КОШ-САЛАА
Энциклопедия "Манас". ч.1.КОШ-САЛАА — топоним. Кытай манжулардын жери. Алмамбет менен Сыргак Бээжинди бет алып чалгынга бара жатканда:
Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,
Кош-Салаа деген жер ошол.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Бекитип жаткан бел ошол,
Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),
— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.
Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,
Кош-Салаа деген жер ошол.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Бекитип жаткан бел ошол,
Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),
— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.