Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жамакчылар, ырчылар, акындар кимдир бирөөгө арнап ырдаса, ырга кошту деп коёбуз. Ошондон улам адам өлгөндө, кыз бергенде айтылган ырлар жалаң гана ошол кишиге арналат да, айтылган ырлар кошок аталат. Кош этишине зат атооч жасоочу -ак мүчөсү жалганып жасалган кошок сөзү «киши өлгөндө же кыз бергенде ырдалчу ыр» деген маани берип калган. Алтай тилиндеги буга уңгулаш кожоң сөзү, өзбек тилиндеги кошук, кара калпак тилиндеги косук сөздөрү жөн эле «ыр» деген маани берет.