кошул I кошул-ташыл перемешанный, перепутанный; являющийся добавкой; кошул-ташыл бол- перемешаться, перепутаться; кошул-ташыл болуп жатат одно на другое набегает, одно другому мешает; и без того трудно, а тут ещё вдобавок; бир окуяга дагы бир окуя кошул-ташыл болуп жатат ещё не успело одно событие закончиться, как возникло другое; коноктордун үстүнө туугандар келип, кошул-ташыл болуп кетти помимо гостей ещё и родственники прибыли (и так было трудно, а тут ещё эти вдобавок); кошул-ташыл үндөр добавочные, дополнительные, примешавшиеся звуки; мага баары кошул-ташыл болуп келип, таасирлентип, жүрөгүмдү козгоп жиберди всё (это) вместе подействовало на моё воображение и взволновало сердце. кошул- II возвр.-страд. откош- V присоединяться, соединяться; прибавляться; эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат погов. две горы не сойдутся, а два народа сойдутся; атадан кошул- сходиться родством в каком-л. поколении; ал экөөбүз же сегизинчи, же тогузунчу атадан кошулабыз наше с ним родство сходится в восьмом или в девятом (восходящем) поколении; жолдон кошул- 1) присоединиться, пристать в пути; 2) перен. временно примкнуть к кому-л. или к какому-л. течению, направлению; өлгөндөргө кошул- отправиться к праотцам.
Үстү-үстүнө кошулган, үстөкө-босток болгон, кошумчаланган. Чоң шар суунун киргенине кошул-ташыл болуп гудок да өзөндү жаңыртты (Бектенов). Кошул-ташыл күү менен комуз үнү шаңкылдап (Тоголок Молдо).
КОШУЛУУ КЕЛИШИМИ – шарттары формулярларда же башка стандарттуу тариздерде тараптардын бири тарабынан аныкталган жана башка тарап сунушталган келишимге негизинен кошулуу менен гана кабыл алуусу мүмкүн болгон келишим.
1. добавочный, прибавочный, дополнительный; побочный; добавка; добавление; кошумча продукт эк. побочный продукт; кошумча нарк эк. прибавочная стоимость; кошумча эмгек эк. прибавочный труд; кошумча докладчы содокладчик; 2. этн. помощь жениху при уплате им калыма или устроителю пира в его расходах; 3. этн. подарки, как часть калыма (от родителей жениха в первое его посещение родителей невесты; последние в свою очередь отдаривали родителей жениха, получая для этого помощь от своих родственников).
зат.1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, аны көбөйтүү, арбытуу үчүн керектелген бөлүк. Кошумча акы. Кошумча продукт. 2. Бирөөгө жардам катарында берилген ар кандай каражат. Берер кошумчабызды кечиктирбейлик (Сыдыкбеков).
¨ Кошумчанарк — капиталисттик коомдо жалданып иштеген жумушчулардын эмгеги аркылуу жумушчу күчүнүн наркынан ашык түзүлүп, бирок капиталисттердин өз пайдасына жумшалып кетүүчү нарк.
кошумча кошумча билим берүү (пед.) кошумча бурч (мат.) кошумча көбөйтүүчү (мат.) кошумча маани (лингв.) кошумча мүчө (лингв.) кошумча нарк кошумча продукт кошумча салмак (а. ч.) кошумча тармак (а. ч.) кошумча түстөр кошумча эмгек кошумча эмгек акы
1. Бир нерсенин үстүнө кошулган, кошумчаланган бөлүк, нерсе же кандайдыр бир толуктоо. Карабек кошумча каражат табуу үчүн базарга ыктайт (Каимов). Кээ бир аялдардын нааразылыктары атасынын жемесине кошумча болду (Бейшеналиев). Мамбеткулдун сунушу Смандын кошумчасы менен бир добуштан кабыл алынды (Каимов). 2. Бирөөгө жардам катарында берилген, кошулган каражат, мал ж. б. Тойго кошумча. Ашка кошумча.
