Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, кошумчаланган бөлүк, нерсе же кандайдыр бир толуктоо. Карабек кошумча каражат табуу үчүн базарга ыктайт (Каимов). Кээ бир аялдардын нааразылыктары атасынын жемесине кошумча болду (Бейшеналиев). Мамбеткулдун сунушу Смандын кошумчасы менен бир добуштан кабыл алынды (Каимов). 2. Бирөөгө жардам катарында берилген, кошулган каражат, мал ж. б. Тойго кошумча. Ашка кошумча.