё седло и иди к коню; жаманга башчы болгончо, жакшыга кошчу бол погов. чем быть начальником над дурными, лучше быть стремянным у хорошего; 3. пахарь.
I зат. Жол жүргөн адамдарды жандап, кызматын кылып жүрүүчү киши. Жетимиш жигит кошчу алып, Кулан атып, бөкөн кууп, Салбырынга барыптыр («Манас»). Алтымыш жигит кошчу алып, Манас ууга барыптыр («Манас»).
¨ Аткошчук. ат I. КОШЧУII зат. Кош айдоочу, кош айдоого катышуучу.
Жол жүргөн адамдарды, даражасы улууларды жандап, кызматын тейлеп жүрүүчү киши. Алтымыш баатыр кошчу алам, Аттанып өзүм жол чалып («Сейтек»). Акундун кызы Айчүрөк, Отуз кызды кошчу алды («Семетей»). Тепесин таштап сулатып Кара ниет түгөнгүр, Кошчуларын кубантып («Эл адабияты»).
Кош айдоочу, кош айдоо жумушун аткаруучу дыйкан. Кыргыз мамлекетинин уюткусу – кыргыз арасынан чыккан батрак, кедей дыйкан, кошчулар («Эркин тоо»). Чайрыкер менен кошчунун, Жашы болгон бир кезде (Турусбеков).
«Кокту-кокту кокту бел, Коктулай соккон шамал жел. Короолош жүрүп билбепмин, Кош этек кийген бураң бел» (Эл ыры). Бул — улуттук мүнөздү айкындаган, ак, сары, көк жибектен тигилген, кыргыздын кыз-келиндери кийишкен элдик кийимдин бир түрү. Бычылган көйнөктүн жакасынын кылда учу бир элидей бүйүрмөлөнөт да, төшү туюкталып, топчусу артына кадалат. Белине чак чыпталган анын этегинин учу жарым элидей кайрыла тигилет. Этегинен өйдө сөөмдөй, жазылыгы беш элидей бүйүрмөлөнгөн эки жеңи басса-турса желпилдеп, жарашыктуу көрүнөт. Илгери кош этек көйнөктүн этек-жеңдерин кызыл-тазылдоого айрыкча көңүл коюлган. Бүгүн Кыргыз театрлар союзунун өнөрканасынан маданий мекемелердин атайын тапшырмалары боюнча кош этек чыптамасы менен тигилүүдө. Анда улуттук бул форманы бычып-тигүүнүн элдик жол-жоболору ойдогудай сакталган. Үч-төрт кийимди бат кие коюш үчүн бир эле тигип, бир бүтүмдү түзгөн элдик кийимдин өзгөчөлөнгөн формасын тиккен уздар да бар. Ошондо шым, кемсел, чыптама өңдүү эркектердин формасын же кыздардын кош этегин, чыптамасын жана кемселин өз-өзүнчө чечпей, өз-өзүнчө кийбей, бир эле курдай үстүгө салып кетүүгө мүмкүнчүлүк болот. Андай кийим-кечелер мурдагы Москвадагы эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин Бүткүл союздук Көргөзмөсүнө коюлуп, күмүш медалына татыган.