Дополнительная банковская платежная карта (Additional card) —Карта, использование которой позволяет владельцу банковского счета уполномочивать доверенное лицо проводить операции по его банковскому счету в пределах сумм и на условиях, установленных в договоре между эмитентом и владельцем банковского счета. При этом учет движения средств по основной и дополнительной картам банк ведет отдельно по каждой карте.
tabbed browsing (noun)
A function of some Web browsers that allows users to surf and view multiple pages by loading Web sites into sections (or tabs) of one page, rather than multiple pages.
КОШУМЧА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БАР КООМ – коомдун бир же бирнече мүчөсү тарабынын уюштурулган, уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтеринде аныкталгандай көлөмдөгү үлүштөргө бөлүнгөн коом. Мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомдун уюштуруучу документтеринде аныкталгандай өздөрүнүн мүлктөрү менен кошкон үлүштөрүнүн баасына карата баардыгы үчүн бирдей өлчөмдө тилектеш субсидиардык жоопкерчилик тартышат. Катышуучуларынын бири кудуретсиз болуп калган шарттарда, коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилдиги, эгер коомдун уюмдаштыруучу документтеринде бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаган болсо, калган катышуучулардын арасында кошкон үлүштөрүнө жараша түз катышта бөлүштүрүлөт. Коомдун фирмалык аталышы кошумча жоопкерчилик менен кошо коомдун аталышын, ошондой эле «кошумча жоопкерчиликтүү» деген сөздү өзүнө камтуусу тийиш. К. ж. б. к-го жарандык мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелери колдонулат. Юридикалык жактын уюмдаштырылган укуктук тариздеринин бири.
этиш. Толуктоо, үстүнө кошуу, кошумча кылуу, кошумча кошуу. Ал укпаганды угат, Укканына өзүнчө кошумчалап чыгат (Шүкүрбеков). Буга кошумчалай турган эч нерсе жок («САЖИ»)
Үстүнө кошуу, кошумча кылуу, толуктоо. Жыйган-терген оокатыбызга дагы кошумчалап, быйыл уулубузду үйлөнтөлү деп турабыз («Ала-Тоо»). Рудольф мурдагысын кайталап, кошумчалап, оозу тынбай айтып жатат (Баялинов).
КОШУМЧА НАРК – уюм тарабынан сатылган товар (көрсөтүлгөн кызмат) жана материалдардын баасы менен аны өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырмасы; түшкөн кайтарымга барабар. Өз ичине айлык акыга, капиталга, рентага жана кирешеге барабар үстөк пайызды камтыйт. Бул көрсөткүч кошумча нарк салыгын алуу үчүн колдонулат.
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.
КОШУМЧА ӨРГҮҮ – эмгек акысы сакталуу менен, жылдык өргүүсүнө кошумча бериле турган эсалуу күндөрү. Эмгек акысы сакталып, жыл сайын бериле турган кошумча өргүү зыяндуу жана кооптуу шартта иштеген жумушчуларга, өзгөчө мүнөздөгү иште иштегендерге, ченелбеген жумушчу күн менен иштегендерге, тоолуу шартта жана ага теңдештирилген жерлерде иштегендерге, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда берилет.
passphrase (noun)
A sequence of words or other text used to gain access to a network, program, or data. A passphrase is generally longer for added security.
add-on device (noun)
A device that is added to the base computer system to increase functionality, such as audio, networking, graphics, or SCSI controller.
КОШУМЧА ЧЫГЫМ – өндүрүштү уюштурууга, башкарууга жана тейлөөгө жумшалган чыгымдар. Албирдиктүү мүнөз күтөт, тактап айтканда, сарыптоонун аргандай экономикалык белгилерин камтып турат; өнөржайынан өнүмдөрдүн бирнече түрүн чыгарууда алардын арасында кыйыр ыкма боюнча бөлүштүрүлөт (м.: өндүрүш жумушчуларынын эмгек акысына кошумча төлөнбөгөн теңдештик; жумушчулар иштеген киши-саат ж. б.).
