Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Колдоо, кубаттоо, көтөрө чалуу, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). —Ал айтканың ырас, кагылайын,деп Анткор кайта Жапарды коштоп койду (Баялинов).
2. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кошо ала жүрүү. Максүт бир атты минип, бирөөнү коштой салып, жар, чаптуу тоону карай уюлгутуп көтөрүлө берди (Сасыкбаев). Надежда Сергеевнаны коштоп Дмитрий чоң сакал да келди (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. взять (лошадь) в качестве запасной (для смены или на убой при дальнем пути);
бир ат коштоп, бир ат минет он садится на одну лошадь, а другую берёт в качестве запасной;
2. вести лошадь в поводу так, чтобы она шла голова в голову с той, на которой сидишь, или взять за повод лошадь другого седока и вести;
коштоп
1) парами, попарно;
2) посменно, сменяя;
коштоп кий- надевать меняя (напр. шапку - одну дома, другую на людях);
3. перен. поддакивать, поддерживать чужое суждение;
ошону айтсаң, - деди абышкасынын сөзүн кемпири коштоп вот ведь как, - сказала старуха, поддакивая своему старику;
менин сөзүмдү жакшы коштодуң ты хорошо меня поддержал (букв. поддержал мои слова);
4. перен. вторить, подпевать; аккомпанировать;
бири баштап, бири коштоп ырдашат поют так, что один запевает, а другой подпевает.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнү экинчисинин жанына кошуу, жанаштыруу, кош кылуу, кошоктоо. Артыбыздан ат коштогон бала таскактатып жете келди («Ала-Тоо»). Айдай сары талаага, Атыңды коштоп жүргүлө (Калмырза). Сегиз азоону бири-бирине коштоп, Сейтказы менен Алыбай Ак-Күчүктүн талаасына кетишти. Күрөң уйга музоосун коштоп, сай менен ылдый көздөй айдап бараткан элек («Ала-Тоо»). 2. Кошо ээрчите басуу, өзү менен кошо алып жөнөө, ээрчитүү. Кожоюнду тумакчан киши унчукпай келип, колдон алып коштоду да, нары басты (Сасыкбаев). Балдар Абазды ортого коштоп, Сатарды көздөй алып барышты (Таштемиров). 3. өт. Бирөөнүн айткан пикирин, сөзүн колдоого алып кубаттоо, сүрөө. Карабектин бул кылыгы отургандардын бардыгына жаккандыктан, күүлдөгөн үндөрү менен коштоп жатышты (Жантөшев). Бакен анын сөзүн коштоду (Каимов). Бири баштап, экинчисин коштоп ырдашты («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШТОМО ДАЛИЛ – «экинчи колдон» алынган далилдер , м., өзү көрбөгөн, бирок бирөөнүн сөзүнөн улам билген күбөдөн алынган маалымат; документтин көчүрмөсүнүн же фотосүрөттүн, буюм далил калыбынын ж. б. жардамы аркылуу алынган далил.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШТОНДУ НУСКА – түпнуска менен юридикалык жактан бирдей күчкө ээ болгон (көчүрмөдөн айырмаланып), кандайдыр бир жазуу документинин экинчи же кийинки нускасы. Өзара бүтүм жасалганда, документ түпнускасы бир тарабына берилип калган учурларда даярдалат. Нотариалдык кеңседе документтин бир нускасы сакталса да, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн К. н берилет. Ал жарандардын, өзү же анын атынан күбөлөндүрүлгөн жеке жактардын арызы боюнча жоголгон документтердин коштондусу тапшырылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
коштоо I
1. и. д. от кошто-;
2. запасная верховая лошадь (при дальних переездах для смены или на убой);
колдун баарын аткарып, коштоосуна ат алып фольк. всё своё войско на коней посадив, запасных коней взяв;
коштоодон семиз бээ союп, өргүп жатып алышып фольк. зарезав жирную кобылу из запасных, они остановились на днёвку.
коштоо II
южн.
то же, что коштов.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кошто-
заставить вести (в поводу) запасную лошадь;
аттарын мага коштотту он дал мне вести своих запасных коней;
бир күлүктү мингизди, бир күлүктү коштотту фольк. на одного скакуна он посадил (его), а другого дал в качестве запасного;
өзүнүн атын бошотуп, жолдошуна коштотуп фольк. своего коня он освободил (слез с него) и поручил вести своему спутнику.

Киргизско-русский словарь Юдахина
коштош I
участвующий с кем-л. в караване, в перекочёвке;
ал менин коштошум он находится в одном со мной караване; он кочует вместе со мной.
коштош- II
1. прощаться;
түбөлүккө коштошуп калдык мы распростились навсегда;
коштошордо на прощание;
2. желать добра;
жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот погов. если подружишься с хорошим (человеком), то он до самой смерти будет желать тебе добра.
коштош- III
взаимн. от кошто-;
ат коштош- помогать вести (в поводу) лошадь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жакка жөнөөчү жана узатуучу тарабынан кош айтышуу. Колуна болот найза алып, Коштошуп турат жарына («Курманбек»). Коштошуп алып кетелик, Аяш атам Устага («Эр Табылды»).
2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («САЖИ»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бири менен кош айтышуу, кош айтышып бөлүнүү. Батый Осмондун колун бекем кысып коштошту (Сасыкбаев). 2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу, дагы кайталабоо. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («Ала-Тоо»).