Киргизско-русский словарь Юдахина
1. добавочный, прибавочный, дополнительный; побочный; добавка; добавление;
кошумча продукт эк. побочный продукт;
кошумча нарк эк. прибавочная стоимость;
кошумча эмгек эк. прибавочный труд;
кошумча докладчы содокладчик;
2. этн. помощь жениху при уплате им калыма или устроителю пира в его расходах;
3. этн. подарки, как часть калыма (от родителей жениха в первое его посещение родителей невесты; последние в свою очередь отдаривали родителей жениха, получая для этого помощь от своих родственников).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, аны көбөйтүү, арбытуу үчүн керектелген бөлүк. Кошумча акы. Кошумча продукт.
2. Бирөөгө жардам катарында берилген ар кандай каражат. Берер кошумчабызды кечиктирбейлик (Сыдыкбеков).
¨ Кошумча нарк — капиталисттик коомдо жалданып иштеген жумушчулардын эмгеги аркылуу жумушчу күчүнүн наркынан ашык түзүлүп, бирок капиталисттердин өз пайдасына жумшалып кетүүчү нарк.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кошумча
кошумча билим берүү
(пед.)
кошумча бурч (мат.)
кошумча көбөйтүүчү
(мат.)
кошумча маани (лингв.)
кошумча мүчө (лингв.)
кошумча нарк
кошумча продукт
кошумча салмак (а. ч.)
кошумча тармак (а. ч.)
кошумча түстөр
кошумча эмгек
кошумча эмгек акы

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, кошумчаланган бөлүк, нерсе же кандайдыр бир толуктоо. Карабек кошумча каражат табуу үчүн базарга ыктайт (Каимов). Кээ бир аялдардын нааразылыктары атасынын жемесине кошумча болду (Бейшеналиев). Мамбеткулдун сунушу Смандын кошумчасы менен бир добуштан кабыл алынды (Каимов). 2. Бирөөгө жардам катарында берилген, кошулган каражат, мал ж. б. Тойго кошумча. Ашка кошумча.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дополнительная банковская платежная карта (Additional card) —Карта, использование которой позволяет владельцу банковского счета уполномочивать доверенное лицо проводить операции по его банковскому счету в пределах сумм и на условиях, установленных в договоре между эмитентом и владельцем банковского счета. При этом учет движения средств по основной и дополнительной картам банк ведет отдельно по каждой карте.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БАР КООМ – коомдун бир же бирнече мүчөсү тарабынын уюштурулган, уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтеринде аныкталгандай көлөмдөгү үлүштөргө бөлүнгөн коом. Мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомдун уюштуруучу документтеринде аныкталгандай өздөрүнүн мүлктөрү менен кошкон үлүштөрүнүн баасына карата баардыгы үчүн бирдей өлчөмдө тилектеш субсидиардык жоопкерчилик тартышат. Катышуучуларынын бири кудуретсиз болуп калган шарттарда, коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилдиги, эгер коомдун уюмдаштыруучу документтеринде бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаган болсо, калган катышуучулардын арасында кошкон үлүштөрүнө жараша түз катышта бөлүштүрүлөт. Коомдун фирмалык аталышы кошумча жоопкерчилик менен кошо коомдун аталышын, ошондой эле «кошумча жоопкерчиликтүү» деген сөздү өзүнө камтуусу тийиш. К. ж. б. к-го жарандык мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелери колдонулат. Юридикалык жактын уюмдаштырылган укуктук тариздеринин бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үстүнө кошуу, кошумча кылуу, толуктоо. Жыйган-терген оокатыбызга дагы кошумчалап, быйыл уулубузду үйлөнтөлү деп турабыз («Ала-Тоо»). Рудольф мурдагысын кайталап, кошумчалап, оозу тынбай айтып жатат (Баялинов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА НАРК – уюм тарабынан сатылган товар (көрсөтүлгөн кызмат) жана материалдардын баасы менен аны өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырмасы; түшкөн кайтарымга барабар. Өз ичине айлык акыга, капиталга, рентага жана кирешеге барабар үстөк пайызды камтыйт. Бул көрсөткүч кошумча нарк салыгын алуу үчүн колдонулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА ӨРГҮҮ – эмгек акысы сакталуу менен, жылдык өргүүсүнө кошумча бериле турган эсалуу күндөрү. Эмгек акысы сакталып, жыл сайын бериле турган кошумча өргүү зыяндуу жана кооптуу шартта иштеген жумушчуларга, өзгөчө мүнөздөгү иште иштегендерге, ченелбеген жумушчу күн менен иштегендерге, тоолуу шартта жана ага теңдештирилген жерлерде иштегендерге, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА ЧЫГЫМ – өндүрүштү уюштурууга, башкарууга жана тейлөөгө жумшалган чыгымдар. Албирдиктүү мүнөз күтөт, тактап айтканда, сарыптоонун аргандай экономикалык белгилерин камтып турат; өнөржайынан өнүмдөрдүн бирнече түрүн чыгарууда алардын арасында кыйыр ыкма боюнча бөлүштүрүлөт (м.: өндүрүш жумушчуларынын эмгек акысына кошумча төлөнбөгөн теңдештик; жумушчулар иштеген киши-саат ж. б.).