Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Азыркы кыргыз тилиндеги алты омоним сөздүн бири болгон бул сырдык сөз койду айдоодо, же бир жакка кайрууда айтылат. Ал эми түрк тилинде болсо бул сөз этиш түркүмүнө кирип, «чурка-, жүгүр-» деген маанини туюндурат (ТРС 1994:563). Ушуну эске алганда, айтуучунун эркин туюндурган жогорудагы сырдык сөздүн түпкү мааниси ачыла түшөт, тактап айтканда, кош! деп айтуу менен биз койго «чурка!, жүгүр!» деп буйрук беребиз.