Киргизско-русский словарь Юдахина
коштош I
участвующий с кем-л. в караване, в перекочёвке;
ал менин коштошум он находится в одном со мной караване; он кочует вместе со мной.
коштош- II
1. прощаться;
түбөлүккө коштошуп калдык мы распростились навсегда;
коштошордо на прощание;
2. желать добра;
жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот погов. если подружишься с хорошим (человеком), то он до самой смерти будет желать тебе добра.
коштош- III
взаимн. от кошто-;
ат коштош- помогать вести (в поводу) лошадь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир жакка жөнөөчү жана узатуучу тарабынан кош айтышуу. Колуна болот найза алып, Коштошуп турат жарына («Курманбек»). Коштошуп алып кетелик, Аяш атам Устага («Эр Табылды»).
2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («САЖИ»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бири-бири менен кош айтышуу, кош айтышып бөлүнүү. Батый Осмондун колун бекем кысып коштошту (Сасыкбаев). 2. Биротоло токтотуу, экинчи кайрылбас, жанбас болуу, дагы кайталабоо. Тамеки менен биротоло коштоштум («Ала-Тоо»). Бул иш менен эртең биротоло коштошуп, биротоло тыныша турган болдук («Ала-Тоо»).