КОШУН — эпосто куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмесинен турган согуштук күчтү туюндурат. К-га синоним мааниде аскер, кол, черүү деген терминдер кеңири колдонулат. «Манас» эпосунун уюкту өзөк окуяларына караганда эл сүрөттөгөн тарыхый шарт тапсыз уруу түзүлүшүнүн эң жогорку баскычы — аскердик демократия учурун чагылдырат. Анткени, эпосто баяндалган кыргыздар уруу-уруу болуп жашашат. Ал уруулар согуштук уруу союзу аркылуу бир эл мүнөзүнө бириктирилген. Уруу мүчөлөрү тен укукташ, тең ата, алар тууган катары бири-бирине жардамдаш болууга милдеттүү. Мамлекет жана атайын башкаруу аппараты жок, туруктуу армия да жок. Элди, жерди ыйык деп түшүнүү, эл менен бирге болуу, өз жерин сырткы душмандардан коргоо эпостогу жеке каармандарга гана таандык эмес, жалпы мүнөздүү көрүнүш. Элдик ошол салтка ылайык Манас баатыр жалпы кыргыз урууларынын башчысы эсептелип, атайын кан шайланат. Анын карамагына түздөн-түз кырк чоро гана таандык. Ал эми колуна курал алууга жарактуу жоокерлер Манаска аскердик демократиянын негизинде гана мамилелеш болот. Алар адегенде өз уруу-башчы-кандарына баш ийип, ошолор аркылуу Манасты колдойт. Анткени, жоокерчилик доордун аскер тартиби зордукка же опузага таянбайт, ал ар бир аскер өзүнүн Ата мекенин коргоону, жоокердик ыйык милдетим деп эсептегенине таянат. Жоокерлик зарылдык болуп калган учурда Манас, анын кырк чоросу, тең ата уруу кандары жана тилектеш, талапташ казак, өзбек жана башкалар элдин өкүлдөрү өз К-дарын дароо чогултуп даяр болушат. «Манастын» мазмунун адилеттүү күрөш жана жеңиш идеясы түзгөндүктөн, анда кичине жана чоң масштабдагы согуш эпизоддору негизги орунду ээлейт. Айрыкча эпостун биринчи бөлүгүндө эң көп К. катышкан согуш аракеттери арбын. Мына ушул согуштарда эки тараптын тең жоокерлери өзүлөрүнүн чеберчилигине жараша онго, жүзгө, миңге бөлүнгөн согуштук стратегия менен тактиканын поэтикалык чагылышын көрөбүз. Чоң казатка аттанган кыргыз К-нун «Найзасы албарс учтуусу, Кылычы кыйла курчтуусу, Калканы болот дөөлөрү, Ат көтөргүс жөөлөрү» (Сагымбай Орозбаков, 4. 294) болуп өзүнчө бөлүктөргө бөлүнгөндөй эле сырткы душмандар да согуш өнөрүн мыкты билген жоо куралдарын атууга, саюуга, чабууга өтө чебер келишет. Эпосто душман К-унун жалпы көрүнүшү:
Кылычы кыйла учтуусу,
Найзага артык курчтуусу,
Чалма уруучу балбаны,
Эчен түрлүү жаалары,
Кумурскадай калктары,
Түрдүү-түрдүү алптары.
Темир аркан торчону
Каптап уруш салды эми (Саякбай Каралаев, 1. 89),— деп баяндалат.
