КОШОК І
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кара кошок сөз менен Кайгыңды тартып ыйладым (Тоголок Молдо). Чачты жазып коюп, күнүгө үч маал кошок айтып үн салып ыйлашым керек (Убукеев). Атанга жүгүн арттырып, Алтымыштай катынга, Тегиз кошок айттырып («Манас»).