Киргизско-русский словарь Юдахина
1. сопровождающий в пути;
2. (точнее ат кошчу) стремянный (на обязанности которого лежит уход за лошадьми в пути);
атайлап кошчуң болбосо, жүгөнүң алып, атка бар погов. если у тебя нет стремянного, бери своё седло и иди к коню;
жаманга башчы болгончо, жакшыга кошчу бол погов. чем быть начальником над дурными, лучше быть стремянным у хорошего;
3. пахарь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жол жүргөн адамдарды жандап, кызматын кылып жүрүүчү киши. Жетимиш жигит кошчу алып, Кулан атып, бөкөн кууп, Салбырынга барыптыр («Манас»). Алтымыш жигит кошчу алып, Манас ууга барыптыр («Манас»).
¨ Ат кошчу к. ат I.
КОШЧУ II зат. Кош айдоочу, кош айдоого катышуучу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жол жүргөн адамдарды, даражасы улууларды жандап, кызматын тейлеп жүрүүчү киши. Алтымыш баатыр кошчу алам, Аттанып өзүм жол чалып («Сейтек»). Акундун кызы Айчүрөк, Отуз кызды кошчу алды («Семетей»). Тепесин таштап сулатып Кара ниет түгөнгүр, Кошчуларын кубантып («Эл адабияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кош айдоочу, кош айдоо жумушун аткаруучу дыйкан. Кыргыз мамлекетинин уюткусу – кыргыз арасынан чыккан батрак, кедей дыйкан, кошчулар («Эркин тоо»). Чайрыкер менен кошчунун, Жашы болгон бир кезде (Турусбеков).