Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Колдоо, кубаттоо, көтөрө чалуу, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). —Ал айтканың ырас, кагылайын,деп Анткор кайта Жапарды коштоп койду (Баялинов).
2. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кошо ала жүрүү. Максүт бир атты минип, бирөөнү коштой салып, жар, чаптуу тоону карай уюлгутуп көтөрүлө берди (Сасыкбаев). Надежда Сергеевнаны коштоп Дмитрий чоң сакал да келди (Сыдыкбеков).