КОШОМАТКА КОЙ СОЮУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнүн алды-үстүнө түшүп жасакерленүү, жагынууга аракеттенүү. Эсир артынан түшкөндөргө мамиле менен жагып, марттык менен таанышып, кошоматка кой союп кутулуп жүрдү (Осмоналиев). Хан Дыйканбай үйүндө жүргөнүңдү ырдадың, Кошоматка кой союп, Күлгөнүңдү ырдадың (Токтогул).