КОШ I
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКойду айдоодо колдонулчу кош! сөзү да «кой» деген маани бериши мүмкүн. Анткени кош сөзү байыркы коч «кочкор» деген уңгунун акыркы тыбышы ш тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат. Малды айдоодо, чакырууда колдонулган сөздөрдүн көбү ошол жаныбардын атын билдирген сөздөр менен аталгандыктан кош! сөзү да «кой» деген маанидеги сөз дешке болот.