Кошкурук атуу, кошкурук салуу. Ашырдын аты кошкуруп жалт берди (Сасыкбаев). Токтогул жакындаганда бээ жер чапчып дагы кошкурду (Токомбаев). Жылкылар кошкуруп-бышкырып жер чапчый баштады (Убукеев).
Жылкынын бир нерседен чочуганда, үрккөндө чыгарган дабышы, бышкырыгы. Азоолордун таноолору дердеңдеп, кошкурук атып, жалт кайра бурулушту («Жаш ленинчи»).