КОШ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Эки түгөй, эки даана, жуп. Болоттон кылган чоюн баш, Кош колдоп кармап имерди («Манас»). Кош тараптан шаштырып, Колдорун сунуп маш кылып («Эл адабияты»). Жүргүнчүлөр отургандардан кийин, кош моторлуу машина абага көтөрүлдү (Жантөшев). Кош ууч арпа азыгым, Музоо багар жазыгым («Манас»). 2. Кош өгүз чегилген, б.а. эки өгүздүү соко, ал соко менен жер айдоо. Жер айдоо маалы. Кош айдап жаткан кез (Элебаев). Алайда кыш узак болот да, кош кеч чыгат (Жантөшев). Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт (макал).