Поэтикалык бул саптардан көрүнүп тургандай кылыччандардын, найзакерлердин, чалма чалуучулардын, темир торчондор өз-өзүнчө өнөрүнө, аткаруучу милдетине карай оңго, жүзгө, миңге бөлүштүрүп, бир кишини он кишиге, башка бирөөнү миң кишиге башчы кылып дайындалышы тарыхый фактылар менен бирдей дал келет. Адатта согушту баштоочулар катарында манасчылар адегенде элдик баатырлардын каршысында турган жоо колун сүрөттөөдөн баштайт. Биринчи иретте душмандардын жер жайнаган К-ун баян кылат. Бул учурда көбүнчө сан жагынан душмандардын артыкчылыгы эскерилет. Бирок туура иш үчүн күрөшкөн кыргыздардын ар бир жоокер азаматы — баатыр, бири көпкө татыйт. Жалпы мүнөздөгү уруштун бир көрүнүшү сүрөттөлгөн учурда да:
Асаба желек жалпылдап,
Карап турсаң ушуну,
Кара кыргыз кошууну
Каптап кирип калганы
Жашы менен карганы
Жалпысы бура тартпастан
Жалпы кирип калганы (Сагымбай Орозбаков, 4. 338) көз алдыга тартылат.
«Тууну тууга урдуруп, айгай кулак тундуруп», салгылашуу жүрөт. Мындай көрүнүш Сагымбай Орозбаковдо басымдуу ошондой эле баяндалып жаткан ар бир кичине же чоң согуш окуялары жалпы салтка ылайык чыныгы эпикалык масштабда чечилет. Эпосто сырткы душмандарга каршы күрөшүүдө жеке гана кыргыз урууларынын биримдиги эмес, адилеттик, эркиндик үчүн баш кошкон тектеш түрк элдеринин жардам берүүчү күчүнүн таасири зор. Ошентип, «Манаста» чагылдырылган кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга казактар баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер (каракалпак, өзбек жана башкалар) жардамга келип, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Мындай согуштарда К-дардын урааны, жалпы максаты бир болуп күрөшүүнүн натыйжасында гана душмандын үстүнөн жеңишти камсыз кылып турушкан.
С. Алиев
Бири-бирине жакын, улагалаш жашаган адамдар, коңшу. Жаңы кошуналар менен тааныштык бекемделе берди (Бейшеналиев). Үч миң айры төө калды, Кошунам Кошой дөө калды («Манас»).
куюшканга чабылуучу кооздук. Ал — узуну 6—7 см, туурасы эки см «Н» тамгасы формасындагы кош шөкөт. Анын ортосунун узундугу эки смге, туурасы бир смге барабар. Чынында, «кошунду» деген термин мына ушундан калат. Муну кайышка алты мис мык аркылуу чаап бекитет. Ал эми «сүзмө», «солондор» эки «купа» бир эле жеринен чабылат. Куюшкандын аттын эки соорусуна түшүп, тогоого кирип-чыгып турган кайышка эки жерине чабыла турган сүйрүлөнгөн шөкөттү «солондор» дейбиз. Мунун, узуну болжолдо 5 смдей, туурасы 2,5 см дей болот.
Учет процентов по методу начисления (Accrual of Interest Costs) —Постоянное отражение в учете процентных расходов/доходов позволяет соотносить стоимость капитала с предоставлением капитала.
и. д. откош- V 1. прибавление, добавление; присоединение; 2. мат. сложение; топтоп кошуу сложение группами; 3. приказание, поручение; кошуусу менен муз. в сопровождении, под аккомпанемент; оркестрдин кошуусу менен в сопровождении оркестра.
I зат. Бири-бирине кошулуучу эки же бир канча сандын жалпы бирдиги канча болсо, ошончо сумма чыгаруучу математикалык амал жана ошол амалдын белгиси (+).
КОШУУIIкош этишинин кыймыл атоочу.
войско (обычно большое); жүзгө чейинкини "жасоо" дейт, миңге чейинкини "кол" дейт, миңден ашыгын "кошуун" дейт до ста (человек) называется "жасоо", до тысячи называется "кол", а свыше тысячи называется "кошуун"; басыз, чоролордун колу өтө көп, кол эмес кошуун болуптур войско (родов) басыз и чоро многочисленно, уже стало не кол, а кошуун.
dock (noun)
A physical hardware unit that can connect portable computers to a power source and to peripherals, such as a monitor, printer, full-sized keyboard, or mouse. The connection can be wireless or physical.