Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кош кылуу, кошоктоо. Артыбыздан ат коштогон бала таскактатып жете келди («Ала-Тоо»). Айдай сары талаага, Атыңды коштоп жүргүлө (Калмырза). Сегиз азоону бири-бирине коштоп, Сейтказы менен Алыбай Ак-Күчүктүн талаасына кетишти. Күрөң уйга музоосун коштоп, сай менен ылдый көздөй айдап бараткан элек («Ала-Тоо»). 2. Кошо ээрчите басуу, өзү менен кошо алып жөнөө, ээрчитүү. Кожоюнду тумакчан киши унчукпай келип, колдон алып коштоду да, нары басты (Сасыкбаев). Балдар Абазды ортого коштоп, Сатарды көздөй алып барышты (Таштемиров). 3. өт. Бирөөнүн айткан пикирин, сөзүн колдоого алып кубаттоо, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). Бакен анын сөзүн коштоду (Каимов). Бири баштап, экинчисин коштоп ырдашты («Ала-Тоо»).