кошуна Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Бири-бирине жакын, улагалаш жашаган адамдар, коңшу. Арам пейил кишиге Айыл конбо кошуна (Осмонкул).
КОШУНА Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Бири-бирине жакын, улагалаш жашаган адамдар, коңшу. Жаңы кошуналар менен тааныштык бекемделе берди (Бейшеналиев). Үч миң айры төө калды, Кошунам Кошой дөө калды («Манас»).
КОШУНАЛЫК Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Кошунага таандык милдет, кошуналардын өз ара мамилеси. Кошуналык кылып үйгө көз сала туруңуз («Ала-Тоо»).