Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. комплимент, лесть; подхалимство; лицемерие;
кошомат кыл- льстить, подлизываться;
кошомат кой сойдурат или кошоматка кой соёт погов. подхалимство заставляет овцу резать (чтобы угодить);
2. уважение, почёт;
кээ бирөөн карасаң, кошоматка ат берди фольк. на иных посмотришь - дали (им) коней, чтобы почтить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүүнүн аракети, ошондой максатты көздөгөн мамиле. Кошомат кылуу жойпулук, Кор кылар бир күн сени алдап (Бөкөнбаев). Кошоматка бай берчү, Кысыр эмдүү тайлардан (Калык).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев). Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев). Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жагынуу, жакшы көрүнүү үчүн кошомат кылганды, кошоматтанганды жакшы көргөн адам. Кошоматчы кууларды Кондурба да түнөтпө (Токтогул). Кошоматчылардын бардыгы бет-бетинен качып жоголгон (Жантөшев).